# Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 33 "Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 "Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 33 "Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 "Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029774>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43369/edition/35241/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029774.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 33 "Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 "Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (25.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029774

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 25-июну № 33

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 "Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарынын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентинин негизинде, "Эмгек" фракциясынын катынын, Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2025-жылдын 25-июнундагы № 3 Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2025-жылдын 25-июнундагы № 3 Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу бекитилсин.

2. Досалиев Эльмир Акуналыевич Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын.

3. 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 "Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизилип, 2-пунктту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"2. Досалиев Эльмир Акуналыевич Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын".

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага

Б. Усеналиев
