Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 216 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2025-жылдын 24-июлундагы ПЖ № 216
Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумун модернизациялоо жана иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде аны практикалык колдонуу процессинде аныкталган көйгөйлөрдү жана келип чыккан кемчиликтерди жоюу, мобилдик түзүлүштөрдү каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жолу менен коомдук нааразылыктын деңгээлин төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибин аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен жана каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жана сапатын, жарандар үчүн тутумдун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында кайра карап чыксын;
2) бул Жарлыкты ишке ашырууну, анын ичинде алдын ала маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгүн милдеттүү түрдө өткөрүү менен идентификациялоонун иштеп жаткан чет өлкөлүк операторун мамлекеттик же ата мекендик уюмга алмаштыруу жөнүндө маселени иштеп чыгууну камсыз кылсын.
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:
1) Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун иштешине талдоону, анын ичинде идентификациялоонун учурдагы операторунун ишин баалоону жүргүзсүн;
2) талдоонун жыйынтыгы боюнча идентификациялоонун чет өлкөлүк операторун тутумдун туруктуулугун камсыз кылуу, жеке маалыматтарды коргоо жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун жана санариптик эгемендигинин кызыкчылыктарын сактоо үчүн зарыл ресурстарга ээ болгон мамлекеттик же ата мекендик уюмга алмаштырууну демилгелесин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 55 (3711) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 482 «Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуПостановление · 08.08.2025 · № 482
- Министрлер Кабинетинин №482 токтомуПостановление · № 482
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 "Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш…Постановление · 31.05.2022 · № 287 · Күчүн жоготкон