Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Өзүн өзү көтөрүүчү капталмаланган зымдарды (ӨӨККЗ) тейлөө үчүн ишкерсандардын санынын ченемдери жана КЗАЧ (капталмаланган зымдуу аба чубалгыларынын) шарттуу бирдиктерин эсептөө үчүн ченемдери (Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлигинин буйругу менен бекитилди)
Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлигинин Буйругуна Тиркеме «25»_07__ 2025-ж. № 14 - 10
Өзүн өзү көтөрүүчү капталмаланган зымдарды (ӨӨККЗ) тейлөө үчүн ишкерсандардын санынын ченемдери жана КЗАЧ (капталмаланган зымдуу аба чубалгыларынын) шарттуу бирдиктерин эсептөө үчүн ченемдери
БИШКЕК 2025
Шарттуу кыскартуулар
Кыскартуу
Термин
АЧ
Аба чубалгылары
КЗАЧ
Капталмаланган зымдуу аба чубалгысы
КЗЧ
Каптама зымдуу чубалгылар
ЖТКЧ
Жыйнактуу трансформатордук көмөк чордон
ЭЛ
Электр линиясы
«КУЭТ» ААК
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому
ИЖД
Иш жүргузүү долбоору
КЭ
Коопсуздук эрежелери
ТИЭ
Кыргыз Республикасынын электр станцияларын жана тармактарын техникалык эксплуатациялоо эрежелери
ӨӨККЗ
Капталмаланган өзүн көтөрүүчү зым
ККМШ
Көз Карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги
ККЭ
Курулуш коддору жана эрежелери
ТКЧ
Трансформатордук көмөк чордон
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Бул ченемдер тейлөөчү кызматкерлердин зарыл болгон санын эсептөө үчүн арналган: инженердик-техникалык кызматкерлердин - жетекчилердин, инженерлердин, устаттардын; КЗАЧтарды тейлөөчү жана оңдоочу жумушчу электрэпкерлердин,өзүн-өзү көтөрүүчү (ӨӨККЗ-2-3-4) капталмаланган зымдуу аба электр өткөрүү чубалгыларын тейлөө жана иштетип пайдалануу менен алектенген автомобилдик гидравликалык көтөргүчтөрдүн машинист-айдоочуларынын, жана капталмаланган зымдуу аба электр беруу чубалгысынын (КЗАЧ) шарттуу бирдиктерин эсептөө жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ишканаларында колдонууга милдеттүү.
2. Бул ченемдер Институттун изилдөөлөрүнүн натыйжаларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архитектура жана курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин бекитилген жыйнактарына негизделген, жанаКыргыз Республикасынын Энергетика министирлигинин 2023-жылдын 22 мартындагы № 01-13\70 токтому менен бекитилген“0,4-35 кВ чыңалуусундагы аба жана каптама зымдуу чубалгысын, трансформатордук көмөкчордондорду жана бөлүштүрүүчү жайларды ондоонун жана тейлөөнүн убакыт ченемдери”не толуктоочу болуп саналат.
3. Сандык ченемдерди иштеп чыгуу фотохронометраждык байкоолорго, жумушчулардын иш жүзүндөгү саны жана алардын аткарган жумуштарынын көлөмү жөнүндө уюмдардын маалыматтарына, ошондой эле жумушту аткаруунун жана жумушчулардын эмгегин уюштуруунун уюштуруу-техникалык шарттарын изилдөөлөрүнүн материалдарына; эмгек боюнча ченемдик материалдарга жана башка ыкмалык материалдарды иштеп чыгуу боюнча ыкмалык сунуштарга негизделет.
4. Ченемдик материалдар төмөнкүдөй иштерди аткарган кызматкерлердин санын аныктоого мүмкүндүк берет:
- капталмаланган зымдуу аба чубалгысын (КЗАЧты) куруу, орнотуу жана оңдоо боюнча оңдоо-курулуш иштери;
- КЗАЧтарды техникалык тейлөө.
5. Ченемдер өзүн өзү көтөрүүчү капталмаланган зымдар (ӨӨККЗ) менен электр тармактарын оңдоп-түзөө, куруу жана тейлөө боюнча техникалык тейлөөчү ишкерсандарды керектүү шаймандар, аспаптар жана ыкташтырмалар, атайын техникалар менен камсыздоо ченемдерин жана жумуштун мүнөзүн эске алуу менен, аба ырайынын жана температуралык иш тартиптерин жана жумуштарды аткаруунун эң көп таралган кадимкидей шарттарына белгиленет, булардан өзгөчөлөнгөн убактарда таталдашуунун тийиштүү көмөкчоңдуктарын колдонуу керек.
6. Тейлөөчү бөлүмдөр боюнча жумушчулардын саны электр тармактарынын көлөмүнө жана ар бир бөлүм боюнча жылдык болжомдолгон иштердин көлөмүнө, ӨӨККЗларды Техникалык иштетип пайдалануу эрежелерине, заводдук нускамаларга ылайык техникалык тейлөөлөрүнүн ченемдерине, жана мезгилдүүлүгүнө ылайык, ишкерсандардын ишке туура жана толук жүктөлүшүн жана аткарылуучу иштердин тиешелүү сапатын камсыз кылуусун эсепке алуу менен аныкталат. Жумушчулардын санын болжомдоо мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, бөлүктөрдөн, иш бөлмөлөрүнөн, имараттардан, кызматтардан, өндүрүштөрдөн башталып, башкаруу аппаратынын бөлүмдөрүнөн аякташы керек.
7. Көрсөтүлгөн сандардын маанилеринин берилген чектеринин "чейин" дегенин "камтыйт" деп түшүнүү керек.
8. Ченемдерде каралган эмгекти уюштуруу, жумуштун технологиясы, машиналар, жабдуулар жана башкалардын кыйла жаңыларын жана алдыңкыларын пайдаланган учурда, аларга ылайык жергиликтүү ченемдер белгиленген тартипте иштелип чыгарылып жана бекитилүүгө тийиш.
2-бөлүм. Эмгекти уюштуруу
9. КЗАЧтардагы оңдоочу-иштетип пайдалануучу жумуштарды аткарган учурдагы эмгекти уюштуруу түрү 0,4-35 кВ АЧдагы эмгекти уюштуруу түрү менен бирдей.
10. КЗАЧтарды тейлөө өзүнө техникалык тейлөөлөрдү жана оңдоолорду камтыйт.
11. Техникалык тейлөө учурунда төмөндөгү жумуштар аткарылат: - КЗАЧтарды карап текшерүү, түркүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн текшерүү, көзөмөлдөөчү өлчөөлөр, өлчөөлөр жана сыноолор, зымдарды жана арматураларды текшерүү, зарыл болгон учурда кээ бир жумуштар аткарылат (трассаларды өскөн бак-дарактардан тазалоо, түркүктөрдүн айрым бузулган бөлүктөрүн алмаштыруу, түркүктөрдү түздөө жана бекемдөө, зымдарды тартып чыңдоо, жердетме өткөргүчтөрүн, капкакчалардын кыскычтарындагы бузулган каптарын, кырчоолордун каамыттарын, бекитүүчү тасмаларды ж.б. алмаштыруу).
12. Оңдоолор учурунда жыгач түркүктөрү менен болгон КЗАЧтарда 6 жылда бирден кем эмес жолу жана темир-бетон түркүктөрү менен жасалган КЗАЧтарда 12 жылда бирден кем эмес жолу айрым жараксыз түркүктөрдү алмаштыруу, түркүктөрдөгү бекиткичтерди (омоктук, учтук) оңдоо же алмаштыруу, трассадагы жана имараттарга кеткен бутактама зымдарды ондоо иштери жүргүзүлөт.
13. Ишкерсандын санын эсептөөдө КЗАЧтын техникалык иштетип пайдалануу Эрежелеринин негизиндеги болжомдуу оңдоолор жана кезектеги болжомдук оңдоолорго чейин бузулууларды жоюу жана анын иштөө мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү үчүн жүргүзүлгөн оңдоолор жана оңдоо аралыгындагы тейлөөлөр эске алынат. Мындай эсептөөдө КЗАЧтын саны жана курамы, оңдоо иш жүрушүнун түзүмү, оңдоонун түрү жана татаалдыгы, КЗАЧтын ондолуп (тейленип) жаткан ар бир түйүнүнүн оңдоолорунун жана тейлөөлөрүнүн оңдоодогу ар бир баскычындагы эмгек сыйымдуулугу, КЗАЧТын оңдоолорунун жана тейлөөлөрүнун жылдык болжомунун негизинде жумуштун иш тартибинин жана жумуш убактысынын катышуу (келип берүү) фондусу эске алынат.
3-бөлүм. Ишкерсандардын санын эсептөө ыкмалары
§ 1. Техникалык тейлөө жана оңдоо иштеринин жылдык көлөмүнүн негизинде ишкерсандын санын эсептөө (эмгек сыйымдуулугу)
14. КЗАЧ электр тармактарын тейлөө жана оңдоо менен алектенген электр эпкерлердин ченемделген (болжомдук) саны төмөнкү формула менен аныкталат:
Ч = Тэл:Ф, адам; мында, Ф – бир жумушчунун бир жылдык иш убактысы саат менен. Тэл – иштетип пайдалануудагы КЗАЧтардын жыйындылык көлөмүн тейлөө жана оңдоо иштеринин адам-сааттагы жалпы жылдык эмгек сыйымдуулугу
Тэл = ,бирдик,
мында,Нт – жабдуулардын бирдигин тейлөөгө болгон ченемдик эмгек сыйымдуулугу (1 км КЗАЧка); n – окшош жабдуулардын, электр чубалгысынын саны (СИП - 0,4 кВ же СИП - 6-10 кВ); m – жабдуулардын түрлөрүнүн саны, КЗАЧ (0,4 кВ, 6-10 кВ)
15. Техникалык тейлөө жана оңдоо иштери менен алектенген кызматкерлердин штаттык саны (кызматкерлердин эмгек өргүү мезгилинде, ооруп калганда жана башка болжомдуу ишке чыкпай калууларын эске алгандагы кызматкерлердин саны) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Чшт = Чн*Кн, бирдик, Мында, Кн - жумушчулардын эмгек өргүүсүндө, ооруп калганда жана башка мезгилдеги болжомдуу ишке чыкпай калышын эсепке алган көмөкчоңдук, төмөнкү формула менен аныкталат:
мында, болжомдолгон ишке чыкпай калган күндөрдүн пайызы (%) бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча аныкталат.
16. Кызматкерлердин тизмелик саны ишканада катталган бардык кызматкерлерди камтыйт:
Чсп = Чя* Ксп, мында, Kсп - өндүрүштүк календарга ылайык ишкананын жумуш убактысынын жеке кызматкердин иштөө убактысына болгон катышына барабар болгон ишке катышуучулардын санын тизмеликке келтирүү көмөк чоңдугу, Чя - ишке катышкандардын саны – үзгүлтүксүз өндүрүш иш жүрүшун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жумушчулардын эң аз саны.
17. КЗАЧтарды оңдоо жана тейлөө менен алектенген жумушчулардын орточо тизмектүү саны (отчеттук жылдын бардык айларындагы жумушчулардын тизмектүү сандарын кошуу жана алынган жыйындыны 12 айга бөлүү жолу менен аныкталат) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында, rk, rа, rс – толук, орто жана учурдагы оңдоо иштеринин убакыт ченемдери, адам/саат менен; -Rк,Rа,Rс, - жыл ичинде толук, орто, учурдагы оңдоо иштерине жана техникалык тейлөөгө дуушар болгон жабдуулардын жалпы саны;
- kсn – ишке катышкандардын саны менен кызматкерлердин тизмектеги санына келтирүү көмөкчоңдугу (кадрлар бөлүмүнүн Tрвп/Tрвор орточо жылдык маалыматтары боюнча аныкталат, Tрвп - ишкананын иштөө убактысы, Трвор - жеке кызматкердин өргүү иш күндөрүн алып таштагандагыиштөө убактысы);
- kn – ченемдерден ашыкча иштетүү көмөкчоңдугу (кадрлар бөлүмүнүн орточо жылдык маалыматтары боюнча);
- Ftm – бир кызматкерге эсептелинген иш убактысынын жылдык ченемдик фонду (Кыргыз Республикасынын Социалдык эмгек министрлиги тарабынан жыл сайын эсептелет).
- kn*Ftm – ашыкча иштөө убакыттары эсепке алынган бир жумушчунун жылдык жумуш убактысы.
18. Бир кызматкердин орточо жылдык иш убактысы төмөнкүчө аныкталат:
,
мында, dс - жылдагы календардык күндөрдүн саны (365); dh- эс алуу күндөрүнүн саны (104); dod –майрамдык күндөрдүн саны (14); dvp–эмгектик өргүү күндөрүнүн саны (24 жумушчу күн); t - жумушчу күндүн орточо узактыгы (8 саат); plwt - жүйөлүү себептер боюнча жумуш убактысын жоготууну эсепке алуучу көмөкчоңдук 0,95ке барабар; dphd - майрам алдындагы кыскартылган күндөрдүн саны (13 күн); tphd-майрам алдындагы күндүн кыскартылган сааттары(1саат); Натыйжада орточо жылдык жумуш убактысы төмөнкүгө барабар болот:
19. КЗАЧтарды иштетип пайдаланууну (оңдоочулук-техникалык тейлөөлөрдү) жүзөгө ашыруучу жумушчулардын санын эсептөөдө курулмалардын аймактар боюнча чачыранды жайгашынан улам жол жүрүү үчүн жумуш убактысынын жоготууларын эске алуу зарыл, бул 0,4-6-10-35кВ бөлүштүрүүчү тармактарындагы эмгек убактысынын 10-15% түзөт, орточо жүрүү ылдамдыгы 18-20 км/саат жана орточо тейлөө радиусу 25 кмге чейин алынганда.
Мында 1 км2 ги тармактардын жыштыгын да эске алуу зарыл, анткени тармактардын тыгыздыгы канчалык көп болсо, өндүрүмсүз чыгымдар ошончолук азыраак болот, б.а., жол жүрүүдөгү жумуш убактысын жоготуу, бул учурда саз, токой, жана ушул сыяктуу тоскоолдуктарды эсепке албаганда. Ошондой эле, курулмалардын тышта жайгашкандыгына байланыштуу климаттык жана жагымсыз аба ырай кырдаалдарынын таасирлерин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, ишкерсандын санына жумуштарды механизациялоонун деңгээли да таасирин тийгизет. Ишкерсандардын салыштырмалуу санынын жумуштарды механизациялаштыруудан көз карандылыгы ар 100 кишиге эсептелген машиналардын саны менен өлчөнөт.
20. Ишкерсандардын салыштырмалуу санынын электр тармактарынын тыгыздыгына көз карандылыгы орнотулган жабдуулардын 100 шарттуу бирдигине карата болгон кызматкерлердин саны менен өлчөнөт.
21. Электр тармактарынын тыгыздыгы (1км2ге шарттуу бирдиктерге көрсөтүлгөн электр тармагын тейлөө боюнча жумуштардын көлөмү) курулмалардагы иштин топтолушун жана алардын тейлөө базаларынан алыстыгын аныктайт, натыйжада КЗАЧ тармактарынын тыгыздыгы жогорулаган сайын өндүрүмсүз жумуш (жолдо жүрүүдөгү жумуш убактысын жоготуу, башка жерге которуу жаңы курулмада ишти уюштуруу жана башкалар) убактысы кыскарат.
22. Ишкерсандын санын эсептөөдө аларды иштеген жерине жеткирүүгө, даярдоо жана жыйынтыктоо иштерине жана жумуш ордун тейлөөгө (жумуш ордуна жеткирүү, ишке киргизүүгө иштак кагаздарды тариздөө, шаймандарды, ыкташтырмаларды даярдоо жана кабыл алууга, жабдыктарды жана ыкташтырмаларды орнотуу жана чечүү, жүктөп-түшүрүү жумуштары, жумуш ордун тазалоо, насааттама берүү ж.б.) кеткен убакыттарды эске алуу зарыл, бул убакытка кеткен чыгымдарды Кдп жеткирүүнүн жана даярдоонун ирилештирилген көмөкчоңдугу менен аныкталышы мумкун.
Ишкерсанды жумуш ордуна жеткирүүгө жана транспорт каражаттарын жылдырууга кеткен орточо статистикалык убакыт күнүнө 2 саатка жакын, башкача айтканда 8 сааттык жумуш күнүн алганда, иштин түздөн-түз өндүрүмдүү убактысы, башкача айтканда пайдалуу жумуш убактысы 8-2 = 6 саатты түзөт, ошондуктан жеткируу менен даярдоонун ирилештирилген көмөкчоңдугу Kдп = 8 : 6 = 1,33 болот .
23. 0,4-20кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарында жумушка кеткен убакыттардын өлчөөлөрүнүн маалыматтары боюнча эсептелген ондоочу жана тейлөөчү ишкерсандардын жайгашкан жеринен жумуш ордуна чейинки аралыкта жумушчулардын жол жүрүүсүнө кеткен эмгек чыгымдарын эсепке алган Kдп көмөкчоңдугу колдонулат:
1-санирээтки
Оңдоочу ишкерсандар жайгашкан жерден курулмага чейинки орточо аралыгы, км
Кдп көмөкчоңдугунун мааниси
5ке чейин
1,06
5 - 10
1,1
10 - 15
1,14
15 - 20
1,18
20 - 25
1,22
25тен ашык
1,26
Бул учурда аралыкты жолдор менен аныктоо керек, жана эң жакын, жана эң алыс курулма менен, бул курулманы тейлеген бөлүмдүн оңдоочу жайынын ортосундагы - орто бөлүгүндө жайгашкан орточо аралык эсепке алынат. Ошондой эле жолдун бетине жана жылдын мезгилине жараша жумушчулардын иштеген жерине баруу убактысын да эске алуу зарыл:
2-санирээтки
Жүрүү аралыгы (орточо тейлоо радиусу, км)
Жайында
Кышында
Шоссежолу (V=45 км/с)
Кара жолу (V=15 км/с)
Чубалгы-нын трассасыбоюнча (V=15 км/с)
Шоссе жолу (V=45 км/с)
Кара жол (V=30 км/с)
Чубалгы-нын трассасыбоюнча (V=15 км/саат)
5
0,11
0,16
0,33
0,12
0,20
0,50
10
0,22
0,33
0,66
0,25
0,4
1,0
15
0,33
0,5
1,0
0,37
0,6
1,5
20
0,45
0,66
1,34
0,5
0,8
2,0
25
0,55
0,83
1,66
0,62
1,0
2,5
30
0,67
1,0
2,0
0,75
1,2
3,0
35
0,78
1,16
2,33
0,88
1,4
3,5
40
0,89
1,33
2,66
1,0
1,6
4,0
45
1,0
1,5
3,0
1,12
1,8
4,5
50
1,11
1,66
3,33
1,25
2,0
5,0
24. Жумушту аткарууга кеткен эмгек убактыларынын эсептөөлөрү кадимкидей аба ырай - климаттык шарттарда жана электр тармактарынын ыңгайлуу географиялык жайгашуусунда жүргүзүлөт. Эгерде электр тармактары татаал географиялык, табигый-климаттык шарттары же эмгек өндүрүмдүүлүгүн төмөндөтүүчү башка татаалдаткан өндүрүштук кырдаалдарда, жумуштун тигил же бул түрүн аткарууга кеткен убакытты көбөйтүүчүү аймактарда жайгаштырылса, мындай жерлерде жана шарттарда КЗАЧтардагы жумуштардын айрым түрлөрүн аткарууга кеткен убакытты эсептөө, татаал географиялык-климаттык шарттарда, ошондой эле башка татаалдаштырган өндүрүш кырдаалдарында, 3- санирээткиде келтирилген татаалдашуунун (аймактык) түзөтүүчү Ку көмөк чоңдугун колдонуу менен жүргүзүлөт:
3-санирээтки
№ к/м
Ишти аткаруу шарттары
Ку түзөтүү көмөкчоңду- гунун мааниси
Ку көмөкчоңдугу колдонуулучу жумуштар
1
Саздуу жерлер
1,4
Нвс01-02-08-(01-02); 01-02-12; 01-02-13(01-04); 01-02-18; 02-02-04-05;02-02-06; 02-02-08; 02-02-09; 02-02-10; 02-02-11-01(02-04).
2
Бадалдуу жерлер
1,3
Нвс01-02-07-(01-02); 01-02-08-(01-02); 01-02-12; 01-02-13(01-04); 01-02-18; 02-02-04-05;02-02-06; 02-02-08; 02-02-09; 02-02-10; 02-02-11-01(02-04).
3
Борпон айдоо жерлер, алашалбырт (жылдын мезгилине карабастан акт менен таризделет)
1,3
Нвс01-02-07-(01-02); 01-02-08-(01-02); 01-02-12; 01-02-13(01-04); 01-02-18; 02-02-04-05;02-02-06; 02-02-08; 02-02-09; 02-02-10; 02-02-11-01(02-04).
4
Кум дөбөлөр
1,3
Нвс 01-02-13-(01-04); 01-01-03 (01-02); 01-02-12; ; 01-02-18; 02-01-10-(01-03); 02-02-04-05; 02-02-06; 02-02-08; 02-02-09; 02-02-10; 02-02-11-01(02-04).
5
Антисептик-телинген жыгач түркүктөрү бар аба чубалгылары
1,25
Нвс 01-01-02; 01-01-04 ÷ 01-02-08; 01-02-12 ÷ 01-02-15; 01-02-18; 02-01-01; 02-01-05; 02-02-01 (02-05); 02-02-07(08-10); 02-02-11-02 (04).
6
Калктуу аймак (шаарлардын жана айылдардын аймактары, курулуш аянттары)
1,2
Нвс01-02-01-01(02); 01-02-05(06); 01-02-08(01, 02); 01-02-12; 01-02-13-01(02-04); 01-02-18; 02-02-04-05; 02-02-08 (09-11).
7
0,5 метр калыңдыктан жогоруу болгон кар
1,15
Нвс01-02-05(06-08); 01-02-12; 01-02-13-01(02-04); 01-02-18; 02-02-08(09-11).
8
Орточо энкейиши 1:5тен жогоруу болгон энкейиштүү тоо шарттары
1,4
Нвс 01-01-02; 01-01-03-01(02); 01-02-13-01(02-04);01-02-18. 02-01-05 (06); 02-02-08(09-11);
9
Башка аба чубалгылары менен кесилишкен жерлер
1,1
Нвс 01-02-05(06); 01-01-02; 01-02-05(06); 01-02-07-01(02); 01-02-08-01(02); 01-02-12; 01-02-13-01 (02-04);01-02-18; 02-01-05; 02-02-04-05; 02-02-08; 02-02-09(10-11).
10
Башка аба чубалгылардын илептик чыңалуу аймагында жайгашуусу
1,2
Нвс 01-01-01(02); 01-01-04 (05); 01-01-06; 01-02-01-01(02); 01-02-02; 01-02-04(05-06); 01-02-07-01(02); 01-02-08-01(02); 01-02-12; 01-02-13-01(02-04); 01-02-14(15); 01-02-18; 02-01-04(05);02-02-01(02-05); 02-02-08 (09-11).
11
t=450С жана андан жогоруу ачык абада иштөө шартында
1,8
Нвс 01-01-01(02-06); 01-02-01(02-18); 02-01-01(02-06); 02-02-01(02-10); 02-02-01(02-05); 02-02-07(08-11).
12
Атайын механизимдерди колдонуусуз жумушту кол менен аткаруу
1,2
Нвс01-02-01-01(02); 01-02-02(03-08); 1-02-12; 01-02-13-01(02-04); 01-02-14(15, 18); 02-02-01 (02-05); 02-02-07(08-11).
13
Токойлорду кыйып тазаланган жерлер
1,1
Нвс 01-02-05(06-08); 01-02-12; 01-02-13-01(02-04); 01-02-18; 02-02-08(09-11).
25. 6-10 кВ аба чубалгысынындагы жумуштардын айрым түрлөрү үчүн, мисалы, түркүктөрдүн абалын текшерүү, эмгек чыгымдары 0,4 кВ аба чубалгыларындагы жумуштарга окшош, натыйжада бул жумуштардын түрлөрү үчүн эмгек чыгымдары жана аларды алмаштыруу үчүн тирөөчтөрдү даярдоо жана чогултуу, бак-дарактарды кыюу, жер казуу иштери Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 01-13/70 буйругу менен бекитилген «0,4-35кВ чыналуусундагы аба жана каптама зымдуу чубалгысын, трансформатордук көмөкчордондорду жана бөлүштүрүүчү жайларды оңдоонун, жана тейлөөнүн убакыт ченемдерине» ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
26. Жумуштун белгилүү бир түрү үчүн ченемделген убактысы адам-саат (адам/саат) менен төмөндөгү формула боюнча эсептелет:
Hвр = Tфв (1+ (αпз +αоб+αотд)/100), мында: Тфв – даярдоо жана жыйынтыктоочу жумуштарды, жумуш ордун тейлөө убактысын жана эс алуу, жеке муктаждыктар үчүн убакытты эсепке албастан иштин нак өз түрүн аткаруу үчүн, иш жүзүндөгү ыкчам убакыт; αпз - даярдоо жана жыйынтыктоочу жумуштарды жүргүзүү убактысы, ал өзүнө иштаккагаз алууга, шаймандарды, ыкташтырмаларды жана жабдыктарды алууга, түзмөк жана технологиялык картасы, ИЖД (ишти жүргүзүү долбоору) менен тааныштыруу менен насааттама берүүгө, жумуш ордун даярдоого жана жумуш ордуна киргизүүгө, жердетмелерди, плакаттарды жана коопсуздук белгилерин, жабдыктарды жана ыкташтырмаларды орнотууга жана алып салууга уруксат алуу убактыларын камтыйт, аларды жана материалдарды ЖКМ (жүк көтөрүүчү механизмдерди) колдонбостон жүктөө жана түшүрүү, жумуш ордун тазалоо; αоб - жумушчу аймактын чегинде (АЧда 50мге чейин) механизмдерди, материалдарды, шаймандарды, ыкташтырмаларды жана жабдыктарды жылдыруу, механикалаштырылган электрлештирилген аспаптарды электр ажырымдарына кошуу жана аны тейлөө (майлоо, тазалоо, алмаштыруу), жабдыктарды жана ыкташтырмаларды сүртүү, текшерүү жана майлоо, шаймандарды курчутуу жана жабдуу, мурда даярдалган эң жөнөкөй тепкичтерди, көпүрөтакталарды, чынжырлуу байлагычтарды, үлгү боюнча туураланып жасалган жыйылма тепкичтерди, чексиз аркандарды жана башка ыкташтырмаларды орнотуу, чечүү жана жылдыруу, жумушчуларды бир жерден экинчи жерге жумушту аткаруу иш жүрүшундө бир курулманын чегинде көчүрүү.
27. Даярдоочу жана жыйынтыктоочу жумуштардын жана жумушту аткаруу учурундагы жумуш ордун тейлөөгө кеткен убакыт жумушту АЧ, КЧ жабдуулары орнотулган жеринде аткарууга кеткен орточо ыкчам убакыттын 8%ы катары алынган.
αотд – дем алуу жана жеке муктаждыктар үчүн кетүүчү убакыт иш жүргүзүүнүн убактысынын орточо 7% түзөт.
28. Ченемдерде даярдоочу-аяктоочу жумуштарга, иш жүрүшүндөгү жумуш ордун тейлөөгө жана жеке муктаждыктарга кетүүчү убакыттар жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерге ылайык ыкчам (иш жүргүзүүчүлүк) убакыттын пайыздык катнашында алынган.
29. Ченемдер менен төмөнкүлөр үчүн убакыттар эсепке алынбайт:
- жабдууну оңдоого чыгарууга муктаждаманы, иштаккагазды, тайпаны ишке киргизүүнү, жумушту ыкчам ишкерсандарга өткөрүүнү, иштаккагазды жабууну тариздөөлөр;
- жүк көтөрүүчү машиналар менен механизмдердин ишке жарамдуулугун текшерүү;
- КЗАЧтын бузулган жерлерин табуу;
- катуу төшөмдөрдү (асфальт, бетон, брусчатка) бузуучу механизмдерди, жер казуучу машиналарды жана механизмдерди жеткирүү;
- жер казуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди макулдашуу;
- жумушчулардын жумуш ордуна баруу жана жумуштан кайтып келүү;
- иштин мүнөзүндө каралбаган казуу иштери;
- ширетүү иштери;
- ченемдерде эсепке алынбаган туруктуу жана бир жолу колдонуу үчүн ыкташтырмаларды даярдоо;
- аткарылган иштердин мүнөзүнөн келип чыккан жер казуу жумуштарынан кийин жол катмарларын калыбына келтирүү;
- эмгекти уюштуруудагы кемчиликтерден улам келип чыккан жумуш убактысынын коромжулары.
30. Жумушчулардын жумушка баруусуна жана кайтып келүүсүнө сарпталган убакыт, ошондой эле жумуш учурунда алардын бир жерден экинчи жерге өтүшү жолдун катмарынын абалын, мезгилди (кыш-жай), ошондой эле 1- жана 2-санирээткилерге ылайык аралыкты эске алуу менен эсептелет.
31. Ар бир иштөөгө уруксат алуу үчүн тайпанын убактысы орточо эсеп менен тайпанын ар бир мүчөсүнө 0,2 саатты түзөт.
32. КЗАЧтардын оңдоолорунун жана техникалык тейлөөлөрүнүн убакыт ченемдери ӨӨККЗ менен аткарылган АЧларды иштетип пайдаланууда пайда болууга мүмкүн болгон мүнөздүү жумуштар бул ЭЭБЧлардын (электр энергиясын берүү чубалгысы) түзүлүштүк кошундары эске алынган жана кийин иштетип пайдалануу иш жүрушүндө, зарыл болгон учурда, тармактык калькуляциялар (эсептөөлөр) менен толукталынышы, же бул ченемдерди кайра карап чыгууда толукталып жана кайра бекитилиши мүмкүн. Ченемдерде азыркы убакта КЗАЧтарды курууда, орнотууда, иштетип пайдаланууда кеңири колдонулуп жаткан материалдар, арматуралар, ыкташтырмалар көрсөтүлгөн жана алар ошондой эле мүнөздөмөлөрү боюнча көрсөткүчтөргө ээ болгон КЗАЧтардын техникалык тейлөөсүндөгү башка жасап чыгаруучулардын материалдарын, арматураларын, ыкташтырмаларын колдонууну жокко чыгарбайт.
33. Жумуштардын мазмундарында негизги иш аракеттер аталган, экинчи даражадагы (негизги эмес) иш аракеттер көрсөтүлгөн эмес, бирок жумуштун даректүү түрүнө жараша алар технологиялык карталардын жана ЖАДдын негизинде милдеттүү түрдө аткарылышы керек.
34. КЗАЧтардын техникалык тейлөөлөрүнүн жана оңдоолорунун убакыт ченемдерин эсептөө ыкмалары СССРдин Энергетика министрлигинде жана андан кийинки КМШ өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында электр тармактарын иштетип пайдаланууда колдонулган мурда кабыл алынган эсептөөлөргө ылайык келет.
35. Бул ченемдер Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 01-13/70 буйругу менен бекитилген “0,4-35кВ чыналуусундагы аба жана каптама зымдуу чубалгысын, трансформатордук көмөкчордондорду жана бөлүштүрүүчү жайларды оңдоонун жана тейлөөнүн убакыт ченемдерине” кошумча болуп саналат.
36. КЗАЧтардагы жумуштарды аткарууда эмгекти уюштуруу 0,4-20 кВ аба чубалгыларын оңдоодо жана тейлөөдө эмгекти уюштуруу түзүлүшүнө окшош. Татаалдаштыруучу нерсеси - бул капталмаланбаган зымдарга салыштырмалуу өзун-өзү көтөрүүчү капталмаланган (ӨӨККЗ) зымдарын бекитүү жана илип коюу үчүн атайын арматураларды колдонуу талабы, бирок капталмаланган зымдуу аба чубалгылардын (КЗАЧтын) артыкчылыгы – иштетип пайдалануудагы тейлөө учурунда алардын ишенимдүүлүгү, бышыктыгы жана коопсуздугу.
§ 2. КЗАЧтарды техникалык тейлөөдө аткарылуучу иштердин түрлөрүнүн тизмеси
- зымдарга болгон узак мөөнөттүү жол берилген агындык жүктөлүштөрүн аныктоо үчүн КЗАЧтардагы жүктөлүштөрдү эң чоң жүктөлүү учурунда өлчөө;
- чагылгандан коргоочу жердетмелердин жана нейтралдуу зымды кайталап жерге туташтыруулардын абалын текшерүү (өткөргүчтүн кесилишин, ширетүүчү жана бурамалуу кошулмалардын сапатын текшерүү, жерге туташтыруучу өткөргүчтөр менен жерге туташтырылган бөлүктөрдүн ортосундагы чынжырдын бар экендигин көзөмөлдөө, жерге туташтыруучу электр өткөргүчтөрдүн каршылыгын өлчөө);
- КЗАЧтардагы фазалык зымдарынын жана көчөлөрдү жарыктандыруучу зымдарынын туташууларындагы жана бутактамаларындагы тийимдик жана туташтыруучу арматуралардын сапатын (2-15%), кошуучу жана бутактамалык кыскычтардын коргоочу каптарынын абалын текшерүү;
-капталмаланган өзун-өзү көтөрүүчү зымдардын (ӨӨККЗлардын) көтөрүүчү өзөктүн баардык туташууларынын сапатын текшерүү (тышынан кароо жана тийимдин электр каршылыгын өлчөө жолу менен);
- кошуучу жана бутактамалык кыскычтардын өзөктүк белгилерин текшерүү;
- фазалык зымдар менен көчөлөрдү жарыктандыруучу зымдардын, нейтралдуу зым жана баардык фазалык зымдардын ортосундагы өзүн-өзү көтөрүүчү капталмаланган зымдын өзөктөрүнүн каптамасынын каршылыктарын өлчөө (0,5 мОм ашык эмес). Чубалгынын каптамасын жогорулатылган чыңалуу менен сыноодо анын чоңдугу ченемделбейт, эгерде КАЧтын (капталмаланган аба чубалгысынын) каптамасын чыңалуу тешип өтпөсө ал сыноодон өттү деп эсептелинет;
- ӨӨККЗнын салаңдашын жана бийиктик аралыктарын текшерүү;
- жыгач, темир-куйматаштуу түркүктөрдүн, жалгамалардын абалын текшерүү;
- зым каптамаларын бузуу коркунучу бар айрым дарактарды жана дарактардын бутактарын кыюуу;
- түркүктөрдүн айрым бузулган бөлүктөрүн алмаштыруу (траверса, кронштейн, темир-куйматаш жалгамасынын кырчоолору);
- капталмаланган зымдардын бош учтарындагы бузулган же жок болгон коргоочу каптарды жана учтук капкактарды алмаштыруу;
- зымдын каптамасы бузулган жерлерине өзүн-өзү кармап калуучу мастикасы бар жылчыксыздандырылып каптамалоочу тасманы чаптоо;
-учтук, кошмо, бутактама жана кармап туруучу кыскычтар орнотулган зымдын жерлериндеги жетишпеген пластикалык тартып кысуучу каамытчаларды орнотуу;
- ӨӨККЗ-2нин аралыктагы үзүлүшүн калыбына келтирүү (ӨӨККЗ -2лерди бири-бирине туташтыруу) же орнотуу учурундагы кошуу - 4 өзөктүү;
- ӨӨККЗ-2ни капталмаланган учтуктарды колдонуу менен электраппараттардын бурамалык кыскычтарына туташтыруу (1 жыйнак).
§ 3. КЗАЧты оңдоодо аткарылуучу иштердин түрлөрүнүн тизмеси
- КЗАЧтардагы чубалгынын оңдоо иштери каралган жылга болжомдолгон техникалык тейлөө иштеринин бардык түрлөрү аткарылат;
- ортодогу түркүктө ӨӨККЗ-2 зымдарынын бекиткичтерин алмаштыруу;
- омоктук түркүктө ӨӨККЗ-2 зымдарынын бекиткичтерин алмаштыруу;
-акыркы омоктук түркүктө ӨӨККЗ-2 зымдарынын бекиткичтерин алмаштыруу;
- көчмө коргоочу жердеткичтерди туташтыруу үчүн ыңгайлаштыргычтарды орнотуу;
- ӨӨККЗнын бузулган каптамасын оңдоо (калыбына келтирүү);
- бутактамалоочу тешкичи бар кыскычты алмаштыруу (орнотуу);
- негизги КАЧтан үйгө кеткен КАЧ бутактамасын жылчыксыздандырылган тешкичи бар ӨӨККЗ-2 (4) кыскычын колдонуу менен алмаштыруу;
- негизги КАЧтан үйгө кеткен КАЧ бутактамасын жылчыксыздандырылган тешкичи бар ӨӨККЗ-2 (2) кыскычын колдонуу менен алмаштыруу;
- негизги каптамаланбаган зымдуу АЧдан кетүүчү КАЧ бутактамасын алмаштыруу;
- негизги КАЧтан кардарларга кеткен бутактамасын алмаштыруу;
- ӨӨККЗнын жараксыз бөлүгүн алмаштыруу;
- ӨӨККЗнын негизги зымын бекитүүчү дубал илгичин алмаштыруу;
- үйлөрдүн дубалдары менен кетүүчү зымдардын бутактамаларынын омоктук тирөөчтөрүн алмаштыруу;
- имараттын бетин бойлой ӨӨККЗ-2ни тамдын бетине орнотулуучу тирөөчтөрдү колдонуу менен төшөө;
- имараттын бетин бойлой кеткен ӨӨККЗнын бөлүгүн аралыктык бекиткичтерди колдонуу менен алмаштыруу;
- ӨӨККЗ-2 зымын алмаштыруу (узундугу 1 км);
- негизги КЗАЧ боюнча ӨӨККЗ зымынын бөлүгүн алмаштыруу;
- түркүктөрдүн айрым бөлүктөрүн (жыгач, темир-бетон түркүктөрдүн негизги мамылары, тирөөчтөрдү, бир түркүктүү темир-бетон, жыгач тирөөчтөрдү, бир жантайма тирөөчтүү татаал түркүктөрдү (эки жантайма тирөөчтүү), темир-бетон жалгамаларын, тиреккарыларды, кронштейндерди, жалгаманын кырчоосун) алмаштыруу;
- сынган обочолоткучтарды (зымчыныларды) алмаштыруу.
37. КЗАЧтардагы айрым жумуштардын эмгек чыгымдары 2015-жылы кабыл алынган Кыргыз республикасындагы курулуштардагы ченемдик иш кагаздардагы КРЕР-08 «КЧжЭнин (курулуш ченемдери жана эрежелеринин) № 8 “Электротехникалык орнотмолору” жыйнагындагы КЗАЧтарга каралган орнотуу иштерине сарпталуучу убакыттарга аларды чечүүгө кетүүчү убакыттары кошулуп, оңдоого кеткен эмгек чыгымдары эсептелинди, бул электр тармактарында кабыл алынган орнотуу иштеринин убактыларынын 10% өлчөмүндө чечүү иштеринин убактыларын кошуу менен. Ошондой эле «Кыргызстандын УЭТ» ААКысынын электр тармактар ишканаларында ӨӨККЗ менен курулган КЗАЧтардагы оңдоо жана тейлөө иштеринине кетчу убактыларын жеринде карап эсепке алуулардын (хронометраждын) натыйжаларында эмгек чыгымдары эсепке алынды.
38. Бул ченемдерди киргизүүдөн мурун өндүрүштүк бөлүмдөрдө жана жумуш орундарында (эмгекти уюштуруу, механизмдер, шаймандар,ыкташтырмалар жанакоргоо каражаттары менен жабдуу) ылайыктуу уюштуруучулук-техникалык шарттарды түзүү зарыл, б.а. жумуш орундары, КЧжЭге, санитардык ченемдерге, коопсуздук ыкмаларынын эрежелерине (КЫЭ), электр станцияларын жана тармактарын техникалык иштетип-пайдалануу (эксплуатациялоо) эрежелерине (ТЭЭ) ылайык, жумуштун иш жүрүшүнүн кадимкидей уюштуруу үчүн ченемдерге ылайык жабдылышы керек.
4- бөлүм. КЗАЧ тардагы оңдоолордун жана техникалык тейлөөлөрдүн эмгек чыгымдарынын ченемдери
§4. 0,4 кВ КЗАЧтары боюнча техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча эмгек чыгымдары
39. Нвс01-01-06. Фазалык зымдар менен көчөлөрдү жарыктандыруучу зымдардын, нейтралдуу зым жана баардык фазалык зымдардын ортосундагы өзүн-өзү көтөрүүчү капталмаланган зымдын өзөктөрүнүн каптамасынын каршылыктарын өлчөө(0,5 мОм ашык эмес).
Жумуштун мазмуну:
1) Өлчөөлөр жүргүзүлүүчү КЗАЧты азыктандыруу булагынан өчүрүү. Өлчөөлөр 2500 Втук мегаомметр менен жүргүзүлөт, ал алдын ала жердетилген өлчөнүүчү чынжырга кошулат (КЗАЧтын тазаланган учу бар өзөгүнө), жердетме, мегаомметр кошулгандан кийин алынып коюлат.
2) Каптаманын каршылыгын өлчөө түзмөгү сыноонун ыкмасына ылайык чогултулуп КЗАЧтын ар бир өзөгүнүн башка өзөктөргө жана “жерге” болгон каптамасынын каршылыгын R60 өлчөө керек, андан кийин түзмөк ажыратылып салынат.
3) Өлчөөлөрдүн жыйынтыктары КЗАЧтын күбөнаамасына жана өлчөөлөр журналына катталат. Тайпанын курамы:
Кесип
тобу
Саны
КЗАЧтын чыңалуусу, кВ
1ге чейин
Электрэпкер
4
1
Электрэпкер
3
1
Керектүү алеттер, шаймандар жана жабдыктар: 2500 Втук мегаомметр кошуучу зымдары менен, ачкычтардын жыйнагы (гайкалык, үчтүк, ТКЧлардын ачкычтары), эпкерлик шаймандар, коргоочу каражаттар.
1 өлчөөгө кеткен убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Жумуштун көлөмү
Электрэпкер
Фазалык зымдар менен көчөлөрдү жарыктандыруучу зымдардын, нейтралдуу зым жана баардык фазалык зымдардын ортосундагы өзүн-өзү көтөрүүчү капталмаланган зымдын өзөктөрүнүн каптамасынын каршылыктарын өлчөө
1- өзөк
1,52
Ар бир кийинки өзөккө
0,52
Бир КЗАЧка
3,08
40. Нвс01-01-08-01. ӨӨККЗнын огуна карата салаңтыгын жана тартылуу күчүн текшерүү.
Жумуштун мазмуну:
1) огуна карата салаңтыгын текшерип жаткан түркүктөр аралыгынын узундугун өлчөө керек, огуна карата салаңтыгынын санирээткисине, абанын температурасына жана түркүктөр аралыгынын узундугуна жана КЗАЧтын зымынын кесилишине ылайык керектүү окко карата салаңтык аныкталат. Чоюп тартууларды омоктук же акыркы түркүктө көтөрүүчү нольдук өзөктүн омоктук бекитилүүчү жеринен жүргүзүлөт.
2) Түркүккө көтөрүлүп көтөрүүчү өзөккө орнотуучу SCT 50-70 кыскычы орнотулат, ага динамометр жана кол лебедкасы учу жок арканы менен бекитилет, зымдын ортоңку бекиткичтери бошотулат алдын ала зым бекилген түркүктөрдүн кронштейндерине туурасынан турган калакчалары аныкталган деңгээлде бекитилген атуучу сызгычтар илинип коюлат.
3) Көз менен атып бир эле учурда чоюп тартып жана КЗАЧтын тартылуу күчүн динамометр менен көзөмөлдөп керектүү салаңтыкка жеткизилет. Кыскыч кронштейнге чыйралма байлооч менен бекитилип жана ал көтөрүүчү нолдук өзөккө орнотулуп атуучу сызгыч, лебедкалар чечилет. Тартуучу каамытчалар менен ӨӨККЗынын түркүккө бекилген жеринин эки тарабынан өзөктөр бириктирилип тартылып байланат.
4) Зымды тартып жатканда тартылуу күчү жол берилген ченемдерден ашпашы керек, анткени жылдын суук мезгилинде бекиткичтерге жана түркүктөргө болгон тартылуу күчтөрү эселеп көбөйөт да алардын эрте иштен чыгууларына алып келет.
Тайпанын курамы:
Кесип
Тобу
Саны
КЗАЧтын чыңалуусу, кВ
1ге чейин
Электрэпкер
4
1
Электрэпкер
3
1
Керектүү алеттер, шаймандар жана жабдыктар: кол тарткычы (лебедкасы), атуучу сызгычтар, 15 кНдук динамометр, ачкычтардын жыйнагы, эпкерлик шаймандар, учу жок аркан, коргоочу каражаттар.
1 өлчөөгө болгон убакыт ченеми:
Жумуштун аталышы
Жумуштун көлөмү
Электрэпкер
ӨӨККЗнын огуна карата салаңтыгын жана тартылуу күчүн текшерүү
1 өлчөө
1,02
41. Нвс01-01-08-02. ӨӨККЗлардын бийиктиктерин текшерүү
Жумуштун мазмуну:
1) Өтмөктүн же кесилиштин абалын текшерип, узартылма сапты чогултуу же алетти АЧ огуна туурасынан өлчөнгөн аралыкта орнотуу
2) узартылма сап же алет менен бийиктик аралыгын өлчөө: тигинен аралыкты электр өткөрүүчү АЧсынын зымдарынын эң төмөн салаңдаган жеринен кесилишип өтүп жаткан автомобиль жолдоруна чейин, байланыш чубалгыларына чейин, уюлдук операторлордун КЗЧларына (каптама зымдуу чубалгыларына), башка чыңалуудагы АЧларага ж.б., ошондой эле түркүктөн кесилишке чейинки аралыктарды, алет менен өлчөнгөн бийиктиктерди эсептеп.
3) өлчөөлөрдүн жыйынтыктарын жазуу.
Тайпанын курамы: Электрэпкерлер: 4- топтогу -1, 2- топтогу -1. 1 өтмөк же кесилишке болгон убакыт ченеми (3-4 зым)
Өлчөө ыкмасы
Электрэпкер
Өлчөөнүн катар саны
Алет менен
0,4
1
узартылма сап менен
0,75
2
Керектүү алеттер, шаймандар жана жабдыктар:узартылма сап, бийиктикти өлчөөчү алет, рулетка, коргоочу каражаттар.
42. Нвс01-01-10.Капталмаланган зымдардын бош учтарындагы бузулган же жок болгон коргоочу каптарды жана учтук капкактарды алмаштыруу
Жумуштун мазмуну: коргоочу каптардын(учтук капкактардын) абалдарын текшерүү, алардын бузулгандары (айрылгандары, тешилгендери) бар болгон учурда бузук коргоочу капты (учтук капкакты) чечип, кошмолордун учтарын кычкылдануусунан жана кирлерден тазалап, майлап, ашыкчасын алып таштап, каптама зымдын тазаланган учуна жаңы коргоочу капты (капкакты) кийгизип, акырын сааттын жүрүшү менен такалганча бурап кийгизилет. Тайпанын курамы:
Электрэпкерлер 4- топтогу -1, 3- топтогу -1.
КЗАЧтын 1 учтук кошмосуна болгон убакыт ченеми (4 зым)
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Коргоочу каптарды (учтук капкактарды) алмаштыруу-1 өзөктөгү
0,43
1
Коргоочу каптарды (учтук капкактарды) алмаштыруу, 1 учтагы кошулма – 4 өзөк
1,17
2
Жок болгон коргоочу каптарды (учтук капкактарды)орнотуу, 1 учтагы кошулма
0,30
3
Керектүү алеттер, шаймандар жана жабдыктар: ачкычтардын жыйнагы, эпкерлик шаймандар, коргоочу каптар (капкактар), мастика, коргоочу каражаттар.
43. Нвс01-01-11.Зымдын капталмасы бузулган жерлерине өзүн-өзү кармап калуучу чайыры бар жылчыксыздандырылып капталмалоочу тасманы чаптоо
Жумуштун мазмуну:
1) ӨӨККЗ өрүлмөсүнөн каптамасы бузулган өзөктү ажыратуу үчүн тартуучу илгичтерди омоктук кыскычтардын ортосундагы өрүлмөнүн чылбырагынан кол менен чечүү керек (бузулуу түркүктөрдүн аралыгында болсо, өзөктү өрүлмөдөн ажыратуучу шынаалар менен бөлөт).
2) ӨӨККЗ зымын чүпүрөк менен аарчып, каптама бузулган жерин карап, каптама күйгөн учурда каптаманын күйгөн бөлүгүн эпкерлик бычак менен тазалап, зымдын өзөгүнүн бүтүндүгүн кароо керек.
3) Зымдын өзөктөрү бүтүн болсо каптаманын кесилген жерин, жаракасын же зымдын каптамасынын тешилген жерин өзүн-өзү кармап калуучуSCT 20 чайырмалуу тасмаменен жылчыксыздандырылат алдын ала коргоочу үлбүрөк кабыкчасын алып таштап, тартуу менен каптама бузулган жерди айланта ороп каптаманын диаметри түзөлгөнчө, анын үстүнө дагы капталмасы бузулбаган жерин камтый 2 катар орош керек.
4) Капталмасы өз калыбына келтирилген жердин эки тарабынан жалпы өрүлмөнү орнотуучу CSL260 тартуучу каамытчалары менен тартып бекитет.
Тайпанын курамы: Электрэпкер 3-топтогу – 2 адам (иш жүргүзүүчү жана тайпанын мүчөсү).
1 зымга болгон убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Капталманын чылбырактагы бузулган жерин калыбына келтирүү
0,91
1
Капталманын түркүктөр аралыгындагы бузулган жерин калыбына келтирүү
1,5
2
Керектүү шаймандар жана жабдыктар: эпкерлик шаймандар, CSL260 тартуучу каамытчалары, жылчыксыздандыруучу SCT-20 (НИЛЕД) тасмасы, ажыратуучу шынаалар, коргоочу каражаттар.
44. Нвс01-01-12.Учтук, кошмо, бутактама жана кармап туруучу кыскычтар орнотулган зымдын жерлериндеги жетишпеген пластикалык тартып кысуучу каамытчаларды орнотуу
Жумуштун мазмуну: Даярдалган жумуш ордунда түркүккө чыгып, зымдардын бекиткичтеринин (кыскычтарынын), коргоочу каптарынын (учтук капкакчаларынын) абалдарын текшерип (алар бар болгон учурда), өрүлмөнүн кайра чыйралып бытырабашы үчүн зымдын кронштейнге бекиткен жеринин эки тарабынан өзөктөрду тартуучу каамытчалар менен бириктирип тарттырып байлап коюлат. Тайпанын курамы: 3- топтогу электрэпкер – 2 адам (иш жүргүзүүчү жана тайпанын мүчөсү).
1 түркүккө болгон убакыт ченеми:
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Учтук, кошмо, бутактама жана кармап туруучу кыскычтар орнотулган зымдын жерлериндеги жетишпеген пластикалык тартып кысуучу каамытчаларды орнотуу
0,81
1
Керектүү шаймандар жана жабдыктар: эпкерлик шаймандар, CSL260 (Е778) тартуучу каамытчалары, тартуучу каамытчаларды тартып бекитүүчү шайман, коргоочу каражаттар.
45. Нвс01-02-01-01. Акыркы омоктук түркүктө ӨӨККЗ-2 зымдарынын омоктук бекиткичтерин алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда түркүккө чыгып түркүктөгү кронштейн бекитилген жерден жогорураак арканы менен сапсалгы бекитилет, узундугу 1 метрдей болгон эки темир тасмасы кесилип алынат (түркүктүн кронштейн турган жериндеги периметрден ашыгыраак болгон).
2) Тасмалар атайын кармооч (бугель) менен кронштейнди беките тургандай кылып даярдалат. Каамытчаны түркүккө бекитип ага лебедканы жана динамометр илинет. Лебедкага бакача кыскыч бекилет, ӨӨККЗ зымдын өзөктөрү кыскычка киргизилип кысылат.
3) Алмашылуучу омоктук кыскыч жана бекитүүчү тасмасы менен болгон омоктук кыскычтар чечилип алынат. Түркүккө жаңы омоктук кыскыч орнотуучу тасма менен бекитилет,тасмалары OPV шайманы менен тартылып бекитилет. ӨӨККЗ зымын тартып, тартылуусун динамометр менен көзөмөлдөп омоктук кыскыч бекитилет тартылуу күчүн лебедкадан омоктук кыскычка өткөрүү менен. Ыкташтырмалар чечилип алынат.
Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкерлерден 2 адам (иш жүргүзүүчү жана тайпанын мүчөсү).
1 кыскычтын алмашуусуна кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Акыркы омоктук түркүктө ӨӨККЗ-2 зымдарынын бекиткичтерин алмаштыруу (1 даана)
1,62
1
Керектүү шаймандар жана жабдыктар: эпкерлик шаймандар, CSL260 (Е778) тартуучу каамытчалары, тартуучу каамытчаларды тартып бекитүүчү OPVшайманы, омоктук кронштейн, омоктук кыскыч, темир тасма, (бугель) Б20 кармоочу, коргоочу капкакчалар, коргоочу каражаттар.
46. Нвс01-02-01-02.Ортодогу түркүктө ӨӨККЗ-2зымдарынын бекиткичтерин алмаштыруу (1 даана)
Жумуштун мазмуну:
1) Тайпа даярдалган жумуш ордунда 2 орнотуучу темир тасма С20 илгичинин жардамы менен даярдалатузундугу түркүктүн кронштейн турган жериндеги периметрден ашыгыраак болгондой кылып.
2) Түркүккө чыгып түркүктөгү CS 1500 кармап туруучу кронштейничечилип алынат орнотуучу ленталарын кесүү менен (тасмалар менен бекиткен учурда) же кронштейндин бурамаларын чечүү менен (бурама менен бекитилсе). Түркүктө ортодо илинүүчү жыйнак бекитилет, артүрдүү максатка жарай турган илмектен CF 16 (CS 16) жана кармап туруучу кыскычтан PSP 25/120 дан турат.
3) Биринчи ар түрдүү максатка жарай турган илмектин ылдый жагы даярдалган темир тасмалар менен илмектин жардамы менен тартылып бекитилет, андан кийин өйдө жагы OPV шайманы менен бекитилет. Ар түрдүү максатка жарай турган илмекке кармап туруучу кыскыч орнотулат, ачык жагын түркүктү каратып, ал жерге ӨӨККЗнын топ боосу киргизилип кыскычта бекитилип коюлат.
Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкерлерден 2 адам (иш жүргүзүүчү жана тайпанын мүчөсү).
1 кыскычтын алмашуусуна кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Ортодогу түркүктө ӨӨККЗ-2 зымдарынын бекиткичтерин алмаштыруу (1 даана)
0,81
1
Керектүү шаймандар жана жабдыктар: эпкерлик шаймандар, ар түрдүү максатка жарай турган CF 16 (CS 16) илмеги, тартуучу каамытчаларды тартып бекитүүчү OPV шайманы, кармап туруучу PSP 25/120 кыскычы, темир тасма, кыпчыткычтар, коргоочу капкакчалар, коргоочу каражаттар.
47. Нвс01-02-02. Көчмө коргоочу жердеткичтерди туташтыруу үчүн ыңгайлаштыргычтарды орнотуу (1жыйнак)
Жумуштун мазмуну:
1) Тайпа даярдалган жумуш ордундагы ӨӨККЗнын түркүктөр аралыгында жердетилген коргоочу СМСС ыңгайлаштыргычын орнотот.
2) ӨӨККЗынын чылбырактарында (эки тараптуу омоктук бекитүүдө) ыңгайлаштыргычтарды орнотуу сунушталбайт. Ажыратуучу СТ шынааларынын жардамы менен биринчи ӨӨККЗынын нолдук өзөгүнө, андан кийин ар бир фазалык өзөктөрүнө ыңгайлаштыргычтын бутактамалык кыскычтары бир-биринен 20см аралыкта орнотулат.
3) Ыңгайлаштыргычтын бутактамалык кыскычтарынын ортосунда жана алардын четтеринде ӨӨККЗ бооламасын CSL260 тартуучу каамытчалары менен тартылып коюлат RIL 9 шайманын колдонуу менен.
Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкерлерден 2 адам (иш жүргүзүүчү жана тайпанын мүчөсү).
1 жыйнакты орнотууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Көчмө коргоочу жердеткичтерди туташтыруу үчүн ыңгайлаштыргычтарды орнотуу (1жыйнак)
1,13
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары,CSL260 тартуучу каамытчалары, тартуучу каамытчаларды тартып бекитүүчү RIL 9 шайманы,СМСС ыңгайлаштыргычы, ажыратуучу СТ шынаалары, кыска кошуучу M6D түзүлүшү, жердетүүчү МаТ түзүлүшү, коргоочу капкакчалар, коргоочу каражаттар.
48. Нвс01-02-03.ӨӨККЗнын бузулган каптамасын калыбына келтирүү
Жумуштун мазмуну:
1) Бооланган ӨӨККЗ тобунан каптамасы бузулган өзөктү ажыратуу керек алдын ала зымды боодон ажыратууга тоскоол кылган тартуучу каамытчаларды чечип салып.
2) Эгерде каптама эки тараптуу омоктук бекитуулөрдүн ортосундагы чылбыракта бузулган болсо зым боодон кол менен ажыратылат, ал эми түркүктөр аралыгында болсо ажыратуучу шынаалардын жардамы менен ажыратылат.
3) Зымдын өзөгүндөгү күйгөн (бузулган) каптамасын тазалоо керек. Эки же андан көп өзөктөрүнүн каптамалары бузулган учурда зымдын оңдоосун кошмо кыскычты орнотуу менен (гильза түрүндө) же зымдын бөлүгүн алмаштыруу менен башка баалар жана убакыт ченемдерин пайдалануу менен жүргүзүлөт.
4) Каптаманын кесилген, жарылган же тешилген жерин өзүн-өзү кармап калуучу SCT 20 чайыры бар каптамалоочу тасманын кесиндиси менен жок дегенде эки кат кылып жылчыксыздандыруу керек, каптаманын бузулбаган бөлүгүн кошо каттай, алдын ала каптамасы сыйрылган жердин каптамалык диаметрин толтуруу менен. Каптамасы оңдолгон жердин эки тарабынан жаңы CSL260 тартуучу каамытчалары менен боону тартырып бекитүү керек.
Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкерлерден 2 адам (иш жүргүзүүчү жана тайпанын мүчөсү).
1 зымга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
ӨӨККЗнын бузулган каптамасын калыбына келтирүү
1,17
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары,CSL260 тартуучу каамытчалары, тартуучу каамытчаларды тартып бекитүүчү RIL 9 шайманы, ажыратуучу СТ шынаалары, SCT 20 чайыры бар капталмалоочу тасма, коргоочу каражаттар.
49. Нвс01-02-04.Нымдан корголгон бутактамалоочу тешкичи бар кыскычты алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Алмаштырууга каралган нымдан корголгон бутактамалоочу тешкичи бар кыскычы бар ӨӨККЗынын зымын боодон ажыратууга тоскоол кылган тартуучу каамытчаларды чечүү жүргүзулөт.
2) Тийиштүү өзөк кол менен ажыратылат (кыскычты эки тараптуу омоктук бекиткичтүү чылбыракта колдонгон убакта) же ажыраткыч шынаалар менен (кыскычты түркүктөр аралыгында колдонгондо).
3) Бутактоочу зым бошотулуп бутактамалоочу кыскыч чечилет, андан кийин негизги зымдагы кыскыч чечилип, кыскыч турган жерин тазалап, каптама тешилген жери же каптамасы кесилген бөлүгү өзүн-өзү кармап калуучу SCT 20 чайыры бар капталмалоочу тасма менен жылчыксыздандырылат, алдын ала каптамасы кесилген жерди теңдөө менен (зым бүтүн болгон учурда).
4) Жаңы нымдан корголгон бутактамалоочу тешкичи бар кыскыч негизги зымга каптамасын калыбына келтирилген жерге жанаша (эскиси таштандыга кана кетирилип – жок кылынат; каптама калыбына келтирилген жерге эмес) технологияга жараша орнотулат, андан кийин бутактап кетүүчу зым кошулат, алдын ала тазаланган учу менен жана кыскычка нымдан коргоочу кап кийгизилет.
Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкерлерден 2 адам (иш жүргүзүүчү жана тайпанын мүчөсү).
1 зымга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Нымдан корголгон бутактамалоочу тешкичи бар кыскычты алмаштыруу
0,87
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары,CSL260 тартуучу каамытчалары, тартуучу каамытчаларды тартып бекитүүчү RIL 9 шайманы, ажыратуучу СТ шынаалары, SCT 20 чайыры бар капталмалоочу тасма, CBP 1 жылчыксыздандырылган бутактамалоочу кыскыч, коргоочу каражаттар.
50. Нвс01-02-05.Негизги КАЧтан кеткен ӨӨККЗ-2менен болгон КАЧ бутактамасын алмаштыруу (4 кыскычтуу)
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордундагы түркүккө көтөрүлүп ӨӨККЗ зымындагы бутактамалоочу кыскычтардын бекитилген жерлеринин эки тарабындагы тартуучу каамытчалар чечилет, зымдарды боодон кол менен же ажыратуучу шынаалар менен ажыратып бутактамаларды чечип негизги ӨӨККЗынын зымдарын сүртүп тазалап, технологияга жарашакаптама тешилген жер өзүн-өзү кармап калуучу SCT 20 чайыры бар капталмалоочу тасама менен жылчыксыздандырылат.
2) Жаңы бутактамалоочу кыскычтар негизги зымга каптамасын калыбына келтирилген жерге жанаша (эскиси таштандыга кана кетирилет – жок кылынат; каптама калыбына келтирилген жерге эмес) бири-биринен 10-20 см аралыкта орнотулат, жаңы бутактама ӨӨККЗ зымдын ар бир өзөгүн такалганча туртуп кыскычтарга түз киргизип (кыйшаюууга жол бербей) бекитилет. Бекитүү бутактоочу зымды бекитүүкөтөрүүчү нолдук өзөктөн баштап андан кийин фазалык зымдарда жүргүзулөт. Бутактамалоочу кыскычтардын ортосунан жана алардын четтеринен CSL260 тартуучу каамытчалары бекитүүчү RIL 9 шайманы менен тартырылып бекитилет. Кыскычтарга нымдан коргоочу каптар кийгизилет.
Тайпанын курамы: IV– топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер -2 адам (тайпанын мүчөлөрү).
1 зымга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Негизги КАЧтан кеткен ӨӨККЗ-2 менен болгон КАЧ бутактамасын алмаштыруу (4 кыскычтуу)
2,43
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, CSL260 тартуучу каамытчалары, тартуучу каамытчаларды тартып бекитүүчү RIL 9 шайманы, ажыратуучу СТ шынаалары, SCT 20 чайыры бар капталмалоочу тасма, CBP 1 (SLIP 22.1), жылчыксыздандырылган бутактамалоочу кыскыч, ӨӨККЗ зымы, коргоочу каражаттар.
51. Нвс01-02-06. Негизги капталмаланбаган зымдуу АЧдан кетүүчү КАЧ бутактамасынжылчыксыздандырылган тешүүчү кыскычтарды колдонуу мененорноштуруу
Жумуш мазмуну:
1) Жумуш орду даярдалган жерде түркүккө көтөрүлүп капталмаланбаган зымдуу АЧынын негизги зымдарынын нөлүнө бутактамалык тешүүчү кыскыч орнотулат, бутактоочу ӨӨККЗ зымынын нөлдүк өзөгүн кыскычка каптамасын сыйырбай такалганча кыйшайтпай киргизип жай тартып бекитилет.
2) Ошондой эле ӨӨККЗынын фазалык зымдары АЧынын негизги зымдын тийиштүү фазалык зымдарына бекитилет. Кыскычтарга нымдан коргоочу каптар кийгизилип коюлат.
Тайпанын курамы: III- топтогу 2 электрэпкер (иш жүргүзүүчү жана тайпанын мүчөсү).
1 зымга кетүүчү убакыт ченеми (4 кыскыч)
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Негизги капталмаланбаган зымдуу АЧдан кетүүчү КАЧ бутактамасын жылчыксыздандырылган тешүүчү кыскычтарды колдонуу менен орноштуруу
1,91
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары,CBP 1 (SLIP 22.1) жылчыксыздандырылган бутактамалоочу кыскыч, ӨӨККЗ зымы, нымдан коргоочу каптар, коргоочу каражаттар.
52. Нвс01-02-07-01.Негизги КАЧтан кардарга кеткен бутактаманы алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Кардарлык кириштин зымы чечилет бутактама же омоктук кыскычтан жана үйгө кире турган жерден (калканчыктан), ошондой эле үйгө кириштин бутактама зымынын тешүүчү бутактама кыскычы (омоктук кыскычч түркүктөгү кронштейнде калтырылат).
2) Омоктук кыскычка боо зым бекитилет негизги зымга кириштин зымын кошкудай учун чыгарып коюп (40-60 см). Кириш зымдын экинчи учун көтөрүп тартып туруп тамга (карнизге) бекитип, анан калканчыкка киргизип кошулат.
3) Негизги зымдын түркүккө, аралык же эки омоктук болуп бекилишине жараша, кириштин бутактама зымынын өзөктөрүнүн бош учтары негизги зымдын чылбырагында же негизги зымдын өзүнө технологияга жараша тешүүчү бутактамалык кыскычтардын жардамы менен бири-биринен 10см аралыкта бекитилет.
4) Бутактамалык кыскычтардын ортолоруна жана бутактамалык кыскычтардын четтеринде ӨӨККЗынын боо зымын CSL260 (PER 15) тартуучу каамытчалары менен бекитүүчү RIL 9 (ST 214) шайманы колдонуп тартып бекитүү керек. Кыскычтарга нымдан коргоочу каптар кийгизилип коюлат.
Тайпанын курамы: IV– топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер -1 адам (тайпанын мүчөсү).
1 зымга кетүүчү убакыт ченеми (4 кыскыч)
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Негизги КАЧтан кардарга кеткен бутактаманы алмаштыруу
2,36
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, CSL260 (PER 15) тартуучу каамытчалары, SCT20жылчыксыздандыруучу тасмасы, бекитүүчү RIL 9 (ST 214) шайманы,CBP 1 (SLIP 22.1) жылчыксыздандырылган бутактамалоочу кыскыч, ӨӨККЗ-2 зымы, нымдан коргоочу каптар, ажыратуучу СТ (ST 31) шынаалары, коргоочу каражаттар.
53. Нвс01-02-07-02.Негизги КАЧтан үйгө кеткен КАЧ бутактамасын жылчыксыздандырылган тешкичи бар ӨӨККЗ-2 (4) кыскычын колдонуу менен орнотуу
Жумуш мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда түркүктө омоктук кронштейнди
түркүккө темир тасмалар менен кыпчыткычтарды колдонуп бекитилет.
2) Омоктук кронштейнге омоктук кыскыч бекитилет.
3) Бир фазалуу кириштеги РА 2/ 25Sкыскычы же үч фазалуу кириштеги РА 25S кыскычтарына кириштин боо зымы шынаалар менен бекилет, учтарын негизги зымга электрдик кошуу үчүн 40-60 см ашык чыгара калтыруу менен.
4) Негизги зымдагы жылчыксыздандырылган бутактамалоочу кыскычтарды зымдын өзөктөрүн ажыратып кириш зымдарын негизги зымдарга электрдик кошууга тоскоолдук кылган орнотуу каамытчалары чечилип коюлат (түркүктө зымды кармоочу кыскыч менен бекиткенде), же чылбыракта (түркүктө эки омоктук кыскыч менен бекиткенде), алар нөлдүк жана фазалык зымдарда бири-биринен 20 см аралыкта орнотулат.
5) Бутактама кыскычтын жанынан зымдар боого орнотуучу каамытчалар менен тартылып бекилет, бутактамалардын өзөктөрүнүн учтары жылчыксыздандыруучу капкакчалар менен обочолонот. Кириштин боо зымынын экинчи учу тартылып үйдүн тамынын бооруна бекилүүчү жериндеги кронштейнге омоктук кыскычтын жардамы менен бекилет.
Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкер -2 адам (иш жүргүзүүчү-1, тайпанын мүчөсү-1).
1 зымга кетүүчү убакыт ченеми (2-4 кыскыч)
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Негизги КАЧтан үйгө кеткен КАЧ бутактамасын жылчыксыздандырылган тешкичи бар ӨӨККЗ-2 (4) кыскычын колдонуу менен орнотуу ӨӨККЗ-2 (2 кыскыч, 1 фазалык) ӨӨККЗ-2 (4 кыскыч, 3 фазалык)
1,33 2,31
1
2
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, CSL260 (PER 15) тартуучу каамытчалары, бекитүүчү RIL 9 (ST 214) шайманы, CBP 1 (SLIP 22.1, СТ 70А) жылчыксыздандырылган бутактамалоочу кыскыч, ӨӨККЗ-2 зымы, нымдан коргоочу каптар, ажыратуучу СТ (ST 31) шынаалары, омоктук РА 2/ 25S(РА 25S) кыскычтары, СА25 (САР25) омоктук кронштейндер, орнотуучу темир тасмалар,коргоочу каражаттар.
54. Нвс01-02-08-01 ӨӨККЗ зымынын түркүккө бекиген жериндеги жараксыз бөлүгүн алмаштыруу (1 бузулуш)
Жумуш мазмуну:
1) Жумуш орду даярдалган жердеги түркүктө тайпа омоктук же
аралык бекиткичтерди чечүү менен ӨӨККЗ зымын бошотот бекиткен жериндеги же чылбырактагы жараксыз бөлүгүн калыбына келтирүү үчүн.
2) Зымдын жараксыз болгон жери бар өзөгүн (зымдарды) тартуучу каамытчаларды чечүү менен бошотот.
3) Каптама зымдарды кесүүчү сектордук кайчы менен ӨӨККЗ зымынын өзөгүнүн(зымдарынын) жараксыз бөлүгү кесилип ташталат.
4) Тыгыздап кошулуучу кыскычты пайдаланып ӨӨККЗ зымынын (өзөгүнүн) тазаланган учу бекитилет жана даярдалган кошуучу ӨӨККЗ зымынын (өзөктүн) кесиндисинин учу бекитилет тийиштүү кесилиштеги, кол тыгыздооч менен тыгыздалат. Ошондой эле бузулган ӨӨККЗы зымынын (өзөгүнүн) экинчи учу кошлуп жаткан ӨӨККЗ зымынын (өзөгүнүн) экинчи учу менен кошуучу кыскыч менен кошулуп тыгыздалып бекитилет.
5) Кыскычтардын ортосунда жана эки четтеринде боо зым тобу тартуучу каамытчалар менен тартылып коюлат. Боо зым түркүккө тийиштүү кыскычтар (омоктук же кармап туруучу менен бекитилет ӨӨККЗы зымынын мурда тешилген жерлеринин жылчыксыздыгын камсыз кылуу менен.
Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкер - 2 адам (иш жүргүзүүчү-1, тайпанын мүчөсү-1).
Зымдын бир бузулган жерин калыбына келтирүүгө кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
ӨӨККЗ зымынын түркүккө бекиген жериндеги же чылбырактагы жараксыз бөлүгүн алмаштыруу (1 бузулуш): 1 өзөктөгү ар бир кийинки өзөккө
1,47 0,33
1
2
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, CSL260 (PER 15) тартуучу каамытчалары, бекитүүчү RIL 9 (ST 214) шайманы, MJPT 50Nкошуучу кыскыч, PSP 25/120 кармап туруучу кыскыч, орнотуучу темир тасмалар, С20 кыскычтары, ӨӨККЗ-2 зымы, нымдан коргоочу каптар, ажыратуучу СТ (ST 31) шынаалары, омоктук РА 2/ 25S(РА 25S) кыскычтары, СА25 (САР25) омоктук кронштейндер, коргоочу каражаттар.
55. Нвс01-02-08-02.Түркүктөр аралыгында ӨӨККЗ зымынын узунураак жараксыз жерин (1м ден ашык) алмаштыруу.
Жумуш мазмуну:
1) Тайпа даярдалган жумуш ордунда алмашылып жаткан бөлүктүн
эки тарабындагы жана ага жанаша түркүктөрдөн ӨӨККЗ зымдарын бошотот алдын ала үйлөргө кеткен кириш зымдарды чечип салуу менен, зым жерге түшурулөт.
2) Жараксыз болгон жердин эки жагынан 60 см аралыкта боо зымдын өзөктөрү тартуучу пластмасса каамытчалар мененбириктирилип тартылат, алар чыйралып ажырап кетпес үчүн.
3) Ошондой эле ӨӨККЗы зымынын боосу тарткычтын (лебедканын) жана орнотуучу кыскыч “бакачанын” жардамы менен эки жагынан тең тартылып бекитилет.
4) Фазалык зымдардын өзөктөрү жараксыз жеринен сектордук кайчы менен кесилип ташталат бири –биринен 20см аралыкка алыстата. Тыгыздалып кошуучу кыскычты пайдаланып ӨӨККЗ зымынын фазалык өзөктөрү менен алдын ала өлчөнүп даярдалгантийиштүү кесилиштеги ӨӨККЗ зымынын кесиндисинин өзөктөрү кошулуп кол тыгыздагычы менен тыгыздалып бекитилет.
5) Тийиштүү өзөктөрдүн кошкон жерлери боонун узундугу боюнча бири-биринен 20 см аралыкта жайгаштырылат. Тийиштүү тартылууну камсыз кылып жараксыз болгон бөлүктун кармап туруучу нөлдүк өзөгүн кесип кошуп жаткан жаңы ӨӨККЗы зымынын нөлдүк өзөгүнө эки тарабынан тыгыздап кошууучу кыскычтар менен бекитилет.
6) Кыскычтардын ортосунда жана эки четтеринде боо зым тобу тартуучу каамытчалар менен тартылып коюлат.
7) Орнотуучу кыскычтары менен тарткыч (лебедка) бошотулуп, зым өйдө көтөрүлүп түркүккө тийиштүү кыскычтар менен кронштейндерге бекитилет, зымдын тартылуусу октон тийиштүү салаңтыкты камсыз кылышы керек.
Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкер -2 адам (иш жүргүзүүчү-1, тайпанын мүчөсү-1).
Зымдын бир бузулган жерин калыбына келтирүүгө кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
ӨӨККЗ зымынын бузулган бөлүгүн алмаштыруу (1 бузулуу 4 өзөк) тирөөчтөрдүн аралыгында:
- колдоочу кыскычтар менен Ортоңку таянычтарга илинген зым
- омоктук жана колдоочу кыскычтар менен омоктук жана ортоңку таянычтарга бекитилген зым
- эки тараптан казык кыскычтары менен бекитилген зым
3,151
3,78*
3,98*
1
2
3
_______ 1Жумуштарды аткаруу атайын механизмдер менен жүргузүлөт
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары,, MJPT 50N кошуучу кыскычы,омоктук РА 2/ 25S(РА 25S) кыскычтары,PSP 25/120 кармап туруучу кыскыч,орнотуучу темир тасмасы,С20 бекиткичи,CSL260 (PER 15) тартуучу каамытчалары, бекитүүчү RIL 9 (ST 214) шайманы,СА25 (САР25) омоктук кронштейндери, ӨӨККЗ-2 зымы, нымдан коргоочу каптар, коргоочу каражаттар.
56. Нвс01-02-08-03.Түркүктөр аралыгында ӨӨККЗ зымынын узунураак жараксыз жерин (1м ден ашык) атайын механизмдерди колдонуп зымды жерге тушурбөй алмаштыру.
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда тайпа ТМынын чарбагына түшүп ӨӨККЗ зымынын жараксыз жерине көтөрүлүшүп боодогу зымдын өзөктөрүн бузулган жердин эки жагынан 60-80см аралыкта тартуучу пластмасса каамытчалар менен чыйралып жанбагыдай тартып бекитишет.
2) Ошондой эле ӨӨККЗ зымынын боосу эки жагынан орнотуучу ”бакача” кыскычтарды пайдаланып тарткынын (лебедканын) жардамы менен зым тартырылып коюлат.
3) Фазалык зымдардын өзөктөрү жараксыз жеринен сектордук кайчы менен кесилип ташталат бири – биринен 20 см аралыкка алыстата.
4) Тыгыздалып кошуучу кыскычты пайдаланып ӨӨККЗ зымынын фазалык өзөктөрү менен алдын ала өлчөнүп даярдалган тийиштүү кесилиштеги ӨӨККЗ зымынын кесиндисинин өзөктөрү кошулуп кол тыгыздагычы менен тыгыздалып бекитилет.
5) Тийиштүү өзөктөрдүн кошкон жерлери боонун узундугу боюнча бири-биринен 20 см аралыкта жайгаштырылат. Тийиштүү тартылууну камсыз кылып жараксыз болгон бөлүктун кармап туруучу нөлдүк өзөгүн кесип кошуп жаткан жаңы ӨӨККЗы зымынын нөлдүк өзөгүнө эки тарабынан тыгыздап кошууучу кыскычтар менен бекитилет.
6) Кыскычтардын ортосунда жана эки четтеринде боо зым тобу тартуучу каамытчалар менен тартылып коюлат.
7) Орнотулуучу кыскычтар тарткыч (лебедка) менен бошотулуп чечилет.
Тайпанын курамы: Жумуш башкаруучу –КТнын 5 тобу, ТВ машинисти -1, III- топтогу электрэпкер -2 адам (иш жүргүзүүчү-1, тайпанын мүчөсү-1).
Зымдын бир бузулган жерин калыбына келтирүүгө кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Түркүктөр аралыгында ӨӨККЗ зымынын узунураак жараксыз жерин (1 бузулуу 4 өзөк) атайын механизмдерди колдонуп алмаштыру.
2,78
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, , MJPT 50N кошуучу кыскычы, CSL260 (PER 15) тартуучу каамытчалары, бекитүүчү RIL 9 (ST 214) шайманы, ӨӨККЗ-2 зымы, кол тарткычы (лебедкасы), орнотуучу “бакача” кыскычтары, коргоочу каражаттар.
57. Нвс01-02-09.ӨӨККЗнын негизги зымын бекитүүчү дубал илгичин алмаштыруу
Жумуш мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда BRPF 150.6 беткей бекиткичтин онотулуучу жаңы жерин тамдын боорунда белгилеп алып, там тешкич менен (перфоратор) беткей бекиткичтер үчүн туюк тешиктер даярдалат, аларга дюбель мыгынын куйрукчалары такалганча салынат, ал эми чыгып турган түтүкчө бөлүгүнөбекитүүчү жыйнактын шыкалып кирүүчү шынаасы кагылып киргизилет, бекиткичтин тешиги капкакча менен жабылат.
2) Эски бекиткичтин орнотуучу илгичтери чечилип ӨӨККЗ зымынын бооланган тобу обочолонтуп коюлат да (өйдө же ылдый) жана эски бекиткичи чечилет.
3) ӨӨККЗ зымынын бооланган тобу жаңы бекиткичтин таканчык аянтчасына жаткырылат жана бекиткичтин жыйнагындагы пластикалык каамытча менен бекитилет.
Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкер -2 адам (иш жүргүзүүчү-1, тайпанын мүчөсү-1).
Зымдын бир бузулган жерин калыбына келтирүүгө кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
ӨӨККЗнын негизги зымын бекитүүчү дубал илгичин алмаштыруу
0,91
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары,перфоратор, BPRF 150.6 бекитүүчү дубал илгичи,СА25 (САР25) кронштейни, дюбель мыгы, анын куйрукчасы, өзү тешүүчү бурама тийиштүү чоңдуктагы.
58. Нвс01-02-10.Тамдын боорундагы зымдардын бутактамаларынын омоктук кронштейнин алмаштыруу.
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда омоктук кронштейн онотулуучу жаңы жерин тамдын боорунда белгилеп алып, там тешкич менен (перфоратор) 10*70тик дюбельге туюк тешиктер даярдалат.
2) Аларга дюбель мыгы салынып такалганча кагылып киргизилет, жана СА25 (САР25) кронштейни бурама менен бекилет.
3) Омоктук кронштейнден бооланган зым чечилип, эски кронштейн алынып ташталат.
4) Жаңы омоктук кронштейнге омоктук кыскыч бекитилет, ал эми ага болсо ӨӨККЗ бооланган зымы бекилет.
Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкер -2 адам (иш жүргүзүүчү-1, тайпанын мүчөсү-1).
1 кронштейнди алмаштырууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Тамдын боорундагы зымдардын бутактамаларынын омоктук кронштейнин алмаштыруу.
0,66
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, перфоратор, BPRF 150.6 бекитүүчү дубал илгичи, СА25 (САР25) кронштейн, 10*70 дюбель мыгы, РА 25*100 омоктук кыскычы, коргоочу каражаттар.
59. Нвс01-02-11.Имараттын бетин бойлой кеткен ӨӨККЗнын бөлүгүн аралыктык бекиткичтерди колдонуу менен алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда тамдын боору менен тартылган ӨӨККЗ зымы бошотулат (аралык кармагычтардагы кыскыч каамытчаларын чечүү менен).
2) Каптама зымды кесүүчү сектордук кайчы менен алмаштырылуучу ӨӨККЗ зымынын жараксыз бөлүгү кесилип ташталат. Тыгыздап кошуучу кыскычтарды пайдаланып ӨӨККЗ зымынын учтары тазаланган өзөктөрүн жаңы кошулма ӨӨККЗ зымдын кесиги менен кошуу керек, бул учурда боодогу зымдын өзөктөрүнүн кошулуучу жерлери бири-биринен узундуктун 20см аралыгында жайгаштыруу керек.
3) Алмаштырылуучу бөлүктүн эки учу тең кошулгандан кийин боо зым аралыктык бекиткичке жаңа тартып бекитүүчү пластикалык орнотуучу каамытчалар пайдаланылып RIL 9 шайманы менен тартылып бекитилет.
Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкер -2 адам (иш жүргүзүүчү-1, тайпанын мүчөсү-1).
1 зымга болгон убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Имараттын бетин бойлой кеткен ӨӨККЗнын бөлүгүн аралыктык бекиткичтерди колдонуу менен алмаштыруу
1,83
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар; MJPT кошуучу кыскычы, CSL260 (PER 15) тартуучу каамытчалары, ӨӨККЗ зымы.
60. Нвс01-02-12.Негизги КЗАЧ боюнча ӨӨККЗ зымынын бөлүгүн алмаштыруу (эки түркүтөр аралыгында – 45м ге чейин)
Жумуштун мазмуну:
1) Жумуш орду даярдалган жерде тайпа түркүктөгү ӨӨККЗ зымын бир тарабынан алмашылчу аралыктын бир тарабындагы жана ага кошуна түркүктөрдөн бошотулат, ал эми экинчи жагынан зым сапсалгынын өзөгүнө бекилет.
2) Боо зымдын өзөктөрү сектордук кайчы менен түркүккө бекилген жеринен камдыгы калтырылып узундугу боюнча бири-биринен 20см аралыкка алыстатып кесилет, алмашылуучу зымдын учу жерге түшүрүлөт.
3) Каптама зымды кесүүчү сектордук кайчы менен алмашылуучу ӨӨККЗ зымынын бөлүгү кесилип ташталат. Тыгыздап кошуучу кыскычтарды колдонуп ӨӨККЗ зымынын бир учу мурдатан өлчөнүп даярдалган тийиштүү кесилиштеги ӨӨККЗ зымынын кесиндисине кошулат кол кыскыч менен тыгыздалып.
4) Зым өйдө көтөрүлуп кол тарткычты (лебедканы) колдонуп зымдын тийиштүү тартылуусун жана окко карата салаңтыгын камсыз кылып зымдын көтөрүп туруучу нолдук өзөгүн кошуучу кыскыч менен тыгыздалып кошулат.
5) Андан кийин фазалык зымдардын өзөктөрү кошулат. Өзөктөрдүн кошулган жерлери зымдын узундугу боюнча бири-биринен 20см аралыкта жайгаштырылат.
6) Кыскычтардын ортолорунда жана эки тарабында зымдын тобу бооланып тартуучу каамытчалар менен тартылып коюлат.
7) Зым түркүккө тийиштүү (кармап туруучу же омоктук) кыскычтар менен бекилип, тарткыч (лебедка) жана сапсалгынын огуна бошотулат.
Тайпанын курамы: IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер -2 адам (тайпанын мүчөлөрү).
1 зымга болгон убакыт ченеми (4 өзөк)
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Негизги КЗАЧ боюнча ӨӨККЗ зымынын бөлүгүн алмаштыруу (эки түркүтөр аралыгында – 45м ге чейин 4 өзөктүү):
- колдоочу кыскыч менен ортоңку таянычка илинген зым
- омоктук кыскыч менен омоктук же ортоңку таянычка бекитилген зым
3,56
3,95
1
2
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар; MJPT 50 N кошуучу кыскычы, CSL260 (PER 15) тартуучу каамытчалары, ӨӨККЗ зымы.
61. Нвс01-02-13-01.Жыгач түркүктү жалгамасын алмаштырбай алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Жумуш ордунда түркүктү тартып, чойгутар менен ордунда бекитип (ТМ жок болгон учурда), түркүккө ӨӨККЗ зымы бекилген деңгээлге чейин чыгып, боо зымды кыскычтан бошотуп аны түркүк чечилүүчу жактын карама каршы жагына которуп коюуп, түркүктү автокран менен салмак борборунан жогорураактан илип бир аз чойдурулуп коюлат, чойгучтар чечилип, жалгаманын кырчоолору чечилип түркүк бошотулуп алынып аны койгучтарга жаткызып коюлат илгичтерди бошотуп.
2) Жаңы даярдалган түркүктү салмак борборунан жогорураак илип алып көтөрүп жалгамага такай кармап жана аны жылдырбай кармап туруп жалгамага убактылуу чынжырлуу кырчоолор менен тарттырып беките туруп 6мм болот зым менен негизги кырчоолор байланып бекилет.
3) Тийиштүү тартипте омоктук кронштейн бекитилет, ал эми ага омоктук кыскыч, андан ары кыскычка ӨӨККЗ боо зымы технология боюнча бекилет.
Тайпанын курамы: Иш башкаруучу –ТК боюнча V топтогу, автокран (манипулятор) машинисти-1, телемунара машинисти -1, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер -1 адам (тайпанын мүчөсү).
1 туркүккө болгон убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
а/крандын машинисти
ТМ машинисти
№ и/м
Жыгач түркүктү жалгамасын алмаштырбай алмаштыруу: -бутактамасы жок, ТМ пайдаланбай -бутактамасы бар ТМ пайдаланбай
- бутактамасы жок ТМ пайдалануу менен
- бутактамасы бар ТМ пайдалануу менен
5,91
6,41
4,47
5,34
0,5
0,5
0,5
0,5
-
-
0,7
0,7
1
2
3
4
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар; жыгач түркүк, Ж6 чоюлган болот зымы, СА25 (САР25) омоктук кронштейни, РА25*100 омоктук кыскычы, орнотуучу темир тасмасы, кыпчыткычтар, CSL260 (PER 15) тартуучу каамытчалары.
62. Нвс01-02-13-02. Бир тирөөчтүү темир-куйматаштуу түркүгүн алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда алмашылуучу түркүккө жанаша чуңкур казылат же бургулагыч менен бургуланып тешилет тереңдиги 2м ден кем эмес, алмашылуучу түркүк алдын-ала казыкчаларга бекилген тарткычтар менен бекитилип коюлат.
2) ӨӨККЗ зымы бекилүүчү деңгээлге чейин көтөрүлүп, боо зымды кыскычтан бошотуп түркүк чечилчү тараптын тескери жагына зымды которуп, түркүктү салмак борборунан жогорураак илип чойдуруп тарткычтар алып салынат.
3) Түркүктун түбүн бошотуп сууруп алат, кармагычтар менен сөөп ары бери кетирбей жатактарга жаткызып илмектен бошотулат.
4) Жаңы даярдалган түркүктү илип салмак борборунан жогорураак кармагычтар менен кармап даярдалган чуңкурга орнотуп тууралап көмүп тапталат.
5) Түркүккө тийиштүү тартипте аралык КОПМ 1500 (ЕS 1500) илмегинин жыйнагы бекитилет, ага болсо Р95 (ЗОИ 25-95, SLIW 17.1) бутактама кыскычы бекитилип ага ӨӨККЗ зымынын боо тобу бекитилет технологияга жараша.
6) Алмашылып жаткан түркүктөн бутактама бар болсо, алдын ала бутактаманы түркүктөгу бутактоочу жана омоктук кыскычтардан ажыратып, ал эми түркүк алмашылгандан кийин кайра калыбына келтирүү керек технологияга боюнча.
Тайпанын курамы: Иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, автокран (манипулятор) машинисти-1, ТМ машинисти -1, экскаватордун (бургулоочунун) машинисти -1, IY – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер -1 адам (тайпанын мүчөсү- илгич).
1 туркүккө болгон убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электр-эпкер
а/крандын машинисти
ТМ машинисти
Экскаватордун машинисти
№ и/м
Бир тирөөчтүү т/б түркүгүн алмаштыруу: -бутактамасы жок, ТМ пайдаланбай -бутактамасы бар ТМ пайдаланбай
- бутактамасы жок ТМ пайдалануу менен
- бутактамасы бар ТМ пайдалануу менен
5,03
6,72
4,1
5,6
0,67
0,67
0,67
0,67
-
-
0,7
0,7
0,34
0,34
0,34
0,34
1
2
3
4
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар, кармап-кыскыч (бугель), СА25 (САР25) омоктук кронштейни, РА25*100 омоктук кыскычы, орнотуучу темир тасмасы, кыпчыткычтар, CSL260 (PER 15) тартуучу каамытчалары, аралык илмектин КОПМ 1500 (ЕS 1500, SO 260) жыйнагы, MJPT 50N бутактоочу кыскычы, СВ-95т/б түркүгү.
63. Нвс01-02-13-03. Түркүктөрдүн кээ бир бөлүктөрүн алмаштыруу – татаал т/к (темир-куйматаштуу) түркүктүн негизги тирөөчүн алмаштыруу.
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда алмашылуучу түркүккө жанаша чуңкур казылат же бургулагыч менен бургуланып тешилет тереңдиги 2м ден кем эмес, алмашылуучу түркүк тарткычтар менен бекитилип, таяныч түркүгүнө астынан тирөөч орнотулат ал ийилип кетпес же сынбаш үчүн. Түркүккө ӨӨККЗ зымы бекилүүчү деңгээлге чейин көтөрүлүп, боо зымды кыскычтан бошотуп түркүк чечилчү тараптын тескери жагына зымды которуп, түркүктү салмак борборунан жогорураак илип чойдуруп тарткычтар, таяныч бекиткичи чечилип, т/к түркүгү суурулуп алынып буруучу ыкташтырмалар же аркандар менен сөөп жатактарга жаткызылат, илгичтер чечилет.
2) Жаңы даярдалган түркүктү илип салмак борборунан жогорураак, кармагычтар менен кармап даярдалган чуңкурга орнотуп тууралап көмүп тапталат. Таяныч түркүгүн орнотулган негизги түркүккө таяныч бекиткичи менен бири-бирине бекитилет.
3) Түркүккө тийиштүү тартипте аралык илмектин КОПМ 1500 (ЕS 1500) жыйнагы бекитилип ага Р95 (ЗОИ 25-95, SLIW 17.1) бутактама кыскычы бекитилип, ага ӨӨККЗ зымынын боо тобу бекитилет технологияга жараша.
4) Алмашылып жаткан түркүктөн бутактама бар болсо, алдын ала бутактаманы түркүктөгү бутактоочу жана омоктук кыскычтардан ажыратып, ал эми түркүк алмашылгандан кийин кайра калыбына келтирүү керек бутактамаларды негизги зымга орноштуруу технологиясы боюнча.
Тайпанын курамы: Иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, автокран (манипулятор) машинисти-1, ТМ машинисти -1, экскаватордун (бургулоочунун) машинисти -1, IY – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер -1 адам (тайпанын мүчөсү- илгич).
1 туркүккө болгон убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электр-эпкер
Авто-крандын маши- нисти
ТМ маши-нисти
Экскава-тордун машинис-ти
№ и/м
Татаал т/к түркүктүн негизги тирөөчүн алмаштыруу: -бутактамасы жок, ТМ пайдаланбай -негизден бутактамасы бар ТМ пайдаланбай
- бутактамасы жок ТМ пайдалануу менен
- негизден бутактамасы бар ТМ пайдалануу менен
-татаал т/к туркугун алмаштыруу
5,64
6,97
4,98
5,81
13,07
0,7
0,7
0,7
0,7
1,94
-
0,7
-
0,7
0,7
0,34
0,34
0,34
0,34
0,45
1
2
3
4
5
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар, кармап-кыскыч (бугель), СА25 (САР25) омоктук кронштейни, РА25*100 омоктук кыскычы, орнотуучу темир тасмасы, CSL260 (PER 15) тартуучу каамытчалары,аралык илмектин КОПМ 1500 (ЕS 1500, SO 260) жыйнагы, MJPT 50N бутактоочу кыскычы, СВ-95 т/б түркүгү.
64. Нвс01-02-13-04.Түркүктөрдүн кээ бир бөлүктөрүн алмаштыруу – татаал т/б түркүктүн таяныч тирөөчүн алмаштыруу.
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда таяныч түркүгүн салмак борборунан жогорураак илип бир аз чойдуруп тартып туруу керек. Керек болгон учурда тоскоолдук кылган ӨӨККЗ зымын кыскычтан бошотуп таяныч тирөөч алмашылчу жагынан тескери жагына которуп коюу керек. Таяныч бекиткичин чечип, таянычты бир аз чойдурулган абалда түбүн тыш тарабынан казып бошотуп сууруп алып жатактарга жаткызылып илгичтер чечилет.
2) Чуңкурду керектүү тереңдикке чейин казып алдын ала даярдалган түркүктү салмак борборунан өйдөрөөк илип кармагыч менен сөөп кармап туруп орнотуп таяныч бекиткичи менен негизги түркүккө бекитилет, түбүн топурак менен толтуруп улам –улам таптап бекитилет. Чечилген зымдар болсо технологияга жараша кайра бекитилет.
3) Алмашылып жаткан түркүктөн бутактама бар болсо, алдын ала бутактаманы түркүктөгү бутактоочу жана омоктук кыскычтардан ажыратып, ал эми түркүк алмашылгандан кийин кайра калыбына келтирүү керек бутактамаларды негизги зымга орноштуруу технологиясы боюнча.
Тайпанын курамы: Иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, автокран (манипулятор) машинисти-1, ТМ машинисти -1, экскаватордун (бургулоочунун) машинисти -1, IY – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер -1 адам (тайпанын мүчөсү- илгич).
1 таянычты алмаштырууга болгон убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электр-эпкер
а/крандын машинисти
ТМ машинисти
Экскаватор-дун машинсти
№ и/м
Татаал т/б түркүктүн таяныч тирөөчүн алмаштыруу: -ТМ пайдаланбай
- ТМ пайдалануу менен
3,34
2,78
0,93
0,93
-
0,7
0,34
0,34
1
2
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар, CSL260 (PER 15) тартуучу каамытчалары, таяныч бекиткичи, СВ-95 т/б түркүгү.
65. Нвс01-02-13-05.Туркүктөгү ӨӨККЗнын эки тараптуу омоктук бекиткичин алмаштыруу (1 даана)
Жумуш мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда түркүккө көтөрүлүп кронштейн бекитилген жерден өйдөрөөк арканы менен сапсалгы бекитилет, 1м узундуктагы эки темиртасмасы кесилип алынат (кронштейн бекилген жердеги түркүктүн периметринен ашкан).
2) Тасмаларды жаңы кронштейнди бекитүүгө кармоочтун (бугелдин) жардамы менен даярдайт. Тарткычты (лебедканы) илчү каамыт бекитилип, ага динамометр, кийинкиге болсо тарткыч илинет, тарткычка тендер-бакача бекилип, тендердин кыскычына ӨӨККЗы зымынын өзөктөрү киргизилип, зым омоктук кыскычтан тартылуу күчу алынганча тартылып чоюлат.
3) Алмашылчу омоктук кыскыч омоктук кронштейн менен чечилет бекитүүчү тасмасы менен. Түркүктө жаңы омоктук кронштейндин үстүңкү жана астыңкы жактары даярдалган темир тасмаларды колдонуп OPV шайманынын жардамы менен бекитилет.
4) ӨӨККЗ зымын чоюп тартып динамометр менен тартылуу күчүн көзөмөлдөп омоктук кыскыч бекитилет, тартуу күчүн тарткычтан (лебедкадан) омоктук кыскычка которуу менен. Тарткыч (лебедка) тендер-бакача менен түркүктөгү эки тараптуу омоктук кыскычтын экинчи тарабына которулат.
5) Кошуна аралыктагы боо зымды биринчи бекилген омоктук кыскычтын деңгээлине чейин тартып ӨӨККЗ зымынын боо тобу экинчи омоктук кыскычка бекитилет, кыскычтар аралыгында ӨӨККЗ зымынын өтө чоң эмес бош илмегин камсыз кылуу менен. Ыкташтырмалар чечилип алынат.
Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкер -2 адам (иш жүргүзүүчү -1, тайпанын мүчөсү-1 адам).
1 кыскычты алмаштырууга болгон убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Эки тараптуу омоктук кыскычты алмаштыруу (1 даана)
1,62
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар, CSL260 (180) же Е 778тартуучу каамытчалары, СА 2000 омоктук кронштейни, RPA 425/50 (RPA 470/95) омоктук кыскычы, темир тасмасы, Б20 кармоочу, тартуучу каамытчаларды тартып бекитүүчү OPV шайманы.
66. Нвс01-02-13-06.Түркүктүн айрым бир бөлүктөрүн – омоктук кронштейнин алмаштыруу
Жумуш мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда түркүккө көтөрүлүп кронштейн бекитилген жерден өйдөрөөк арканы менен сапсалгы бекитилет, 1м узундуктагы эки темир тасмасы кесилип алынат (кронштейн бекилген жердеги түркүктүн периметринен ашкан).
2) Тасмаларды жаңы кронштейнди бекитүүгө кармоочтун (бугелдин) жардамы менен даярдайт. Тарткычты (лебедканы) илчү каамыт менен бекитип, ага динамометр, кийинкиге болсо тарткыч илинет, тарткычка тендер-бакача бекилип, тендердин кыскычына ӨӨККЗы зымынын өзөктөрү киргизилет.
3) Алмашылчу омоктук кыскыч омоктук кронштейн менен чечилет бекитүүчү тасмасы менен. Түркүктө жаңы омоктук кронштейндин үстүңкү жана астыңкы жактары даярдалган темир тасмаларды колдонуп OPV шайманынын жардамы менен бекитилет.
4) Кронштейнге омоктук кыскыч бекитилип, ӨӨККЗ зымын чоюп тартып динамометр менен тартылуу күчүн көзөмөлдөп, тартуу күчү тарткычтан (лебедкадан) омоктук кыскычка которулат, боо зым тобу кыскычка киргизилип орнотуу технологиясы боюнча бекитилет.
5) Ыкташтырмалар чечилип алынат.
Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкер -2 адам (иш жүргүзүүчү -1, тайпанын мүчөсү-1 адам).
1 кронштейнди алмаштырууга болгон убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Түркүктүн айрым бир бөлүктөрүн – омоктук кронштейнин алмаштыруу (1 даана)
1,23
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар, CSL260 (180) же Е 778тартуучу каамытчалары, СА 2000 омоктук кронштейни, RPA 425/50 (RPA 470/95) омоктук кыскычы, темир тасмасы, Б20 кармоочу, тартуучу каамытчаларды тартып бекитүүчү OPV шайманы.
67. Нвс01-02-14. ӨӨККЗ зымын капталмаланган учтуктарды колдонуу менен электраппараттардынөтмөктөрүнөтуташтыруу
Жумуш мазмуну:
1) ӨӨККЗ зымынын өзөктөрүнүн учтарын каптама зымды кесүүчү сектордук кайчы менен тегиздеп кесип, учтарын аарчып жана темир сүрткү менен тазалайт.
2) ӨӨККЗ зымынын өзөктөрүн кезек менен CPTAU 50 учтугуна биринчи нолдук өзөктү такалганча киргизет каптамасынын четки кысуучу белчесин кошо камтый, кол кысып тыгыздагыч менен кыстырылат. Четки кысуучу белчени темир шакекче менен кысып өзөктүн каптамасынын жылчыксыздыгын камсыз кылат.
3) Ошондой эле фазалык өзөктөрдүн учтары жылчыксыздандырылган CPTAU 50 учтугу менен учтандырылат, Даярдалган учтуктар менен электраппараттарынын кыскычтарына аппаратуранын нускамасына ылайык кошулат. ӨӨККЗ боо зымы CSL260 орнотуучу илгичтери менен тартылат.
Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкер -2 адам (иш жүргүзүүчү -1, тайпанын мүчөсү-1 адам).
1 аппараттын кошулуусунакетчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
ӨӨККЗ зымын капталмаланган учтуктарды колдонуу менен электр аппараттардын өтмөктөрүнө туташтыруу
0,52
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар, CSL260 (180) же Е 778тартуучу каамытчалары, CPTAU 50 учтугу, тартуучу каамытчаларды тартып бекитүүчү OPV шайманы.
68. Нвс01-02-15.Имараттын бетин бойлой ӨӨККЗ-2 зымын тамдын бетине орнотулуучу бекиткичтерди колдонуу менен төшөө
Жумуштун мазмуну: Даярдалган жумуш ордунда тамдын бетине орнотулуучу BRPF 150.6 (SC-93-1P) бекиткичтер орнотулчу жерлери тамдын бетинде белгиленип алынат аралыктары 70см ден кем эмес кылынып, өлчөөчү боону колдонуу менен. Белгиленген жерлерде тешкич (перфоратор) менен туюк тешиктер оюлат, аларга дюбел мыгынын куйрукчалары салынат ага балка менен тебүүчү өзөктөрү кагылат бекиткичтин жыйнагынан, тешиктер бекиткичтердин капкакчалары менен жабылат. ӨӨККЗ бооланмасы бекиткичтин таканчык аянтасына жаткырылып орнотуучу пластикалык илгичтер менен тартылып RIL 9 шайманы менен тартылып бекитилет. Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкер -2 адам (иш жүргүзүүчү -1, тайпанын мүчөсү-1 адам).
10 бекиткичти орнотуп ӨӨККЗ зымын төшөөгө болгон убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Имараттын бетин бойлой ӨӨККЗ-2 зымын тамдын бетине орнотулуучу бекиткичтерди колдонуу менен төшөө: Жыгач тамдарда Бышкан керамика кышы менен болгон тамдарда Темир-куйматаштуу панелдүү тамдар
0,33 0,58 0,78
1
2
3
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар, CSL260 (180) же Е 778тартуучу каамытчалары, BPRF 150.6 (SC-93-1P) тамдын бетине орнотулчу бекиткичтери, тартуучу каамытчаларды тартып бекитүүчү OPV шайманы.
69. Нвс01-02-16.ӨӨККЗ-2 зымын алмаштыруу (узундугу 0,5км, түркүктөрдүн саны 1 кмде 22 даана болгондо)
Жумуштун мазмуну:
1) Жумуш орду даярдалган жерде тайпа баардык түркүктөрдү бүтүндүгүнө (же чирибегендигине) текшерип, зым алмашылып жаткан бөлүктүн эки башындагы омоктук бекиткичи бар түркүктөрдөн ӨӨККЗ зымы сапсалгылар жана тарткычтар менен бекитилет.
2) Тоскоол кылган кириш зымдары жана бутактамалар чечилет, алмашылуучу боо зым 60 сантиметирдей бош калдык калтырылып кесилет эки тарабынан, кесилген зым жерге түшүрулүп түрмөктөлүп жыйналат.
3) Тартуучу зым арканды чубап жайып жана омоктук жана бурчтук түркүктөрдө орнотулган дөңгөлөкчөлөр менен тартылып өткөрүлөт (ӨӨККЗ зымы түз бөлүктө жайылып тартылса, аны туз эле кармап туруучу кыскычтар аркылуу жайып чубайт.
4) Тартуучу зым арканды чубап жайып алгандан кийин ага ӨӨККЗ зымы кошулуп жана аны жай тарта башташат чубачу механизмди колдонуп, зымды жер менен сүйрөлүп же темир же бетон курулмаларына тийип сурулбөгөндөй кылып.
5) Тыгыздоочу кошуучу кыскычтарды колдонуп кошуп жаткан ӨӨККЗ зымынын нөлдүк жана фазалык өзөктөрү узунду боюнча бири-биринен 20 см аралыкта кылып кошулуп кол кыскычы менен тыгыздалып бекилет.
6) Кыскычтардын ортолорунда жана эки тарабынан боо зым тартуучу каамытчалар менен тартылып бекилет. Бекитүү омоктук түркүктөн башталат технологияны сактоо менен жана тийиштүү тартылуу менен октук тийиштүү салаңтыкты камсыз кылып. Экинчи учу да омоктук кыскыч менен бекитилет, аралык түркүктөрдө тийиштүү кармап туруучу кыскычтарда бекилет.
7) Бутактамалар калыбына келтирилет (алар бар болгон учурда) тийиштүү кыскычтар менен бекилип жана технологияны сактоо менен. ӨӨККЗынын тартылуусун динамометр менен көзөмөлдөйт.
Тайпанын курамы: Иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, Y-топтогу электрэпкер -1, IY – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер -2 адам (тайпанын мүчөсү), чубагыч механизми менен болгон автомашинанын айдоочусу -1.
0,5 км аба чубалгысын алмаштырууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
ӨӨККЗ-2 зымын алмаштыруу (узундугу 0,5 км, түркүктөрдүн саны 1 кмге 22 болгон учурда)
15.45
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар, ӨӨККЗны орнотуу үчүн керектүү ыкташтырмалар, MJPT 50N кошуучу кыскычы, CSL260 (180) же Е 778тартуучу каамытчалары, ST 26.1 орнотуучу дөңгөлөкчөлөү, кармап туруучу кыскычтар, кырчоолочу тасма, кыпчыткычтар, боо зымга кийгизүүчү байпакча, вертлюг, кырчоолочу илмек, омоктук кыскыч, ажыратуучу шынаалар, тартуучу каамытчаларды тартып бекитүүчү OPV шайманы.
Бөлүм 5. 6-20 кВтук КЗАЧтардагы оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча жумуштарды аткарууга болгон эмгек коромжулары.
70. Нвс02-01-01. Узун жалындуу дүрмөтсүздөндүргүчтөрдүн абалын текшерүү
Жумуш мазмуну: Даярдалган жумуш ордунда түркүккө чыгып узун жалындуу дүрмөтсүздөндүргүчтөрдүн (УЖД) абалы текшерилет, тышкы каптамасынын бүтүндүгү, үстүртөн чабышуулардын издери, зымчынынын шишине же тиреккарыга (траверсага) бекилүүсүнүн ишенимдүүлүгү, ошондой эле ӨӨККЗ өзөгүнө, ӨӨККЗ зымынын УЖД бекилген жериндеги каптаманын тешилүүсүнүн жоктугу, ШФ-10дун шишине отургузулган УЖДнын зымчынын этегине карата болгон аралыктын туура сакталышы жана ӨӨККЗ зымы менен кыскычтын жана дүрмөтсүздөндүргүчтүн темир түтүгүнүн ортосундагы абалык жалын аралыгынын сакталышы. Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкер -2 адам (иш жүргүзүүчү -1, тайпанын мүчөсү-1 адам).
1 УЖ дүрмөтсүздөндүргүчүн текшерүүгө болгон убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
Узун жалындуу дүрмөтсүздөндүргүчтөрдүн абалын текшерүү
0,51
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар, түрүлмө кездемелүү узундук өлчөгүчү (метр)
71. Нвс02-01-02. ӨӨККЗнын кармап туручу өзөгүнүн кошулушунун сапатын тыштан кароо менен текшерүү (1 кошулма).
Кошулуунун сапатын тийимдик кошулманын каршылыгын өлчөө менен текшерүү. Жумуш мазмуну:
1) Текшерүү тандалып, 2-ден 15% чейинки кошулмалар түркүккө чыгуу менентекшерилет, кошулмалардын геометриялык өлчөмдөрүнүн орнотууга болгон нускамалар боюнча тууралыгы, кошулмалардын кыйшаюуларынын жоктугуна (кошулманын кыйшаюусу 3%дан ашпашы керек), кошулмалардын тыгыздалышынын сапаты, кошуучу кыскычтын үстүндөгү жаракаларынын, механикалык бузулууларынын жоктугу да текшерилет.
2) Тийимдик кошулманын каршылыгын өлчөөнү амперметр-вольтметр ыкмасы менен туруктуу же өзгөрүлмө агында, микрометр же экилик көпүрөменен жүргүзулөт тийиштүү алеттердин пайдалануу нускамалары боюнча. Электрдик каршылыкты кошулуу бөлүгүндө өлчөгөн учурда ал өзөктүн толук бөлүгүндөгү ошондой эле узундуктагы каршылыктан 20%дан ашык айырмаланбашы керек. Айырма 20%дан ашса тийим жараксыз деп табылат- жана кошулма кайра жасалышы керек.
Тайпанын курамы: IY- топтогу электр эпкери -1(иш жүргүзүүчү), III- топтогу электрэпкер -1 адам (тайпанын мүчөсү).
ӨӨККЗнын кармап туручу өзөгүнүн кошулушунун сапатын текшерүүгө кетчу убакыт ченеми (4өзөк)
Текшерүү ыкмасы
Электрэпкер
№ и/м
ӨӨККЗнын кармап туручу өзөгүнүн кошулушунун сапатын текшерүү: тыштан кароо менен текшерүү (1 кошулма) Кошулуунун сапатын тийимдик кошулманын каршылыгын өлчөө менен текшерүү
0,40
1,02
1
2
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар, эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар, алеттер.
72. Нвс02-01-03.Кошуучу жана бутактамалык кыскычтардын өзөктүк белгилерин текшерүү (1 кошулма)
Жумуш мазмуну: Текшерүү зымдын өзөктөрүн кошуучу жана бутактамалык кыскычтар менен кошкон жерлеринде жүргүзүлөт, зымдардын түрүн (маркасын) жана фазалык зымдардын туура кошулушун аныктоо үчүн алардын тийиштүү түстөрүнөн, фзалык кошулуунун тууралыгын жана сапатын камсыздоо үчүн түркүккө чыгуу менен, ар турдүү кошулуп жаткан зымдардын бар экендигин жана аларды кошкондогу бири-бирине туура келишин аныктоо үчун. Тайпанын курамы: III- топтогу электрэпкер -2 адам (иш жүргүзүүчү-1, тайпанын мүчөсү-1).
1 кошулууга кетүүчү убакыт ченеми (4өзөк)
Текшерүү ыкмасы
Электрэпкер
№ и/м
Кошуучу жана бутактамалык кыскычтардын өзөктүк белгилерин текшерүү (1 кошулма)
0,51
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар, эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар.
73. Нвс02-01-04.ӨӨККЗ зымын жогорулатылган чыңалуу менен сыноо
Жумуш мазмуну:
1) Сыноо жүргүзүлүүчү КЗАЧты азыктандыруу булагынан өчүрүү керек (ЖТКЧ, Ө-6-10, РЛНД, ЖӨ).
2) Механикалык бузулууларынын жоктугу каралат.
3) Электролабораторияны жана сыноо жүргүзүүчү жерди курчоо, электрлабораториясын жердештирүү.
4) Жогорулатылып түздөлгөн (турукташтырылган) чыңалуу менен сыноонун түзмөгүн чогултуу.
5) Сыноочу трансформатордун жогорку вольттогу алгачынан жердетмени алуу.
6) Жогорку чыңалууну берип зымдын ар бир өзөгүн жогорулатылган 20 кВ чыңалуу менен сыноочу трансформатордон 5 мүнөт аралыгында кармап сыноону жүргүзүү ыкмасы боюнча сыналат. Сыноонун башында жана аягында агып кетүү агыны өлчөнөт, анын жыйынтыгынын негизинде каптамалуу зымдын абалы аныкталат.
7) Сыноолордун жыйынтыгы журналга жана КЗАЧтын күбөнаамасына жазылат.
Тайпанын курамы:
Кесиби
Тобу
Эпкерлер саны
КЗАЧтын чыңалуусу,6-10 кВ
Электэпкер
4
1
Электрэпкер
3
1
Керектүү алеттер, шаймандар жана жабдыктар: мегаомметр на 1000 В, ачкычтар тобу (бурамалык, учтук, ТКЧ-6-10/0,4 кВ ачкытары), эпкерлик шаймандар, жердетүүчү электрод, коргоо каражаттары, электротехникалык лаборатория.
1 өлчөөгө (сыноого) болгон убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Жумуштун көлөмү
Электрэпкер
ӨӨККЗ-3 зымын жогорулатылган чыңалуу менен сыноо
1- өзөк
1,08
Ар бир кийинки өзөккө
0,64
1 КЗАЧка
3,08
74. Нвс02-01-05.ӨӨККЗ-3түн огунан кеткен салаңтыгын текшерүү
Жумуштун мазмуну:
1) Огуна карата салаңтыгын текшерип жаткан түркүктөр аралыгынын узундугун өлчөө керек. Тартылган зымдын огуна карата салаңтыгынын санирээткисине, абанын температурасына жана түркүктөр аралыгынын узундугуна жана КЗАЧтын зымынын кесилишине ылайык керектүү окко карата салаңтыктын мааниси аныкталат.
2) Чоюп тартууларды омоктук же акыркы түркүктө өзөктүн омоктук бекитилүүчү жеринен жүргүзүлөт.
3) Түркүккө көтөрүлүп өзөккө орнотуучу SCT 50-70 кыскычы орнотулат, ага динамометр жана кол тарткычы учу жок арканы менен бекитилет, зымдын аралык бекиткичтери бошотулат алдын ала зым бекилген түркүктөрдүн кронштейндерине туура калакчалары аныкталган деңгээлде бекитилген атуучу сызгычтар илинип коюлат.
4) Көз менен атып бир эле учурда чоюп тартып жана КЗАЧтын тартылуу күчүн динамометр менен көзөмөлдөп керектүү салаңтыкка жеткизилет.
5) Кыскыч кронштейнге чыйралма байлооч менен бекитилип жана ал зымга орнотулган атуучу сызгыч, тарткычтар (лебедкалар) чечилет.
6) Зымды тартып жатканда тартылуу күчү жол берилген ченемдерден ашпашы керек, анткени жылдын суук мезгилинде бекиткичтерге жана түркүктөргө болгон тартылуу күчтөрү эселеп көбөйөт да алардын эрте иштен чыгууларына алып келет.
Тайпанын курамы: IV - топтогу электр эпкери -1(иш жүргүзүүчү), III- топтогу электрэпкер -1 адам (тайпанын мүчөсү).
1 өлчөөгө кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Жумуш көлөму
Электрэпкер
ӨӨККЗ-3түн огунан кеткен салаңтыгын текшерүү
1 өлчөө
1,22
Керектүү шаймандар, алеттер, жабдыктар: кол тарткыч (лебедка), атуучу сызгычтар, 15 кНдук динамометр, эпкерлик шаймандары, коргоочу каражаттар, ачкычтар жыйнагы, учу жок аркан.
75. Нвс02-01-06.ӨӨККЗ – 3түн аралык өлчөмдөрүн текшерүү
Жумуш мазмуну:
1) Өтмөктүн же кесилиштин абалын текшерип.
2) Узартылма сапты чогултуп же алетти АЧ огуна туурасынан өлчөнгөн аралыкта орнотулат.
3) Узартылма сап же алет менен бийиктик аралыгы өлчөнөт: тигинен аралыкты электр өткөрүүчү АЧсынын зымдарынын эң төмөн салаңдаган жеринен кесилишип өтүп жаткан автомобиль жолдоруна чейин, байланыш чубалгыларына чейин, уюлдук операторлордун КЗЧларына (каптама зымдуу чубалгыларына), башка чыңалуудагы АЧларага ж.б., ошондой эле түркүктөн кесилишке чейинки аралыктарды, алет менен өлчөнгөн бийиктиктерди эсептеп.
4) Өлчөөлөрдүн жыйынтыктары жазылат.
Тайпанын курамы: Электрэпкерлер: 4- топтогу -1, 2- топтогу -1.
1 өтмөк же кесилишке болгон убакыт ченеми (3-зым)
Өлчөө ыкмасы
Электрэпкер
Өлчөөнүн катар саны
Алет менен
0,4
1
узартылма сап менен
0,57
2
Керектүү алеттер, шаймандар жана жабдыктар: узартылма сап, бийиктикти өлчөөчү алети, рулетка, коргоочу каражаттар.
76. Нвс02-02-01.Узун учкундоочу дүрмөтсүздөндүргүчтөрдү орнотуу
Жумуш мазмуну:
1) УУДыны анын көрүнүктүү бузуктары, жаракалары, майышуулары, четтеринин сынган жерлеринин жоктугуна кароо керек.
2) УУДлар бир түркүккө бирден орнотулат (көп чынжырлуу АЧынын окшош фазаларына) фазалары алмашылып. УУДкүчтүк зымда орнотулуучу кыскыч менен жыйнакталып орнотулат, илме зымчыныларга орнотулуучу УУДылардан тышкааркысы, ал жерде ар-тараптуу кыскыч колдонулбайт.
3) Орнотууну дүрмөтсүздөндүргүчтүн илмеги зымчыныга карата АЧ боюнча кубаттуулукту берүү багыты жакка каратып жайгаштырылат.
4) УУДынын калакча кыскычы дүрмөтсүздөндүргүчтү бекитүүчү кыскычтын сайлуу шиштерине кийгизилип жана бурама менен ШФ-10 зымчынынсынын шишине кысып бекитет, зымчынынын этегинен бекиткичке чейинки аралыкты 60мм ден кем болбогондой сактоо менен.
5) Экинчи учу зымга тешүүчү кыскычтын жардамы менен дүрмөтсүздөндүргүчтүн темир түтүкчөсүнүн тушунабекилет, зымдын же чылбырактын узундугу боюнча дүрмөтсүздөндүргүчтүн бекилген түйүнү жакка жылдыруу менен, зым (чылбырак) менен дүрмөтсүздөндүргүчтүн темир түтүкчөсүнүн ортосунда 40мм учкундоо аралыгын түзүү менен, ал эми акыркы менен зымдын (чылбырактын) кыскычынын ортосунда -20мм.
6) УУДыны асма зымчыныларга кыскыч колдонбой орноткон учурда учкундоо аралыгы УУДынын темир түтүкчөсү менен асма зымчынын тобун кармап туруучу кыскычынын ортосунда орнотулат.
7) УУДыны орноткондон кийин анын коргоочу кабыкчасы алынып ташталат.
Тайпанын курамы: Электрэпкерлер: 4- топтогу -1, 3- топтогу -1.
1 дүрмөтсүздөндүргүчкө кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
.Узун учкундоочу дүрмөтсүздөндүргүчтөрдү орнотуу
2,4
1
Керектүү алеттер, шаймандар жана ыкташтырмалар, PDR 10 (РДИМ-10-1,5) узун учкундоочу дүрмөтсүздөндүргүч, ПС-2-1 кыскычы, коргоочу каражаттар.
77. Нвс02-02-02.01.ӨӨККЗдагы сынган шишке отургузулма зымчыныларды алмаштырүү
Жумуш мазмуну:
1) Түркүккө чыгып чыйралма байлагычтарды чечип сынган зымчыныдан зым бошотулуп жанаша турган зымчынынын башынан ары өткөзүлүп коюлат да сынган зымчыны жаңысына алмаштырылат.
2) Байлануучу жеринде зымдын каптамасынын бүтүндүгү текшерилет, керек болгон учурда өзү чапталма тасма менен каптамаланат жана зымчыныга жаңы чыйралма байлагычтар менен технологияга жараша бекилет – бир байлагычтын илмеги зымчынынын мойнуна илинет, байлагычтын учтары зымдын тартылуу жагына бурулуп, бир учу үстү жагынан алынып, ал эми экинчиси зымчынынын асты жагынан алынып ӨӨККЗ зымын айландыра оролуп бекилет. Экинчи байлагычтын илмеги зымчынынын мойнуна илинип учтары биринчинин багытына каршы бурулуп, биринчи байлагычтай эле оролуп байланат.
Тайпанын курамы: Электрэпкерлер: 4- топтогу -1, 3- топтогу -1.
1 зымчыныны алмаштырууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
-ӨӨККЗдагы сынган шишке отургузулма зымчыныларды атайын механизмдерди пайдаланбай алмаштырүү
- ӨӨККЗдагы сынган шишке отургузулма зымчыныларды атайын механизмдерди пайдалануу менен алмаштырүү
0,80
0,71
1
2
Керектүү алеттер, шаймандар жана ыкташтырмалар, ШФ-20УО (ШФ 20ГО, БШИ20, IF 27) шиш зымчынылары, ВС (СВ, ПВС) чыйралма байлагычтары, CSL 260 тартуучу каамытчалары, жылчыксыздоочу өзү чапталма тасмасы, К-9 капкакчасы, коргоочу каражаттар.
78. Нвс02-02-02.02.Сынган асма зымчыныларды алмаштыруу
Жумуш мазмуну:
1) Түркүккө чыгып чылбырак бошотулат, андагы тешүүчү кыскычты чечүү менен.
2) Түркүккө тарткыч (лебедка) бекитилип, зымды тарткычтын орнотуучу кыскычына бекитип аны тартуу менен зымдын тартылуу күчүн омоктук шынаалуу кыскычтан тарткычка которулат, тартуучу кыскычтын тулкусунан зымдын бекиткичи чечилип.
3) Кыскыч зымчыныдан жана сынган зымчыны тиреккарыдан ажыратылат, жаңы зымчыны тескери тартипте орнотулат тартылуу күчүн тарткычтын зымарканынан омоктук кыскычка которуу менен, зым болсо чылбыракта тешүүчү кыскыч менен кошулуп, тешүүчү кыскычка коргоочу кабы кийгизилет.
4) Зымдын абалы текшерилет, анча-мынча каптаманын бузулуулары бар болгон учурда жылчыксыздандыруучу чапталма тасма колдонулат. Зымдын түркүктүн түзүлүштүк бөлүктөрүнө тийүүсү жок болушу керек.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер – айдоочу 1 адам (тайпанын мүчөсү.
1 зымчыныны алмаштырууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
ТМ машинисти
№ и/м
- ӨӨККЗдагы сынган асма зымчыныларды алмаштыруу
2,12
0,8
1
Керектүү алеттер, шаймандар жана ыкташтырмалар, ЛК 70 (SML 70/10, ПС70 Е) асма зымчынылары, ПШИ полимердик зымчыны, ОЗ-35-150 бутактоочу кыскычы, жылчыксыздоочу өзү чапталма тасмасы SCT 20, К-2 капкакчасы, коргоочу каражаттар.
79. Нвс02-02-03. Түркүктүн айрым бөлүктөрүн - ТМ-2001 (2002, 2004) тиреккарыларын алмаштыруу.
Жумуш мазмуну:
1) Түркүккө тырмакча чыккыч менен чыгып (же көтөргүч менен көтөрүлүп) зымдардын чыйралма байлагычтарын чечип, зымды тиреккарынын бекилген жеринен төмөнүрөөк түшүрүп байлап коюу керек.
2) Түркүктөгү тиреккарынын жана зымдардын бекилген жерин белгилеп зымчыныларды жана тиреккарыны чечүү керек.
3) Жаңы тиреккарыны белгиленген деңгээлде орнотуп, зымчынылары бекитилет, алардын бүтүндүгүн текшерип, керек болгон учурда сыныктарын алмаштыруу менен, зымдарды зымчыныларга чыйралма байлагычтар менен байлайт технология боюнча октон кетүүчү салаңтыкты жөндөө менен.
4) Омоктук, омоктук-бурчтук түркүктөрдөгү тиреккарыларды алмаштырган учурларда тарткычты (лебедканы), орнотуучу дөңгөлөкчөлөрдү пайдалануу керек, зымды тарттырып жана чылбыракты ажыратып, чылбырактагы тешүүчү кыскычтарды чечип жана каптамалык илгичтерди бошотуп, ошондой эле зымдардагы омоктук кыскычтарды чечүү менен.
5) Орнотуу тескери тартипте орнотуунун технологиясына жараша жүргүзүлөт.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IY – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер – 1 адам (тайпанын мүчөсү), ТМын (телемунаранын) айдоочусу – 1 адам.
1 тиреккарыны алмаштырууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
ТМ- машинисти
№ и/м
Түркүктүн айрым бөлүктөрүн-аралык түркүктөгү ТМ-2001 тиреккарысын алмаштыруу; -“- акыркы омоктук түркүктө ТМ-2002ни алмаштыруу; -“- бурчтук-омоктук түркүктө ТМ- 2004 тиреккарыларын алмаштыруу
1,58
1,90
2,29
0,33
0,37
0,37
1
2
3
Керектүү алеттер, шаймандар жана ыкташтырмалар, ПШИ полимердик (ШФ20Г1) зымчынылары, ОЗ-35-150 бутактоочу кыскычы, жылчыксыздоочу өзү чапталма тасмасы SCT 20, К-9 капкакчасы, коргоочу каражаттар, чыйралма байлагычтар ВС (СВ, ПВС), тартуучу каамытча CSL 260, ТМ-2001 (2002, 2004) тиреккарылары, Pi зымчынылары, РА омоктук шынаалуу кыскыч, тешүүчу кыскыч ОЗ-35-150, СК-7-1А скобасы, каамытчалар, СЕ-16-150 капкакчалары, К-2 чоң каптары, коргоо каражаттары.
80. Нвс02-02-04.01.ӨӨККЗ -3төгү буралган тартуучу кыскычты алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда буралган тартуучу кыскыч алмашылчу фазалык зым бошотулат, тарткыч жана орнотуучу дөнгөлөкчөнүн жардамы менен чылбырак бошотулат.
2) Зым жерге түшүрулүп андан алмашылуучу буралган тартуучу кыскыч чечилет, алдын ала каптама зымда буралган тартуучу кыскыч орнотулчу жерге белги коюу менен.
3) Зым каптамасынын бузулуулары жоктугуна текшерилет, керек болгон учурда орнотуучу өзү чапталма тасма менен кайра каптамаланат. Каптама зымдагы белги коюлган жерге буралма кыскычтын биринчи (жазы) тутамы орнотулат кронштейге (тиреккарыга) бекиле турчу илмек калтырып.
4) Жыйнактын калган тутамдары оролот, чырмаштырылбай. Зымды көтөрүп тартуу керек, буралмалардын тутамдарынын илмектерин омоктук бекиткичтин шынаа-илмегинен (клин-коуш) өткөзүү менен, илмек (коуш) ортотогоо менен кошулат, же болбосо атайын тарткыч (талреп) менен жана курулмадагы омоктук бекиткичтин түйүнү менен.
5) Буралма тутамдардын жанып кетпеши үчүн алар каамытчалар менен бирге тартылып коюлат.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IY – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер –айдоочу - 1 адам (тайпанын мүчөсү).
1 буралган тартуучу кыскычты алмаштырууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
ТМ- машинисти
№ и/м
ӨӨККЗ -3төгү буралган тартуучу кыскычты алмаштыруу
1,59
0,45
1
Керектүү алеттер, шаймандар жана ыкташтырмалар, жылчыксыздоочу өзү чапталма тасмасы SCT 20, коргоочу каражаттар, тартуучу каамытча CSL 260, РА омоктук шынаалуу кыскыч, НСО (НБ 60) буралма тартуучу кыскычынын жыйнагы.
81. Нвс02-02-04.02.ӨӨККЗ -3төгү тешүүчү кыскычты алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда түркүккө чыгып тешүүчү бутактама кыскычы чечилет.
2) Зымдын каптамасынын бүтүндүгүн текшерип, керек болгон учурда өзү чапталма тасма менен каптамалап, негизги зымды жаңы кыскычка бекитет, андан кийин бутактоочу зымды бекитет, бураманын тартылуусун 40 Нм ге жеткизе, тешүүчү кыскычка коргоочу капкакчаны кийгизип бекитет.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV– топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер –айдоочу - 1 адам (тайпанын мүчөсү).
1 кыскычты алмаштырууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
ТМ- машинисти
№ и/м
ӨӨККЗ -3төгү тешүүчү ОЗ-35-150 бутактама кыскычын алмаштыруу, ТМ жок -“- ТМ менен
- Бир учурда алмашылуучу ар бир кийинки кыскычка
0,88 0,73
0,33
- 0,45
0,33
1
2
3
Керектүү алеттер, шаймандар жана ыкташтырмалар: ОЗ-35-150 тешүүчү бутактама кыскычы, жылчыксыздоочу өзү чапталма тасмасы SCT 20, К-2 чоң кабы, коргоочу каражаттар.
82. Нвс02-02-04.03.ӨӨККЗ-3гү кармап туруучу кыскычты алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда түркүккө чыгып кыскычтан зымды ажыратат анын шынааларын (кармагычтарын) ачып, зым обочолотулуп кармап туруучу кыскыч чечилет.
2) Кронштейнге жаңы кармап туруучу кыскыч бекилет, кыскычтын кармагычына зымды жаткызып шынаалар менен кысып бекилет, алдын ала каптамасынын бүтүндүгү текшерилип, керек болгон учурда өзү чапталма тасма менен каптамалап.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IY – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер –айдоочу - 1 адам (тайпанын мүчөсү).
1 кыскычты алмаштырууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
ТМ- машинисти
№ и/м
ӨӨККЗ-3гү кармап туруучу кыскычты алмаштыруу Бир учурда алмашылуучу ар бир кийинки кыскычка
0,75
0,33
0,45
0,33
1
2
Керектүү алеттер, шаймандар жана ыкташтырмалар: ПГ-30/12-20 (PS 25-95) кармап туруучу кыскыч, жылчыксыздоочу өзү чапталма тасмасы SCT 20, коргоочу каражаттар.
83. Нвс02-02-04.04.ӨӨККЗ -3төгү акыркы омоктук кыскычты алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда чылбыракты ажыратуу керек (чылбырактагы тешүүчү кыскычты чечип).
2) Тарткычтын (лебедканын)жана орнотуучу кыскычтын жардамы менен зымды тартып, зымдагы тартылуу күчүн алып таштоо үчүн, омоктук кыскыч чечилет, зымдын каптамасынын бүтүндүгүн текшерип, керектүү болгон учурда өзү чапталчу тасма менен каптамалап жаңы омоктук кыскыч орнотулат.
3) Кыскычка зымды бекитип, тарткычтагы тартуу күчун азайтып орнотуучу кыскыч чечилип алынып, тешүүчү кыскычты тартып бекитип, чылбырактагы зымды тешүүчү кыскыч менен бириктирип, тешүүчү кыскычка коргоочу кап орнотулат, зымдын түркүктүн түзүлүштөрүнө тийүүсүн жок кылуу менен, керек болгон учурда зымдын огунан кеткен салаңтыгын жөндөп.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер –айдоочу - 1 адам (тайпанын мүчөсү).
1 кыскычты алмаштырууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
ТМ- машинисти
№ и/м
ӨӨККЗ -3төгү акыркы омоктук кыскычты алмаштыруу ТМсыз -“- ТМ ны колдонуу менен
1,75 1,46
- 0,70
1
2
Керектүү алеттер, шаймандар жана ыкташтырмалар: РА (RPi) омоктук шыналуу кыскычы, ОЗ-35-150 бутактама кыскычы, жылчыксыздоочу өзү чапталма тасмасы SCT 20, К-2 чоң кабы, коргоочу каражаттар.
84. Нвс02-02-04.05.Түркүктөр аралыгындагы ӨӨККЗ-3 зымынын кошуучу кыскычын алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда электрэпкерлер кошуучу кыскыч бекилген жерге ТМ нын чарбагына түшүп көтөрүлүшөт.
2) Сапсалгыны, буралма тартуучу кыскычты, туртуучу шынаалуу кыскычты колдонуп зым эки тарабынан тартырылат.
3) Эски кошуучу кыскыч чечилип алынат.
4) Зымдын учтары эки тарабынан тең аарчылып тазаланылат, кыскычтын узундугунун жарымына жакын жери, ысытылып отургузулуучу түтүкчө кийгизилет, тазаланган учтар кошуучу цанга түрүндөгү (серпилгичтүү түтүкчө) кыскычтын кысуучу бөлүгүнө киргизилип капкагынын бурамасы тартылат, же шынаа өңдүү тийимдик серпилгич кийигизилген автоматтык кыскычтын ичине, аны карматып коюуга.
5) Кыскыч алдын ала кийигизилген ысытылып отургузулчу түтүкчө менен жабылып, ысытылып бекитилет.
6) Тыгыздоо ыкмасы менен кошуучу кыскыч жерден орнотулуп алынса болот кошулмасы бар аралыктагы алмашылчу кыскычы бар зымды жанаша турган түркүктөрдөн чечип алып жана зымды жерге түшүрүү менен.
7) Жаңы кошуучу кыскычты орноткондон кийин сапсалгы менен зымдын тартылуусун бошотуп тартуучу буралма кыскычты же шынаалуу тартуучу кыскычты чечип, зымдын огуна карата салаңтыгы текшерилет.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IY – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер - 1 адам (тайпанын мүчөсү), ТМ нын айдоочусу -1 адам.
1 кыскычты алмаштырууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
ТМ- машинисти
№ и/м
Түркүктөр аралыгындагы ӨӨККЗ-3 зымынын кошуучу кыскычын алмаштыруу ТМны колдонуп;
- “ - ТМсыз, цанга түрүндөгү кошуучу кыскычты;
-“- ТМсыз тыгыздоо менен
1,48
1,78 2,86
0,83
- -
1
2
3
Керектүү алеттер, шаймандар жана ыкташтырмалар: сапсалгы, шыналуу тартуучу кыскыч, тартуучу буралма кыскыч, MHV (CIL, MJRP) кошуучу кыскычы, ысытылып отургузулуучу түтукчө, цанга түрүндөгү кыскыч, коргоочу каражаттар.
85. Нвс02-02-04.06. Түркүктөгү ӨӨККЗ-3 зымынын чылбырагындагы кошуучу кыскычты алмаштыруу.
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда түркүккө чыгып, түркүккө аркан менен байланган шынаалуу кыскычы менен болгон сапсалгы бекилет.
2) Тартуучу шынаалуу кыскычка зымды тартып бекитилет, тартуу күчүн зымдан тарткычка которуу менен.
3) Чылбырактагы эски кошуучу кыскыч чечилип алынат, зымдын ачылган эки учу тең зым сүрткү менен тазаланат, ысытылып отургузулуучу түтүкчөгө кошуучу зымдын бир учу киргизилет, тазаланган учтар цанга түрүндөгү кошуучу кыскычтын кысчу бөлүгүнө киргизилип капкачанын бурамасы тартылат, же автоматтык кыскычтын серпилгичтүү шынаа түрүндөгү тийимдердин ичине анын кармалып калуусу үчун.
40 Кыскыч алдын ала кийгизилген ысытылып отургузулчу түтүкчө менен жабылат жана ысытылып отургузулуп жабылат.
5) Тарткыч шынаалуу тартуучу кыскычты чечүү менен бошотулуп чечилет, тартылуу күчүн омоктук кыскычтарга (зымга) которуу менен.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер - 1 адам (тайпанын мүчөсү), ТМ нын айдоочусу (II-топтогу) -1 адам.
1 кыскычты алмаштырууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
ТМ- машинисти
№ и/м
Түркүктөгү ӨӨККЗ -3 зымынын чылбырагындагы кошуучу кыскычты алмаштыруу,ТМсыз, -“- ТМны колдонуу менен
1,84 1,53
- 0,62
1
2
Керектүү алеттер, шаймандар жана ыкташтырмалар: сапсалгы, шыналуу тартуучу кыскыч, тарткыч (лебедка), тартуучу буралма кыскыч, MHV (CIL, MJRP) кошуучу кыскычы, ысытылып отургузулуучу түтукчө, коргоочу каражаттар.
86. Нвс02-02-04.07.ӨӨККЗыдагы капталмаланбаган зым менен кошулуп бутактоочу жериндеги тешүүчу бутактама кыскычты алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда түркүккө чыгып тешүүчү бутактама ОЗП-35-150 кыскычы чечилет.
2) Жаңы кыскычтын жыйнактуулугу жана бүтүндүгү, капталмаланган жана капталмаланбаган зымдардын кесилиштерине туура келиши, жалпак кыскычтын жана анын тиштериндеги заводдук майынын бар экендиги текшерилет.
3) Капталмаланган зымдан каптамасынын бүтундүгүн текшерип, керек болгон учурда өзү чапталма тасма менен капталмалоо керек. Капталмаланбаган зымды кыскычка түз жалпак тийимдери жагына салынат, ал эми ӨӨККЗ тешүүчү тийимдери жакка салынат.
4) Зымдарды кыйшаюуга жана ийрейүүгө жол бербей алмак салмак бурамалары тегиз тартылып бекитилет, бурамалардын тартылуусун 40 Нмге жеткизе, тешүүчү кыскычка коргоочу калпакчалары орнотулат.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер –айдоочу - 1 адам (тайпанын мүчөсү).
1 кыскычты алмаштырууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
ТМ- машинисти
№ и/м
ӨӨККЗыдагы капталмаланбаган зым менен кошулуп бутактоочу жериндеги тешүүчу бутактама ОЗП-35-150 кыскычын алмаштыруу; -ошол эле түркүктөгү ар бир кийинки кыскычка
1,74
0,33
0,7
0,33
1
2
Керектүү алеттер, шаймандар жана ыкташтырмалар: сапсалгы, шыналуу тартуучу кыскыч, тарткыч (лебедка), тартуучу буралма кыскыч, MHV (CIL, MJRP) кошуучу кыскычы, ысытылып отургузулуучу түтукчө, коргоочу каражаттар.
87. Нвс02-02-05.01. Түркүктөгү ӨӨККЗ-3түн омоктук кронштейнин алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда түркүккө чыгып арканы менен болгон сапсалгыны кронштейндин түркүккө бекилген жеринен өйдөрөөк бекитилип коюлат.
2) Узундугу 1 метрдей болгон (кронштейндин түркүккө бекитилген жериндеги периметрден ашыгыраак) эки темир тасмасы кесилип алынынып даярдалынат.
3) Тасмаларды кармооч (бугель) менен кронштейнди бекиткендей кылып даярдайт.
4) Тарткычты бекитүү үчүн каамытты түркүккө бекитип ага динамометр илинет, ал эми ага болсо тарткыч илинет, тарткычка бакача –тандер (бакача-кыскыч) бекилет, анын кыскычына ӨӨККЗы зымы киргизилип тартып, тартуу күчүн омоктук кыскычтан тарткычка которуп, омоктук кыскыч зымы менен бошотулат жана омоктук кронштейн бекиткич тасмалары менен чечилип алынат.
5) Түркүккө жаңы омоктук кронштейндин астыңкы жана үстүңкү бөлүктөрү даярдалган темир тасмалар менен бекитилет OPV шайманы менен тартырылып.
6) ӨӨККЗы зым чоюлуп тартылат, тартуу күчүн динамометр менен көзөмөлдөп, жана зым омоктук кыскычка киргизилип бекилип, кыскычты кронштейнге бекитишет тартылуу күчүн тарткычтан омоктук кыскычка которуп. Ыкташтырмалар чечилип алынат.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер – айдоочу - 1 адам (тайпанын мүчөсү).
1 кронштейнди алмаштырууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
ТМ- машинисти
№ и/м
Түркүктөгү ӨӨККЗ-3түн омоктук кронштейнин акыркы омоктук түркүктө ТМсыз алмаштыруу -ошодой эле ТМны колдонуу менен
1,51
1,26
-
0,7
1
2
Керектүү алеттер, шаймандар жана ыкташтырмалар: сапсалгы, Б20 кармоочу (бугель), шыналуу тартуучу кыскыч, тарткыч (лебедка), омоктук кронштейн, бакача- кыскычы, темир тасмалары, OPV шайманы, CSL 260 (180) же Е 7788 тартуучу каамытчалары, коргоочу каражаттар.
88. Нвс02-02-05.02.ӨӨККЗ -3түн аралык асмасы үчүн омоктук кронштейнди алмаштыруу, 1 түркүктөгү.
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда түркүккө көтөрүлуп зымчынылардан буралма байлоочтор чечилип зым бошотулат, зымдар убактылуу түркүккө жип менен байланып коюлат, зымчынылар чечилип бүтүндүгү текшерилип ТМнын чарбагына салынып коюлат же жерге түшүрүлөт.
2) Үзартылган кронштейн чечилип алынат, таянычтары жана устунчасы түркүктөн чечилип, жаңы кронштейн көтөрүлүп устунчасын жана кронштейндин таянычтары түркүккө бекитилет анын түз турушу жөндөлүп көзөмөлдөнүп, устунчанын шиштерине зымчынылар орнотулат калпакчалары менен, зымчыныларга зымдар отургузулуп буралма байлагычтар менен бекитилет.
3) Ыкташтырмалар чечилип алынат.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер – айдоочу - 1 адам (тайпанын мүчөсү).
1 кронштейнди алмаштырууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
ТМ- машинисти
№ и/м
ӨӨККЗ -3түн аралык асмасы үчүн узартылган омоктук кронштейнди алмаштыруу(1даана).
2,84
0,78
1
Керектүү алеттер, шаймандар жана ыкташтырмалар: ӨӨККЗ-3түн аралык асмасынын узартылган омоктук КАДС (КАД) –II кронштейни, бурамалар, шайбалар, гайкалар, шплинттер, зымчынынын калпакчалары, БШИ 20, ШФ20Г зымчынылары, буралма байлагычтар, коргоочу каражаттар.
89. Нвс02-02-06.КЗАЧтагы түркүктөрдүн чойдурмаларын орнотуу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда чойдурманын төмөнкү учун буралма чойгучу (талпер) менен, ага кошулган зым аркан илгичи менен (скобасы) жерге кагылган казыкка (илмеги менен болгон казыкка) же атайын чыгарылмасы баржерге көмулгөн түпкүчкө (илмеги бар), чойдурманы илмек менен бекитүү үчүн арналган.
2) Чойдургучтун зым арканынын экинчи учун түркүккө көтөрүп тийиштүү бийиктикте илмек (коуш) менен бекитилген омоктук кронштейнге бекитилет. Чойдурманын тартылуусу долбоорлук тартылуу күчүнө жеткизилет буралма чойгучту (талперди) бурап, тартылууну өлчөөчү жабыштырма тартылуу өлчөгүчүнүн жардамы менен көзөмөлдөп. Колдонуучу ыкташтырма-шаймандар чечилип алынат.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер - 1 адам (тайпанын мүчөсү), экскаватордун машинисти -1 адам.
1 чойдурманы орнотууга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
Экскаватордун машинисти
№ и/м
КЗАЧтагы түркүктөрдүн чойдурмаларын орнотуу
1,85
0,78
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: 12,5мм зымаркандуу чойгуч В01 (02), илмектер СК-7 (16), КС-100 кыскычы, ПТР-7-1 буралма чойгучу (талпер), 45 тик илмек (коуш), коргоочу каражаттар.
90. Нвс02-02-07. ӨӨККЗнын бузулган каптамасын калыбына келтирүү
Жумуштун мазмуну:
1) Оңдолуучу аралыктын эки тарабындагы түркүктөрдөгү буралма байлагычтар бошотулуп зым жерге түшүрүлөт.
2) ӨӨККЗ зымын карап чыгып чүпүрөк менен сүртүп анын чаңдалуусун, нымдалышын, майланышын жок кылып, каптама бузулган жерин карап, каптамасы күйгөн жерин эпкерлик бычак менен тазалапөзөктүн бүтүндүгү аныкталат.
3) Зымдын өзөгү бүтүн болсо каптама кесилген, жарака кеткен же тешилген жери өзү кармап калуучу чайыры бар SCT20 каптамалоочу тасма менен жылчыксыздандырылат, алдын ала коргоочу улбүрөк кабыкчасын алып салып. Тартып туруп каптама бузулган жерди айланта каптаманын диаметрине түздөлгөнчө жеткизе ороп, анын үстүнөн туруктуу каптама бузулбаган жерин кошо камтый дагы эки кат кылынып оролот.
4) Зымдын өзөгү жабыркаган учурда жабаркаган бөлүктү кесип салуу керек, учтарын автоматтык (же цангалык) кошуучу кыскыч менен технологияга жараша кошуу керек. алдын ала зымга жылытылып отургузулуучу түтүкчөнү кийгизип, узундугун кыскыч бекитилген жерден эки тарабына 3-5 диаметрдик камдыкта калтырып.
5) Кошкондон кийин түтүкчө ысытылып отургузулуп жылчыксыздандырылат да зымды көтөрүп буралма байлагычтар менен бекилет.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер - айдоочу- 1 адам (тайпанын мүчөсү).
1 зымга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
-ӨӨККЗнын бузулган каптамасын калыбына келтирүү агын өткөрүүчү өзөгүнүн бузулуусу болбогон учур;
- ошондой эле, агын өткөзүүчү өзөгү жабыркаган учурда
0,92
1,84
1
2
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: жылчыксыздандыруучу SCT 20 (НИЛЕД) тасмасы, жылытылып отургузуучу түтукчө, автоматтык кошуучу АЦСт кыскычы, аачыгыч чүпүрөк, ВЛЗ 6-20 зымы, коргоочу каражаттар.
91. Нвс02-02-08. Аралыктагы ӨӨККЗы зымынын жараксыз бөлүгүн алмаштыруу (1 фазалык)
Жумуштун мазмуну:
1) Оңдолуп жаткан аралыктын эки тарабындагы түркүктөрдөн буралма байлагычтарды бошотуп, зымды жерге түшүрүү керек.
2) Зымдын жараксыз бөлүгүн алмаштырууга керектүү узундукта ӨӨККЗ зымын өлчөп кесип алуу керек. Тартуучу түзүлүштү (полиспасты) орнотуп ӨӨККЗ зымды чоюп тарттырып, жараксыз бөлүгун кесип таштоо керек, кошуучу жердеги зымдын учтарын чүпүрөк менен сүртүп тазалоо керек, чаңдан, нымдалышуудан жана майланышуудан, кошуучу учтардын каптамасын кошуучу кыскычтын узундугунун жарымына барабар кылып эпкерлик бычак менен кесип тазалап темир сүрткү менен тазалап кошуучу кыскычка киргизилет алдын ала зымга жылытылып отургузулуучу түтүкчө кийгизилип кошулманын бир тарабына.
3) Автоматтык кошуучу кыскычты бекитип же тыгыздоочу кыскычты тыгыздап бекитип жылытып отургузулчу түтүкчө кийгизилет кыскычтын эки тарабынан тең зымдын жоондугунун 3-5 диаметириндей учтарын ашыра калтырыпжана ысытылып отургузуп жылчыксыздандырылат.
4) Экинчи учу ушундай эле кылып бекитилет. Зым көтөрүлүп буралма байлагычтар менен бекитилет октон болгон салаңтыгы жөндөлүп.
5) Зымдын анча чоң эмес бөлүгун атайын механизмдерди колдонуу менен алмаштырган учурда (1метрге чейин), жараксыз бөлүктүн сапсалгы (полиспаст) менен жана орнотуучу шынааларды колдонуп зым эки тарабынан бекитилип тарттырылып туруп жараксыз жери кесилип ташталат.
6) Андан кийин автоматтык кошуучу кыскыч менен технологияга жараша кошулуп кошулма жылытылып отургузулчу түтүкчө менен жылчыксыздандырылат.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер - айдоочу- 1 адам (тайпанын мүчөсү).
1 зымга кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
№ и/м
- Аралыктагы ӨӨККЗы зымынын жараксыз бөлүгүн алмаштыруу (1 зым) ТМны колдонуусуз
- ошондой эле, ТМны колдонуу менен
3,15
2,85
1
2
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: жылытылып отургузуучу түтүкчө, автоматтык кошуучу АЦСт кыскычы, аачыгыч чүпүрөк, буралма байлагычтар, ВЛЗ 6-20 зымы, коргоочу каражаттар.
92. Нвс02-02-09. ӨӨККЗ – 3 корголгон зымын омоктук аралыкта (1км де 15 түркүк) алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда аралык түркүккө чыгып буралма байлагычтарды чечип алмашылуучу бөлүктөгү зымды кезеги менен түркүктөн жерге түшүрүлөт (керек болгон учурда жандыруучу дөңгөлөкчөлөрдү пайдаланып үстүлөрүндө арыкчасы бар асма же шишке отургузулчу зымчынылар бар болсо).
2) Омоктук түркүктөрдө чылбырактарды ажыратып (тешүүчү ОЗ-35-150 жана омоктук РА RPi кыскычтарын чечип) зымды жерге түшүрүп, чыгырыкка жыйнап алынат.
3) Жаңы зымы менен болгон жандыруучу түзүлүш орнотулуп, биринчи омоктук түркүктө жандыруучу дөңгөлөкчө орнотулат, ал эми экинчи омоктук түркүктө эки кат жандыруучу дөңгөлөкчөгө алар аркылуу тартуучу зым аркан өткөрүлөт, аралык түркүктөрдө дөңгөлөкчөлөрдүн ордуна үстүндө арыкчасы же тешиги бар зымчынылар өзүлөрү колдонулат, орнотуучу байпакчаны колдонуп зым трасса боюнча жандырылып чоюлат.
4) Зымды чоюп тартып керектүү окко карата салаңтыкты орнотуучу санирээтки боюнча камсыз кылуу менен жана динамометр менен тартылуу күчүн көзөмөлдөп зымды омоктук түркүктөрдө омоктук жана тешүүчү тарткыч кыскычтар менен бекитет, чылбырак тешүүчү кыскыч менен кошулуп чогултулат.
5) Аралык түркүктөрдө аралык бекитүүлөр буралма байлагычтар менен жүргүзүлүп, көтөрүп-тартуучу ыкташтырмалар чечилет.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер - 1 (тайпанын мүчөсү), ТМ машинисти (ТК 2 тобу) -1 адам.
1 км ге (1 зым2, 15 түркүк) кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электрэпкер
ТМ- машинисти
№ и/м
- ӨӨККЗ – 3 корголгон зымын омоктук аралыкта (1км де 15 түркүк) алмаштыруу, ТМсыз
- ошондой эле, ТМны колдонуу менен
20,20
16,83
-
6,75
1
2
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: ӨӨККЗ-3 зымы, ОЗ-35-150 тешүүчү кыскычы, РА RPi омоктук кыскычы, К-2 чоң кабы, СВ буралма байлагычтары, CSL 260 тартуучу каамытчалары, коргоочу каражаттар.
93. Нвс02-02-10-01(02-06). Омоктук аралыкта капталмаланбаган зымды ӨӨККЗ-3 зымына алмаштыруу (1 кмде 15 түркүк)
Жумуштун мазмуну:
________ 2 Бөлүктө бир эле учурда бир нече зым алмашылган учурда убакыт ченемин ар бир кийинки зымды алмаштырууга 0,8 көмөкчоңдугу менен аныктайт.
1) Даярдалган жумуш ордунда түркүктөргө чыгып омоктук бекитүүдөн баштап зымдын байлоолору чечилип кезеги менен зым жерге түшүрүлөт алмашылуучу бөлүктө кийинки омоктук бекитүүгө чейин. Омоктук түркүктөрдөгү тартуучу зымчынылар тобундагы чылбырактар ажыратылат (алар бар болгон учурда), зым жерге түшүрүлүп чыгырыкка түрүлүп жыйналат. Түркүктөрдө атайын зымчынылар орнотулат ШФ
2) УО (БШИ 20, SLM 70/10-20), биринчи жана акыркы омоктук түркүктөрдө, ошондой эле бурулуучу түркүктөрдө омоктук кронштейндер орнотулат омоктук кыскычтары менен.
3) ӨӨККЗ зымы менен болгон жандыруучу түзүлүш орнотулуп, биринчи омоктук түркүктө жандыруучу дөңгөлөкчө орнотулат, ал эми экинчи омоктук түркүктө эки кат жандыруучу дөңгөлөкчөгө алар аркылуу тартуучу зым аркан өткөрүлөт, аралык түркүктөрдө дөңгөлөкчөлөрдүн ордуна ШФ 20УО зымчынылардын тешиги же арыкчалары аркылуу өткөзүлүп, орнотуучу байпакчаны колдонуп зым трасса боюнча жандырылып чоюлат.
4) Зымды чоюп тартып керектүү окко карата салаңтыкты орнотуучу санирээтки боюнча камсыз кылуу менен жана динамометр менен тартылуу күчүн көзөмөлдөп зымды омоктук түркүктөрдө омоктук жана тешүүчү тарткыч кыскычтар менен бекитет, чылбырак тешүүчү кыскыч менен кошулуп чогултулат. Аралык түркүктөрдө аралык бекитүүлөр буралма байлагычтар менен жүргүзүлүп, көтөрүп-тартуучу ыкташтырмалар чечилет.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу – ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) - 1, III - топтогу электрэпкер - 1 (тайпанын мүчөсү), ТМ машинисти (ТК 2 тобу) -1 адам.
1 км ге (1 зым3, 15 түркүк) кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электр эпкер
ТМ- маши-нисти
№ и/м
Нвс02-02-10-01. Омоктук аралыкта капталмаланбаган зымды ӨӨККЗ-3 зымына алмаштыруу шишке отургузулуучу жана асма зымчыныларды алмаштыруу менен, ТМсыз
25,32
-
1
Нвс02-02-10-02. Омоктук аралыкта капталмаланбаган зымды ӨӨККЗ-3 зымына алмаштыруу, шишке отургузулуучу жана асма зымчыныларды алмаштыруу менен жана ТМны колдонуу менен
21,10
6,5
2
Нвс02-02-10-03. Омоктук аралыкта капталмаланбаган зымды ӨӨККЗ-3 зымына алмаштыруу,шишке отургузулуучу зымчыныларды алмаштырбай жана асма зымчыныларды алмаштыруу менен, ТМсыз
22,43
-
3
Нвс02-02-10-04. Омоктук аралыкта капталмаланбаган зымды ӨӨККЗ-3 зымына алмаштыруу, шишке отургузулуучу зымчыныларды алмаштырбай жана асма зымчыныларды алмаштыруу менен жана ТМны колдонуу менен
18,69
6,25
4
Нвс02-02-10-05. Омоктук аралыкта капталмаланбаган зымды ӨӨККЗ-3 зымына алмаштыруу шишке отургузулуучу жана асма зымчыныларды алмаштырбастан, ТМсыз
15,74
-
5
Нвс02-02-10-06. Омоктук аралыкта капталмаланбаган зымды ӨӨККЗ-3 зымына алмаштыруу шишке отургузулуучу жана асма зымчыныларды алмаштырбастан, ТМны колдонуу менен
13,12
6,07
6
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: ӨӨККЗ-3 зымы, ОЗ-35-150 тешүүчү кыскычы, РА RPi омоктук кыскычы, К-2 чоң кабы, СВ буралма байлагычтары, CSL 260 тартуучу каамытчалары, ШФ20 УО (ГО, БШИ 20) шишке отургузулчу зымчынылар, ЛК 70 (SML 70/10, ПС70Е) асма зымчынылары, жылчыксыздандыруучу тасма, коргоочу каражаттар.
94. Нвс02-02-11-01. Бир таянычтуу темир-куйматаштуу түркүгүн алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда алмаштырылуучу түркүккө жанаша эки тарабында турган түркүктөрдү тартыруучу бекиткичтер менен (расчалка) тарттырылып бекитилет, ТМнын жардамы менен чагылгандан коргоочу түзүлүштөр чечилет (алар бар болгон учурда),
2) Буралма байлагычтар чечилип зымды ылдый түшурүп чечилип жаткан түркүктөн ал чечилүүчү тараптан тескери жагына обочолотуп синтетикалык аркан менен тартырылып коюлат.
3) Зымдын каптама катмары жабыркабагандай кылып, туркүктү салмактык борборунан жогорураак илип тартырып, түркүктүн түбун жумшартып сууруп алып кармоочтор менен кармап жатактарга жаткызылып тиреккарысы жана зымчынылары чечилип жаңы түркүккө тагылат (керек болгондо жараксыздары алмашылып).
4) Түркүктүн түп жагы битум лагы менен сырдалат.
5) Жаңы түркүктү салмак борборунан жогорураак илип көтөрүп кармоочтор менен кармап казылган чуңкүрга орнотулуп топурак менен көмүлөт улам таптап бекитилет.
6) Зымды көтөрүп зымчыныларга буралма байлагычтар менен бекитилет, октон болгон салаңтыкты жөндөө менен, жердетүүчү түшмөлөр жана чагылгандан коргоочу түзулуштөр бекитилип, катарсаны жана коопсуздук белгилери жазылып коюлат.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер - 1 (тайпанын мүчөсү), автокран машинисти -1(ТК 2 топтогу), экскаватор машинисти 1, ТМ машинисти (ТК 2 топтогу) -1 адам.
1 түркүккө кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электр- эпкер
Автокран машинисти
ТМ- машинисти
Экскаватор машинисти
№ и/м
Бир таянычтуу темир-куйматаштуу түркүгүн алмаштыруу
4,2
0,7
0,7
0,34
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: СВ-110-3,5 түркүгү, К-9капкакча, СВ буралма байлагычтары, ШФ20 УО (ГО, БШИ 20) шишке отургузулчу зымчынылар, SCT жылчыксыздандыруучу тасма, ТМ-2001 тиреккарысы, Х-1 каамытчасы, битумдук лак, жалпак кыскыч ПА1-1, КСК сырлары, коргоочу каражаттар.
95. Нвс02-02-11-02. Аралык жыгач 6-20 кВтук түркүгүн темир-куйматаштуу түркүгүнө алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда алмаштырылуучу түркүккө жанаша эки тарабында турган түркүктөрдү тартыруучу бекиткичтер менен (расчалка) тарттырылып бекитилет, ТМнын жардамы менен чагылгандан коргоочу түзүлүштөр чечилет (алар бар болгон учурда).
2) Буралма байлагычтар чечилип зымды ылдый түшурүп чечилип жаткан түркүктөн ал чечилүүчү тараптан тескери жагына обочолотуп синтетикалык аркан менен тартырылып коюлат.
3) Зымдын каптама катмары жабыркабагандай кылып, туркүктү салмактык борборунан жогорураак илип тартырып, түркүктүн түбун жумшартып сууруп алып кармоочтор менен кармап жатактарга жаткызылып илмектери (тиреккарысы) же кронштейндери жана зымчынылары чечилип жаңы түркүккө тиреккары жана зымчынылар тагылат (керек болгондо жараксыздары алмашылып).
4) Түркүктүн түп жагы битум лагы менен сырдалат.
5) Жаңы түркүктү салмак борборунан жогорураак илип көтөрүп кармоочтор менен кармап казылган чуңкүрга орнотулуп топурак менен көмүлөт улам таптап бекитилет.
6) Зымды көтөрүп зымчыныларга буралма байлагычтар менен бекитилет, октон болгон салаңтыкты жөндөө менен, жердетүүчү түшмөлөр жана чагылгандан коргоочу түзулуштөр бекитилип, катарсаны жана коопсуздук белгилери жазылып коюлат.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер - 1 (тайпанын мүчөсү), автокран машинисти -1(ТК 2 топтогу), экскаватор машинисти 1, ТМ машинисти (ТК 2 топтогу) -1 адам.
1 түркүккө кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электр- эпкер
Автокран машинисти
ТМ- машинисти
Экскаватор машинисти
№ и/м
Аралык жыгач 6-20 кВтук түркүгүн темир-куйматаштуу түркүгүнө алмаштыруу
3,9
0,5
0,7
0,34
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: СВ-110-3,5 түркүгү, К-9 капкакча, СВ буралма байлагычтары, ШФ20 УО (ГО, БШИ 20) шишке отургузулчу зымчынылар, SCT жылчыксыздандыруучу тасма, ТМ-2001 тиреккарысы, Х-1 каамытчасы, битумдук лак, КСК сырлары, жалпак кыскыч ПА1-1, коргоочу каражаттар.
96. Нвс02-02-11-03.Бир таянычтуу бурчтук темир-куйматаштуу туркүгун алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда алмаштырылуучу түркүккө жанаша эки тарабында турган түркүктөрдү тартыруучу бекиткичтер менен (расчалка) тарттырылып бекитилет, ТМнын жардамы менен чагылгандан коргоочу түзүлүштөр чечилет (алар бар болгон учурда).
2) Буралма байлагычтар шишке отургузулчу зымчыныдан (тартуучу каптамалоочу асмалардан) чечилип зымды (тартуучу каптамалоочу асмалары менен) ылдый түшурүп чечилип жаткан түркүктөн ал чечилүүчү тараптан тескери жагына обочолотуп синтетикалык аркан менен тартырылып коюлат.
3) Зымдын каптама катмары жабыркабагандай кылып, түркүктүн таянычын салмактык борборунан жогорураак илип тартырып, таянычтын түбун казып сууруп алып кармоочтор менен кармап жатактарга жаткызылат, ошондой эле түрдө негизги тирөөчтү сууруп жатакка жаткызып алып тиреккарысын жана зымчынылары (шишке отургузулчу зымчынылар колдонулган болсо) чечип жаңы түркүккө тагат (керек болгондо жараксыздары алмашылып). Түркүктүн жердетүүчу чыгышы жердетүүчү түшмө менен кошулуп бекилет. Түркүктүн түп жагы битум лагы менен сырдалат.
4) Жаңы түркүктү салмак борборунан жогорураак илип көтөрүп кармоочтор менен кармап казылган чуңкүрга орнотулуп топурак менен көмүлөт улам таптап бекитилет.
5) Ошондой эле таяныч орнотулуп негизги түркүккө таяныч бекиткичи менен бекитилип, түбүн топурак менен көөмп улам таптап бекитилет.
6) Зымды (тартма обочолотуучу асмалары менен, алар бар болгон учурда)көтөрүп зымчыныларга буралма байлагычтар менен бекитилет (асма тартуучу зымчынылар тиреккарынын кулакчаларына), октон болгон салаңтыкты жөндөө менен, жердетүүчү түшмөлөр жана чагылгандан коргоочу түзулуштөр бекитилип, катарсаны жана коопсуздук белгилери жазылып коюлат.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер - 1 (тайпанын мүчөсү), автокран машинисти -1(ТК 2 топтогу), экскаватор машинисти 1, ТМ машинисти (ТК 2 топтогу) -1 адам.
1 түркүккө кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электр- эпкер
Авто- кран маши- нисти
ТМ- маши- нисти
Экска- ватор маши- нисти
№ и/м
Бир таянычтуу бурчтук темир-куйматаштуу туркүгун алмаштыруу зымды шишке отургузуучу зымчыныларга бекитүү менен, ТМди пайдалануу м-н
8,83
2,37
2,2
0,56
1
Бир таянычтуу бурчтук темир-куйматаштуу туркүгун алмаштыруу зымды тартуучу асма зымчыныларга бекитүү менен, ТМди пайдалануу м-н
9,53
2,43
2,2
0,56
2
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: СВ-110-3,5 түркүгү, К-9 капкакча, СВ буралма байлагычтары, ШФ20 УО (ГО, БШИ 20) шишке отургузулчу зымчынылар, SCT жылчыксыздандыруучу тасма, ТМ-2001 тиреккарысы, Х-1 каамытчасы, битумдук лак, КСК сырлары, жалпак кыскыч ПА1-1, ЛК70/10-И-3 (ПС-70Е) тартуучу асма зым чынылары, коргоочу каражаттар.
97. Нвс02-02-11-04. Бир таянычтуу бурчтук аралык жыгач туркүгун алмаштыруу
Жумуштун мазмуну:
1) Даярдалган жумуш ордунда алмаштырылуучу түркүккө жанаша эки тарабында турган түркүктөрдү тартыруучу бекиткичтер менен (расчалка) тарттырылып бекитилет, ТМнын жардамы менен буралма байлагычтар чечилип зымды ылдый түшүрүп чечилип жаткан түркүктөн ал чечилүүчү тараптын тескери жагына обочолотуп синтетикалык аркан менен тартырылып коюлат.
2) Зымдын каптама катмары жабыркабагандай кылып, түркүктүн таянычын салмактык борборунан жогорураак илип тартырып,
3) Таяныч негизги туркүккө бекилген түйүндү ажыратып таянычтын түбүн казып сууруп алып кармоочтор менен кармап жатактарга жаткызылат, ошондой эле түрдө негизги тирөөчтү сууруп жатакка жаткызып алып илмектери (тиреккарысы) же кронштейндери жана зымчыныларын чечип аларды жаңы түркүккө тагат (керек болгондо жараксыздары алмашылып).
4) Жаңы түркүктү салмак борборунан жогорураак илип көтөрүп кармоочтор менен кармап казылган чуңкурга орнотулуп топурак менен көмүлөт улам таптап бекитилет. Ошондой эле таяныч орнотулуп негизги түркүккө таяныч бекиткичи же омоктук бурама менен бекитилип, түбүн топурак менен көөмп улам таптап бекитилет.
5) Зымды көтөрүп зымчыныларга буралма байлагычтар менен бекитилет, октон болгон салаңтыкты жөндөө менен, жердетүүчү түшмөлөр жана чагылгандан коргоочу түзулуштөр бекитилип, катарсаны жана коопсуздук белгилери жазылып коюлат.
Тайпанын курамы: Жооптуу иш башкаруучу –ТК боюнча 5 топтогу, IV – топтогу электрэпкер (иш жүргүзүүчү) -1, III- топтогу электрэпкер - 1 (тайпанын мүчөсү), автокран машинисти -1 (ТК 2 топтогу), экскаватор машинисти 1, ТМ машинисти (ТК 2 топтогу) -1 адам.
1 түркүккө кетүүчү убакыт ченеми
Жумуштун аталышы
Электр- эпкер
Авто- кран маши- нисти
ТМ- маши- нисти
Экска- ватор маши- нисти
№ и/м
Бир таянычтуу бурчтук аралык жыгач түркүгүн алмаштыруу, атайын механизмди пайдалануу менен
8,80
2,37
2,2
0,56
1
Керектүү шаймандар жана ыкташтырмалар: жыгач түркүктөр темир-куйматаштуу жалгамалары менен, К-9 капкакча, СВ буралма байлагычтары, ШФ20 УО (ГО, БШИ 20) шишке отургузулчу зымчынылар, SCT 20 жылчыксыздандыруучу тасма, ТМ-2001 тиреккарысы (же тийиштүү кронштейни же илмектер), Х-1 каамытчасы, КСК сырлары, жалпак кыскыч ПА1-1, омоктук бурамалар гайка жана шайбасы менен, коргоочу каражаттар.
98. Ченемдерде оңдоо жана иштетип-пайдалануу жумуштарын аткарууда колдонулуучу атайын механизмдердин машинистеринин (телемунара, автокрандардын, экскаваторлордун машинисттеринин) эмгек чыгымдары өзүнчө көрсөтүлгөн. Жер казуу иштери Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин № 01-13/70, 22-март, 2023-жбуйругу менен бекитилген “0,4-35кВ чыналуудагы аба жана каптама зымдуу чубалгыларын, трансформатордук көмөкчордондорду жана бөлүштүрүүчү жайларды оңдоонун жана техникалык тейлөөнүн убакыт ченемдерине” ылайык эсептелет.
99. ӨӨККЗ менен болгон КАЧтарды техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча оңдоочу жумушчулардын саны ишканада иштетилип пайдаланып жаткан баардык капталмаланган өзүн көтөрүүчү зымдуу капталмаланган аба чубалгылардын (ӨӨККЗ менен болгон КАЧ) техникалык жактан тейлөөгө жана ондоого кеткен эмгек чыгымдарынын жыйындысынын (ТТ+УО) бир жумушчунун жылдык эмгек чыгымдарына бөлүү жолу менен аныкталат,аймактык жана татаалдаштыруучу көмөкчоңдуктарды эсепке алуу менен.
6-бөлүм. КЗАЧтардын (капталмаланган зымдуу аба
чубалгылары) шарттуу бирдиктерин эсептөө үчүн ченемдери
100. Энергетикалык ишканалардын жана кызматтардын жумушчулардын санын эсептөө үчүн шарттуу бирдиктер да колдонулат. Баштапкы маалымат катары бир гана көрсөткүч киргизилет - шарттуу бирдиктердеги электр тармактарынын жабдууларынын бирдиктеринин саны.
101. Шарттуу бирдиктердин тутуму уюмдун электр тармактар чарбасынын курулмаларын иштетип пайдалануу үчүн эмгек чыгымдарын орточо аныктоо, электроэнергия чыгаруучу жана энергияны жеткизип берүүчү ишканалардын даражаларын орнотуу үчүн пайдаланылат. Ишкана үчүн КЗАЧтын 1 шарттуу бирдигин иштетип пайдаланууга кетүүчү орточо чыгымдар миң сом менен эсептелет.
7- бөлүм. Шарттуу бирдиктерди эмгек чыгымдары жана ишкерсандардын саны боюнча эсептөө
102. Шарттуу бирдиктерди колдонуу тутуму ишкерсандардын ченемдик саны менен өз ара байланышка ээ жана1 шарттуу бирдик орточо 40 адам-саат эмгек чыгымын түзөт. Мындай учурда оңдоп, иштетип-пайдалануучулук тейлөөнүн негизги көлөмү шарттуу бирдиктеринде аныкталат, жана анын негизинде штаттык көмөкчоңдук, башкача айтканда өндүрүштүк ишкерсандын санынын шарттуу бирдике (ш.б.) болгон салыштырма көрсөткүчү.
103. Жабдуулардын ар бир түрү үчүн шарттуу бирдиктерди, жана андан кийин тейлөөчү ишкерсандардын санын эсептөө үчүн көлөм түзүүчү көрсөткүчтөрдүн тутумунун негизи болуп ыкчам, техникалык жана иштетип пайдалануучулук тейлөөлөрдүн (алдын алуучу сыноолорду жана өлчөөлөрдү жүргүзүү менен оңдоолор аралык абалды аныктоо) жана оңдоолор боюнча жумуштардын аттарынын так (жана толук) тизмесин түзүү болуп саналат.
104. Ушул ченемдердин 3- жана 4-санирээткилеринде КЗАЧтар боюнча аталып көрсөтүлгөн баардык, ошондой эле аларда көрсөтүлбөгөн, бирок Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 22 мартындагы № 01-13/70 буйругу менен бекитилген “0,4-35 кВ чыңалуусундагы аба жана каптама зымдуу чубалгыларын, трансформатордук көмөкчордондорду жана бөлүштүрүүчү жайларын оңдоонун жана техникалык тейлөөнүн убакыт ченемдеринде” бар болгон (мисалы, түркүктөрдү, жалгамаларды жана башкаларды алмаштыруу жана орнотуу сыяктуу) жумуштардын, аларды жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү колдонуудагы ченемдик-техникалык иш кагаздардын жана иштетип пайдалануу эрежелеринин, иштетип пайдалануу боюнча заводдук нускамалардын же түзүлүп калган иш жузүндөгү иштетип пайдалануунун иш тартибинин негизинде аныкталат.
105. Иштин эсептелген көлөмдөрү үчүн аларды ишке ашырууга орточо жылдык эмгек чыгымдары ушул жана жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерди, ошондой эле КРын Министирлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарбачылыгынын өкүлчүлүгүнүн электр тармактарын оңдоо, куруу жана жөнгө салуу боюнча 2015-жылдан баштап КЗАЧты пайдалануунун бирдик бааларынын жыйнактарын колдонуу менен аныкталат. Тейлөөлөрдүн бардык түрлөрү үчүн электр тармактарынын курулмаларына (атап айтканда, 0,4-6-10-20 Кв КЗАЧтары үчүн) эсептелген жалпы жылдык эмгек чыгымдары, жумушту аткаруу ыкмасына карабастан (чарбалык жана келишим боюнча иштелүүчү иштер) 40 адам/саатка (1 шарттуу бирдикке барабар болгон) барабар болгон эмгек сыйымдуулугуна бөлүнөт жана шарттуу бирдиктердин жалпы көлөмү түзүмдүк бөлүм үчүн (энергетика ишканасы үчүн) аныкталат:
Ʃш.б.=(Тыт +Ттт +Тоааа +То )/40, мында, Тыт, Ттт, Тоааа, То — ыкчам тейлөөгө, техникалык тейлөөгө, ондоолораралык абалды аныктоого жана оңдоо жумуштарына кеткен эмгек чыгымдарынын жылдык көлөму.
106. Мында ыкчам тейлөөгө кеткен эмгек чыгымдары жалпысынан ирилештирилип төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Тыт = 0,15(Ттт +Тоааа), бул боюнча нөөмөтчү ишкерсандын саны эсептелинет.
107. Бир кызматкердин жылдык эсептелинген жумуш убактысынын негизинде КЗАЧтарды тейлөөчү ишкерсандардын саны аныкталат
Чiч=Ʃ уеi*40/Фжжу, мында, ∑уеi - жабдуулардын i-түрү үчүн шарттуу бирдиктердин жалпы көлөмү (мисалы, КЗАЧ -0,4 кВ үчүн); Фжжу - бир кызматкердин жылдык жумуш убактысынын фонду
108. Шарттуу бирдиктер тутуму (ш.б.) жаңыдан ишке киргизилген жана кайра жаңыланып курулган (реконструкцияланган) электр орнотмолору (КЗАЧ) үчүн ишкерсандардын ченемдик санынын ирилештирилген эсептөөлөрүндө колдонулат. Чечилип алынган жана жаңыдан орнотулган КЗАЧтардын тейлөөлөрунө кетүүчү эмгек чыгымдарынын ортосундагы айырманын негизинде техникалык кайра жабдуунун эсебинен тейлөөчү ишкерсандардын ченемдик санынын кыскарышы аныкталат:
Чn=(Тчаж-Тжож)/Фжжу, бул жерде Тчаж, Тжож – чечилип алынуучу жана жаңы орнотулуучу жабдууларды тейлөөгө кетчү убакыт ченемдери.
109. КЗАЧтын көлөмдү түзүүчү шарттуу бирдиктеринин негизинде жумушчулардын ченемдик санын эсептөө ыкмасына окшош эле, чыңалуу таптары жана жабдуулардын түрлөрү боюнча башка жабдууларды тейлөөгө жана оңдоого кетүүчү ченемдик чыгымдарды эсептөөгөө болот, бул үчүн жабдуулардынар бир түрү боюнча 1 ш.б. болгон чыгымдардын (иштетип пайдалануунун чыгымдары) салыштырма көрсөткүчтөрү талап кылынат.
110. Бул чыгымдардын көлөмү жабдуулардын физикалык көлөмү менен аныкталат жана иштетип пайдалануучулук чыгымдарды так аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
8- бөлүм. Тейлөөчү жабдуулардын көлөмү боюнча шарттуу бирдиктерди эсептөө
111. Шарттуу бирдиктер менен көрсөтүлгөн электр тармактарынын көлөмү электр жабдууларынын же электр тармактарынын (бул учурда КЗАЧтардын) бирдиктеринин физикалык санын которуучу көмөкчоңдуктарды колдонуу менен шарттуу бирдиктерге айландырып эсептөө жолу менен аныкталат. Электр жабдууларынын шаттуу бирдиктеринин саны:
Nшб = n*Kк* Кок, мында n - бир түрдөгү электр жабдууларынын саны (КЗАЧ, км менен), Kк – которуучу көмөкчоңдугу, Kок – оңдоочу көмөкчоңдугу.
112. Эсептелинген шарттуу бирдиктердин көлөмү жетекчилердин жана адистердин эмгек акыларын төлөө тутумун түзүүгө, уюмдардын жана алардын бөлүмдөрүнүн өндүрүштүк-чарбалык ишмердүүлүктөрүн талдоого, техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү ченемдөөгө, электр жана жылуулук тармактарынын уюштуруу түзмөктөрүн долбоорлоо үчүн сунушталат.
113. Шарттуу бирдиктердин бирдиги катары бир чынжырлуу КЗАЧты иштетип пайдаланууга кетчү эмгек чыгымдары алынат. КЗАЧтарда кошо илинген 0,4-6-10-20 кВ КЗАЧтарын же эки чынжырлуу 6-20 кВтук КЗАЧтарды иштетип пайдалануудаг (техникалык тейлөө, оңдоолор) эмгек чыгымдарын эсептөө үчүн Кки =1,429 айырмалык көмөкчоңдугу алынат (КР Мамкурулуш агентигинин 2015-жылда бекитилген оңдоого, курулушка жана долбоорлоого болгон бирдиктүү бааларынын Жыйнагынын негизинде).
114. Капталмаланбаган зымдары менен болгон АЧга караганда ӨӨККЗларады колдонуу иштетип пайдалануучулук чыгымдарын, аларды орнотуунун убактыларын бир топ төмөндөтүп, аларды имараттардын тамдарынын бооруна орнотууга мүмкүнчүлүк бергендиги, ал эми КЗАЧ-0,4 кВто тиреккарылардын, зымчынылардын, 6-10 кВ КЗАЧтарында кымбат баалуу тиреккарылардын жана татаал түрдөгү түзулуштөрүнүн керек болбогондугу учун, бирок 1 км КАЧ жана АЧКларды куруунун өз наркын эске алуу менен, эмгек чыгымдарынын айырмасын орто эсеп менен 1,08 түзөтүү көмөкчоңдугу пайдаланып эсептелинет
КЗАЧтардын түркүктөрүнүн материалдарына, чыңалууларына жана түзүлуштүк аткарылышына жараша шарттуу бирдиктердин көлөмү:
КЗАЧ тын чына-луусу, кВ
Түркүктөрдүн материалы
КЗАЧ-6-10 жана 0,4 Кв кошо илинген чынжырлардын саны
100 км трассага болгон шарттуу бирдиктердин саны: шб/100
1
2
3
4
1-20
Жыгач
1
148
2
212
Темир-куйматаштуу жалгамалуу жыгач
1
129
2
185
Темир-куйматаш, темир
1
102
2
146
1 кВко чейин
Жыгач
1
241
Темир-куйматаштуу жалгамалуу жыгач
1
204
Темир-куйматаш, темир
1
139
115. Шарттуу бирдиктерди эсептөөдө чубалгыдан имараттын кире беришине чейинки 1 кВтон төмөнкү бутактоочу аба чубалгыларынын узундугу эсепке алынбайт (б.а. КЗАЧтын узундугу трасса боюнча гана алынат), бирок ӨӨККЗ зымы же каптама зымдуу аба кирмелери менен имаратка кирүүлөрдү тейлөө жана оңдоого кеткен эмгек чыгымдары эсепке алынат. Биргелешкен асылма болушу жогорудагы коэффициентти колдонуу менен эсепке алынат.
116. 1-20 кВ КЗАЧтары боюнча шарттуу бирдиктер 1-20 кВтук төмөнкү бөлүштүрүүчү тармактардын ыкчам ишкерсандарынын эмгек чыгымдарын эске алат.
117. 1 кВко чейин же андан жогорку чыңалуудагы каптама зымдуу электр чубалгысынын кирмелери (жер астындагы) каптама зымдуу 1 кВтук же андан жогорку чубалгылардын шарттуу бирдиктеринде эске алынат.
“Капталмаланган өзүн-өзү көтөрүүчү зымдарды (ӨӨККЗ) тейлөө үчүн ишкерсандардын санынын ченемдери жана КЗАЧтардын (капталмаланган зымдуу аба чубалгыларынын) шарттуу бирдиктерин эсептөө үчүн ченемдери”,1-чыг. , Б-2024. Ченемдер Кыргыз Республикасынын энергетика министирлигинин электр тармактар ишканаларынын (райондук электр тармактарынын) КЗАЧ менен болгон электр тармактарын техникалык тейлөөлөрүндө жана оңдоолорунда эмгекти уюштуруу жана болжомдоолорун жүргүзүүчү башчылары жана адистери, инженердик-техникалык кызматкерлери жана кызматчылары үчүн ишкерсандарды максатка ылайык жүргүзүлүп жаткан иштердин тийиштүү сапатын жана эң жогорку киреше алып келгидей камсыз кылуу менен уюштуруулары жана болжомдоолору үчүн иштелип чыккан жана “0,4-35 кВ чыңалуусундагы аба жана каптама зымдуу чубалгылардын, трансформатордук көмөкчордондордун жана бөлүштүрүү жайларын оңдоого жана техникалыку тейлөөлөрүнө болгон убакыт ченемдери”не толуктоо катары пайдаланылат. Иштелип чыкты: Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлигинин алдындагы Энергетика илим-изилдөө институту тарабынан Иштеп чыгуучулар: Айткулов М.А.-ЭИИИ директору,т.и.т.- жалпы башкаруу, Турдакунов К.С.- долбоордун башчысы, Соодонбеков Ш.С. – и.к., Ахметова Н.С. – и.к., Орозоев М.К.-ж.и.к. Ченемдер жактырылды:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлигинин Илимий-техникалык кеңешинде (20.03.202ж. Протоколу).
Ченемдер Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлигинин _______ буйругу менен бекитилген. Бул ченемдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012- жылдын 10-июлундагы “Үлгүлүк эмгек ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү Эрежелери” боюнча № 479 Токтомунун талаптарынын негизинде жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларынын негизинде өндүрүшкө жаңы жабдуулардын түрлөрүнүн, технологиянын киргизилишин эске алуу менен, ошондой эле КМШ мамлекеттериндеги 0,4-6-10-20 кВтогу КЗАЧтарды курууда жана иштетип пайдалануудагы эмгекти уюштуруу ыкмаларын жана “Кыргызстан УЭТ” ААКысынын электр тармактар ишканаларындагы КЗАЧтарды орнотууда, жана иштетип пайдалануу учурундагы ишти уюштуруу жана жүргүзүүнүн фотохронометраждык байкоолорунун жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыкты.
Мазмуну
Шарттуу кыскартуулар
1-бөлүм. Жалпы жоболор
2-бөлүм. Эмгекти уюштуруу
3-бөлүм. Ишкерсандардын санын эсептөө ыкмалары
§1.Техникалык тейлөө жана оңдоо иштеринин жылдык көлөмүнүн негизинде ишкерсандын санын эсептөө (эмгек сыйымдуулугу) §2. КЗАЧтарды техникалык тейлөөдө аткарылуучу иштердин түрлөрүнүн тизмеси §3. КЗАЧтарды оңдоодо аткарылуучу иштердин түрлөрүнүн тизмеси - 20
4-бөлүм.КЗАЧтардагы оңдоолордун жана техникалык тейлөөлөрдүн
эмгек чыгымдарынын ченемдери §4. 0,4 кВ КЗАЧтары боюнча техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча эмгек чыгымдары §5. 6-20 кВ КЗАЧтары боюнча техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча эмгек чыгымдары
5-бөлүм.КЗАЧтардын (капталмаланбаган зымдуу аба чубалгылары)
шарттуу бирдиктерин эсептөө үчүн ченемдери §6. Шарттуу бирдиктерди эмгек чыгымдары жана ишкерсандардын саны боюнча эсептөө §7. Тейлөөчү жабдуулардын көлөмү боюнча шарттуу бирдиктерди эсептөө
- 3
- 4
- 6
- 7
- 7
- 18
- 22
- 22
- 50
- 75
- 75
- 78
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.