# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 349
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029750>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43362/edition/35209/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029750.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (18.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029750

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-июну № 349

"Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Уруксат документтерин берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана башка уюмдар ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы ушул токтомго ылайык "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасын модернизациялоону камсыз кылсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 708 "Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 "Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарифтик эмес жонго салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин уруксат берүүчү документтерин берүү маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 20-июнундагы № 45 (3701) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
