# С.Юсупова айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №5-6 "Достук айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын тургуну Сатаров Алманбет айыл өкмөтүнүн Ак-Шар участкасындагы № 90 контурундагы жайыт жеринен 0,20 га жерин көп жылдык мөөнөткө ижарага сурап жазган арызын кароо жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: С.Юсупова айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №5-6 "Достук айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын тургуну Сатаров Алманбет айыл өкмөтүнүн Ак-Шар участкасындагы № 90 контурундагы жайыт жеринен 0,20 га жерин көп жылдык мөөнөткө ижарага сурап жазган арызын кароо жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5-6
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029639>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43297/edition/34997/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: С.Юсупова айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №5-6 "Достук айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын тургуну Сатаров Алманбет айыл өкмөтүнүн Ак-Шар участкасындагы № 90 контурундагы жайыт жеринен 0,20 га жерин көп жылдык мөөнөткө ижарага сурап жазган арызын кароо жөнүндө" токтому. (28.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029639

---

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы

2025-жылдын 28-марты № 5-6 Достук айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын тургуну Сатаров Алманбет айыл өкмөтүнүн Ак-Шар участкасындагы № 90 контурундагы жайыт жеринен 0,20 га жерин көп жылдык мөөнөткө ижарага сурап жазган арызын кароо жөнүндө

Достук айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын тургуну Сатаров Алманбет айыл өкмөтүнүн Ак-Шар участкасындагы №90 контурундагы ыңгайсыз болгон жайыт жеринен 0,20 га жерин көп жылдык мөөнөткө ижарага сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери менен таанышып чыгып, депутаттардын сунуш пикирлери эске алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтомун жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Достук айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын тургуну Сатаров Алманбет айыл өкмөтүнүн Ак-Шар участкасындагы № 90 контурундагы ыңгайсыз болгон жайыт жеринен 0,20га жерин мыйзам чегинде көп жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Достук айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын тургуну Сатаров Алманбет айыл өкмөтүнүн Ак-Шар участкасындагы № 90 контурундагы ыңгайсыз болгон жайыт жеринен 0,20га жерин мыйзам чегинде көп жылдык мөөнөткө ижарага берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда ижарага берүү жагы тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.

Төрага:

М.И. Мамитов
