Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 175 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борбору (мындан ары - Борбор) жогорку технологиялык жабдууларды, алдынкы илимий жетишкендиктерди колдонуу жана жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен чоңдор жана балдар травматологиясы, ортопедия, вертебрология, сөөк-ириңдүү, артроскопиялык жана шашылыш хирургия жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик илимий-изилдөө уюму болуп саналат.
2. Бул Жобо Борбордун ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
3. Борбор юридикалык жак болуп саналат, уюштуруу-укуктук формасы - мекеме, финансы-чарбалык жана укуктук өз алдынчалуулукка ээ, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган тегерек мөөрү жана штампы бар, тиешелүү чөйрөдө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштерди жүзөгө ашырат.
4. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
5. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Борбордун уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
7. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте мамлекеттик аккредитациядан өтүүгө тийиш.
8. Адистештирилген медициналык жардамды, илимий-изилдөө ишин жүргүзүүдө Борбор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана башка мамлекеттик, эл аралык жана жеке уюмдар менен түздөн-түз өз ара аракеттенет.
9. Борбордун юридикалык дареги: 720027, Бишкек шаары, Кривоносов көчөсү, 206.
10. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борбору";
- расмий тилде - "Национальный центр травматологии и ортопедии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики";
кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде - "КР ССМ ТОУБ";
- расмий тилде - "НЦТО МЗ КР".
2-глава. Борбордун максаты жана милдеттери
11. Борбордун ишинин максаты калкка жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз медициналык-профилактикалык жардам көрсөтүү, ошондой эле Борбордун профили боюнча илимий-изилдөө ишин, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
12. Борбордун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) травматология жана ортопедия жаатында фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) травматология жана ортопедия жаатында калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык жардам көрсөтүү;
3) фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр чөйрөсүндө инновациялык технологияларды түзүү;
4) жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун илимий-изилдөө иштеринде пайдалануу;
5) инфраструктура объекттерин жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосунда кызматташуу;
6) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
7) ортопедия жана травматология ооруларынын алгачкы жана экинчилик профилактикасынын натыйжалуу системасын түзүүгө илимий-практикалык жардам көрсөтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү;
8) травматологиялык жана ортопедиялык профилдеги бейтаптарды профилактикалоонун, диагностикалоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун жаңы, жогорку натыйжалуу жана жогорку технологиялык, анын ичинде медикаментоздук эмес методдорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
9) травматология жана ортопедия боюнча республикада жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдү координациялоо.
13. Борбордун функциялары:
1) травматология жана ортопедия чөйрөсүндөгү ооруларды кыскартууга багытталган саламаттык сактоону өнүктүрүү жана реформалоо программаларын ишке ашырууну уюштурат;
2) травматология жана ортопедия жаатындагы ооруларды диагностикалоонун инвазивдүү эмес жана инвазивдүү методдорун жүргүзөт, калкка жогорку адистештирилген, жогорку квалификациялуу жана жогорку технологиялык жардам көрсөтөт;
3) травматология жана ортопедия жаатындагы программаларды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоо боюнча эксперттик комиссиялардын ишине катышат;
4) Борбордун профили боюнча жогорку квалификациялуу илимий-практикалык кадрларды даярдоону жүргүзөт;
5) басма ишин жүзөгө ашырат;
6) калктын саламаттыгын сактоонун мамлекеттик программаларына ылайык келишимдик негизде заказдарды аткарат;
7) травматология жана ортопедия боюнча илимий изилдөөлөрдү ишке ашырууну жана координациялоону камсыз кылат;
8) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Борбордун материалдык базасын өркүндөтүү жана кадрларды даярдоонун деңгээлин жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизет;
9) тең аткаруучу мекемелерге илимий-методикалык жардам көрсөтөт, аларды эң маанилүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө тартат;
10) бейтаптарды окутуунун жаңы формаларын иштеп чыгат жана ишке киргизет;
11) Борбордун максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашырат.
3-глава. Борбордун укуктары жана милдеттери
14. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) дарылоо-профилактикалык, илимий жана илимий-техникалык иштин негизги багыттарын аныктоого;
2) республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун конкурстарына катышууга;
3) башка илимий жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
4) белгиленген тартипте кесиптик медициналык ассоциацияларга, бирликтерге, бирикмелерге, анын ичинде эл аралык уюмдарга кирүүгө, филиалдарды түзүүгө;
5) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтардын базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
6) Борбордун медициналык кызматкерлеринин, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, кызыкдар окумуштууларды жана врачтарды, анын ичинде жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн окумуштууларын жана врачтарын травматология жана ортопедия боюнча диагностикалоонун, дарылоонун жана профилактикалоонун жаңы технологияларына окутууга;
7) белгиленген тартипте окумуштуулук даражаны изденип алууга диссертациялык иштерди коргоо боюнча кеңештерди түзүүгө катышууга жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлоруна катышууга;
9) илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга;
10) илимий-техникалык кеңеш түзүүгө.
15. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өлкөнүн саламаттык сактоого болгон керектөөлөрүнө ылайык илимий жана илимий-техникалык, инновациялык ишти активдештирүүгө;
2) илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
3) тиешелүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө;
4) заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү продуктту, технологияны, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык, социалдык же башка мүнөздөгү уюштуруу-техникалык чечимди иштеп чыгууга;
5) Борбордун интеллектуалдык ишинин натыйжасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого;
6) травматология жана ортопедия жаатындагы илимий жана илимий-техникалык иштин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
7) мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар, ЖОЖдор жана жеке сектор менен байланышты чыңдоого;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке технологияларды иштеп чыгуунун, ата мекендик жана чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен Борбордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга;
9) мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда сактоого, илимий инфраструктураны өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарын издөөгө;
11) Борборго оперативдүү башкарууга берилген негизги, жүгүртүлүүчү фонддорду жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
12) илимий-маалыматтык ишти жүргүзүүгө;
13) илимдин ролун жогорулатууга, анын ичинде өз ишин жана ишинин продуктун популярдаштыруунун эсебинен жогорулатууга;
14) илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган карамагында турган мамлекеттик органдын тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
15) 5 жылда бир жолудан кем эмес илимий кызматкерлерди аттестациялоону жүргүзүүгө;
16) калкка Борбордун профили жана деңгээли боюнча зарыл болгон көлөмдө жеткиликтүү, өз учурундагы, сапаттуу, квалификациялуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
17) экстремалдык шарттарда (эпидемия, өзгөчө кырдаалдар, согуш абалы, табигый кырсыктар, жетүүгө кыйын жана кооптуу шарттарда иштөө) иштөөгө даяр болууга;
18) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимдерди сактоого;
19) чектеш саламаттык сактоо кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоого;
20) калкты сергек жашоо мүнөзүнө пропагандалоого жана санитардык-гигиеналык тарбиялоого;
21) келишимдик негизде студенттерди практикалык окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча жогорку жана орто медициналык кесиптик окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоого;
22) бюджеттик каражаттарды жүгүртүүнүн казыналык жол-жоболорунун жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчетторду берүүнүн регламентин сактоого;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
24) Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын аткаруу боюнча эсептешүүлөрдө Бирдиктүү төлөөчүнүн агенти болгон банктагы учурдагы бирдиктүү эсепти пайдаланууга;
25) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
26) белгиленген тартипте бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн берүүгө;
27) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансы каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдаланууга;
28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды жүргүзүүгө.
4-глава. Борбордун түзүмү
16. Борбордун түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Борбордун директору тарабынан бекитилет.
17. Илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиялуулугун камсыз кылуу максатында илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
5-глава. Борбордун ишин башкаруу
18. Борборду директор жетектейт.
19. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Борбордун директорунун кызмат ордуна дайындалган адам менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык Борбордун директорунун кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Борбордун директорун сунушсуз эле өзүнүн демилгеси боюнча кызмат ордуна дайындоого жана бошотууга укуктуу. Борбордун директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
20. Борбордун директорунун кызмат ордун төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар ээлей алат:
1) жогорку кесиптик билими;
2) окумуштуулук даражасы;
3) илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иш стажы жалпысынан 5 жылдан кем эмес жана жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы.
21. Борбордун директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) саламаттык сактоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
2) уюмду башкаруу теорияларын жана методдорун;
3) илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерди;
4) эмгек, финансы мыйзамдарынын негиздерин;
5) профили боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимдердеги илимий жетишкендиктерди;
6) илимий жетишкендиктерди жана чет өлкөлүк илимий уюмдардын тажрыйбасын;
7) орто мөөнөттүү мезгилге илим жана клиникалык иштин тармагын өнүктүрүү чөйрөсүн өнүктүрүү багыттарын (концепция, иштеп чыгуу, технология же план).
22. Борбордун директору жок болгон учурда (кызматтык иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык, өргүү, кызмат ордунан бошотуу) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
23. Борбордун директорунун орун басары (орун басарлары) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.
24. Борбордун директору:
1) өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат;
2) жеке башчылык принциптеринде Борборду башкарат жана илимий уюмдун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) финансылык каражаттарды тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгы, финансылык тартиптин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
4) Борбордун карамагында турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
5) Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштурат, координациялайт жана контролдойт;
6) кызматкерлерди ишке алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
7) илимий кызматкерлердин илимий чыгармачылыгынын эркиндигин өнүктүрөт;
8) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын корголушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
9) Борбордун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
6-глава. Борбордун илимий-техникалык кеңеши
25. Илимий-техникалык кеңеш Борбордун консультациялык- кеңешүүчү органы болуп саналат. Борбордун илимий-техникалык кеңешинин мүчөлөрү Борбордун директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат.
Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик- башкаруу персоналынын жалпы чогулушу, эгерде ага эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот. Илимий-техникалык кеңештин курамына Борбордо иштебеген алдынкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
26. Илимий-техникалык кеңеш, эгерде жыйналышка анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу. Илимий-техникалык кеңештин чечимдери эгерде алар үчүн илимий-техникалык кеңештин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
27. Илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп Борбордун директору эсептелет.
7-глава. Борбордун каржылоо булактары
28. Борбордун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөрдүн каражаттары саналат:
1) республикалык бюджеттин;
2) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илим фондунун (мамлекеттик комиссиянын алкагында);
4) атайын эсептердин, анын ичинен тең төлөөнүн каражаттары;
5) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган киреше алып келүүчү башка иштерден түшкөн каражаттар.
29. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу жана ижара укугунда мүлккө ээ болушу мүмкүн.
30. Борбордун ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
8-глава. Корутунду жоболор
31. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
32. Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-апрели № 175 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук…Постановление · 03.04.2025 · № 175