Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы
"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде, 7-берененин 3-бөлүгүндө, 8-берененин 1-бөлүгүндө "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-берененин биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 14-беренеде:
а) 1-бөлүктө "анын орун басарынан" деген сөздөр "эки орун басарынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "орун басары" деген сөздөр "орун басарлары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктө "орун басарын" деген сөздөр "орун басарларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүктө:
- биринчи абзацта "орун басарынын" деген сөздөр "орун басарларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "орун басары" деген сөздөр "орун басарлары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Бишкек шаардык кеңешинин компетенциясы
1. Бишкек шаардык кеңешинин компетенциясы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ушул Мыйзам жана Бишкек шаарынын Уставы менен аныкталат.
2. Бишкек шаардык кеңешинин компетенциясына "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралгандардан тышкары, төмөнкүлөр кирет:
1) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү;
2) шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин бекитүү, администрациялык райондорду атоо, кайра атоо, ошондой эле алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү жана алардын башкаруу органдарын күтүү;
3) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, тышкы жарнакты жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
4) шаардын аймагында үй жаныбарларын кармоонун жана мал жаюунун эрежелерин бекитүү.
3. Бишкек шаардык кеңешинин сессияларында жалпы кызыкчылык туудурган иш-чараларды жүзөгө ашыруу же иштерди аткаруу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк чарба жүргүзүүчү субъекттер жана коомдук уюмдар менен кызматташуу жөнүндө маселелер чечилиши мүмкүн.";
5) 18-беренеде:
а) 1-бөлүктө "башчылык кылган" деген сөздөр "башында турган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "башкаруунун" деген сөз "ыйгарым укуктардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктө "шайлануучу" деген сөз "дайындалуучу" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 19-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-берене. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү
1. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү типтүү түзүмдүн жана штаттык ырааттаманын негизинде Бишкек шаарынын мэри бекитет.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын карамагында ал уюштуруучу жана/же анын карамагына берилүүчү уюмдар, ишканалар, фонддор жана мекемелер болушу мүмкүн.";
7) 20-беренеде:
а) биринчи абзацта "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 11-пунктта "администрациялык укук бузууларды кароо жана администрациялык жоопкерчиликке тартуу" деген сөздөр "укук бузууларды кароо жана жоопкерчиликке тартуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 19-пунктта "кеңешмелерди" деген сөз "комиссияларды" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 21-23-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Бишкек шаарынын мэринин ыйгарым укуктары
1. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ыйгарым укуктарынан тышкары, Бишкек шаарынын мэри:
1) чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте түзүмдүк бөлүмдөрдү түзөт;
2) шаардын аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды Бишкек шаардык кеңешинин бекитүүсүнө киргизет;
3) биринчи орун басарды (орун басарды), шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин дайындайт, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аларды кызмат орундарынан бошотот;
4) мэрдин биринчи орун басарына (орун басарына) алар тескеген маселелер боюнча ыйгарым укуктарды берет;
5) администрациялык райондордун башчыларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
6) администрациялык райондун башчысынын сунуштамасы боюнча администрациялык райондун башчысынын орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
7) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды түзөт жана аларды ишке ашырууну камсыз кылат.
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029603/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>