# 23-берене. Мэрди кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029603)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029603/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5586/edition/34955/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029603/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 23-берене (10.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029603/st-23

---

1. Шаардын мэри Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен белгиленген тартипте дайындалат.

2. Мэрдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.

3. Мэрдин ыйгарым укуктары шаардык кеңештин же Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө көз каранды эмес.

4. Бишкек шаарынын мэри ээлеген кызмат ордунан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төмөнкүдөй учурларда бошотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;

3) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;

4) сот тарабынан ал аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;

5) аны өлдү, дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле ал каза болгон учурда;

6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;

8) эмгекке туруктуу жөндөмсүздүгүнүн натыйжасында өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда;

9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен ишеним көрсөтүлбөгөн учурда;

10) анын иши кабыл алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка шайкеш келбегенде;

11) ишенимди жоготкондо;

12) тараптардын эркине көз каранды эмес жагдайлар боюнча.

5. Мэр кызмат ордунан бошотулган учурда, анын милдеттери жаңы мэр дайындалганга чейин мэрдин биринчи орун басарына жүктөлөт.

Мэрдин биринчи орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, мэрдин милдеттери мэрдин орун басарына жүктөлөт.";

9) 24-26-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын;

10) 27-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"27-берене. Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары

1. Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары (орун басарлары) мэр тарабынан өз алдынча дайындалат.

2. Шаардын мэринин биринчи орун басары (орун басарлары) кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен дайындалат.

3. Мэрдин биринчи орун басары мэр жок мезгилде анын ордун ээлеп турат жана мэр тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат. Мэрдин орун басары мэр жүктөгөн милдеттерди аткарат жана биринчи орун басардын кызмат орду жок болгон учурда анын ордун ээлейт.

4. Мэрдин биринчи орун басары (орун басарлары) өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыргандыгы үчүн мэрдин алдында жоопкерчилик тартат.";

11) 30-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029603/st-22)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029603/st-2)
