# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлундагы № 427 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлундагы № 427 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 427
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43274/edition/34961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлундагы № 427 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029608

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-июлу № 427

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 “Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасында дене тарбияны жана спортту андан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 “Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында: жогоруда аталган Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын 4-тиркемесинде:

– 6-главанын 36-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:

“10) төмөнкүдөй мүнөздөмөлөрдүн бирине ылайык келген футбол мекемелери жана уюмдары:

– “Кыргыз футбол биримдиги” юридикалык жактардын бирикмесинде аккредитациядан өткөн, ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинин Футбол клубдарын лицензиялоо боюнча регламентине ылайык клубдук лицензиялоонун бардык милдеттүү талаптарына жооп берген кесипкөй футбол клубдары (менчигинин түрүнө карабастан);

– “Кыргыз футбол биримдиги” юридикалык жактардын бирикмесинде аккредитациядан өткөн, анын ичинде Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясынын (FIFA) жана/же Азия футбол конфедерациясынын (АFC) академияларынын баалоо (рейтинг) системасына ылайык келген футбол академиялары (менчигинин түрүнө карабастан).”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
