# 1-берене

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230029601)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 124 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029601/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5585/edition/34951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029601/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029601/st-1

---

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 93-берененин биринчи абзацы "жыйымдар алынат" деген сөздөрдөн кийин "жана коргонуу муктаждыктарына жиберилет" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 99-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"99-берене. Төлөөчү Мамлекеттик жана/же муниципалдык мүлккө ээлик кылуу же пайдалануу укугу бар, анын ичинде мамлекеттик же муниципалдык мүлк чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген субъект төлөөчү болуп саналат, аларга төмөнкүлөр кирбейт:

1) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо органдары;

2) өзгөчө статуска ээ болгон баштапкы жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдары.";

3) 101-103-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"101-берене. Төлөөнүн тартиби

1. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөгү ижара акысы ижарачы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижаралоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык түзүлгөн ижара келишиминде каралган тартипте жана шарттарда чегерилет.

2. Мамлекеттик мүлктү ижаралоодон түшкөн киреше Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт.

3. Муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн киреше ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.

4. Өзгөчө статуска ээ болгон баштапкы жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын мамлекеттик мүлкүнүн ижарасынан түшкөн каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине чегерилбейт.

5. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык ишканаларына бекитип берилген муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте аны күтүүгө жана оңдоого, муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталат.

Муниципалдык мүлктү ижаралоодон түшкөн каражатты бекитип берилген мүлктү күтүүгө жана оңдоого, материалдын-техникалык базасын чыңдоого сарптоого укуктуу муниципалдык ишканалардын тизмеги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын чечими менен бекитилет.

---

Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029601/st-102)
