103-берене. Төлөөнүн тартиби
Күчүндө · 23.06.2025 редакциясы
1. Мамлекеттин менчигинде турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун кошпогондо, муниципалдык менчикте турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленет.
3. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык менчигинде турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Мамлекеттин менчигинде турган жана мамлекеттик жер пайдалануучуларга бекитилген жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте бөлүштүрүлөт.
5. Калктуу конуштардын чегинен тышкары жайгашкан жана үчүнчү жактардын укуктарынан эркин турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер толук өлчөмдө республикалык бюджетке чегерилет.
6. Калктуу конуштардын чегинде жайгашкан жана үчүнчү жактардын укуктарынан эркин турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн киреше толук өлчөмдө жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.
7. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык ишканаларына бекитилген мүлктүк комплекстердин курамына кирген жер участокторун кошпогондо, муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.";
4) 104-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 153-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан мүлктү ижарага берүүдөн, өзгөчө статуска ээ болгон баштапкы жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мамлекеттик мүлкүн ижарага берүүдөн алынган ижара акысын кошпогондо, мамлекеттин менчигинде турган мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысы;".
Берененин тексти 23.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
103-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029601/st-103" title="103-берене - Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>