# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Конституционный Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029681>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029681/edition/35050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029681.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы (28.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029681

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 28-июлу № 161

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Президенттин кызмат ордуна, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга төмөнкү адамдар укуксуз:

1) соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;

2) аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;

3) диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде.";

2) 46-беренеде:

а) 1-бөлүктө "талапкердин мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу же" деген сөздөр алып салынсын;

б) 4-бөлүктө:

- биринчи абзацта "анда мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргени жөнүндө" деген сөздөр "ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлары бар экени жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи абзацта "мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгону бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө" деген сөздөр "ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлары бар экени жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 61-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды" деген сөздөр "анын ичинде ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлары бар экени жөнүндө маалыматтарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 65-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:

"5-1) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;".

2-берене. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 29-июну, № 75) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 9-беренеде:

а) 3-бөлүктө:

- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) соттолгондугу бар адам, анын ичинде алып салынган же жоюлган;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:

"6-1) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган адам, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;";

б) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

"4-1) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылганда, төмөнкүлөрдү кошпогондо;

- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;".

3-берене. "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 11-октябры, № 104) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) соттуулугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар.";

2) 11-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:

"8-1) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылса, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;".

4-берене. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 58-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-алтынчы абзацтар менен толукталсын:

"Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарларынын жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына төмөнкүдөй адамдар дайындалышы мүмкүн эмес:

1) соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;

2) аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар.";

2) 61-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

"4-1) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылганда, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;".

5-берене. "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 6-июну, № 45) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 12-беренеде:

а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Төмөнкүдөй адам Эсептөө палатасынын аудитору боло албайт:

1) соттуулугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;

2) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар.";

б) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылганда, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;".

6-берене. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 18-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
