# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-июлундагы № 460 "Кыргыз Республикасында жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо механизми тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-июлундагы № 460 "Кыргыз Республикасында жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо механизми тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 460
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029718>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43353/edition/35155/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029718.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-июлундагы № 460 "Кыргыз Республикасында жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо механизми тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029718

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 31-июлу № 460

Кыргыз Республикасында жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо механизми тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо механизми тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылдарга каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-августунда № 58 (3714) жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
