# 1-берене. Жөнгө салуу предмети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029612)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029612/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5587/edition/34967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029612/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө, 1-берене (25.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029612/st-1

---

1. Ушул Мыйзам коомдун моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо максатында интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратууга тыюу салууну, интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратууга жол берген адамдардын жоопкерчилигин белгилейт.

2. Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде таратылган маалымат коомдук, жарандык-укуктук мамилелердин объектиси катары таанылат.

3. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп саналган жоболорду жана маселелерди башка мыйзамдарга киргизүүгө жол берилбейт. Эгерде башка мыйзамдарда бул Мыйзам менен жөнгө салууга байланышкан жоболор жана маселелер камтылса, анда алар бул Мыйзамга карама-каршы келбеген ченде колдонулат.

4. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелердин субъектилери төмөнкүлөр:

1) интернет-провайдерлер, хостинг-провайдерлер, сайт ээлери, Интернет тармагындагы сайт баракчаларынын ээлери;

2) Интернет тармагын колдонуучулар.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029612/st-2)
