Кыргыз Республикасынын «2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 17-июлу № 145
2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене. 2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Келишимди ратификациялагандыгы жана ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзүүгө даяр экендиги жөнүндө тажик жана өзбек тараптарга кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 25-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.