# 3-берене. Порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратууга тыюу салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029612)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029612/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5587/edition/34967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029612/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө, 3-берене (25.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029612/st-3

---

1. Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратууга жол берилбейт.

2. Порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратуу учуру катары мындай контент Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде биринчи жолу жеткиликтүү болгон же болбосо бул контент жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгилүү болгон учур эсептелет.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратуу фактысы аныкталган учурдан тартып Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында сайттын (же анын айрым баракчасынын) иштешин мындай факты аныкталган учурдан тартып эки айга чейинки мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими Интернет-провайдер, хостинг-провайдерлер, сайттардын ээлери, Интернет тармагындагы сайт баракчаларынын ээлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болуп саналат.

5. Сайттын контенти же сайт баракчасы порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыйт деп эсептеген адам ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай контентти андан ары жайылтпоо боюнча чараларды көрүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

6. Ушул берененин жоболорун колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029612/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029612/st-4)
