# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 719 "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 719 "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 425
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029765>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43367/edition/35227/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029765.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 719 "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (17.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029765

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 17-июлу № 425

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 719 "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 719 "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:

- 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Борбордун директору башка мамлекеттин жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
