# 14-берене

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230029596)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 8-июлундагы № 133 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029596/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5584/edition/34943/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу, 14-берене (08.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029596/st-14

---

төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын: "41. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине же камкорчуларына кирешеси эсепке алынбастан квалификациялуу юридикалык жардам берилет:

1) никени бузуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

2) ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

3) алимент өндүрүү жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

4) балдардын жашаган жерин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

5) бала менен баарлашуу тартибин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

6) өз балдарын материалдык жактан багуу жана турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

7) уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү мектепке чейинки, жалпы билим берүү (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик (башталгыч, орто жана жогорку) билим берүү уюмдарында окуган өз балдарын багуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

8) туруктуу акчалай суммадагы кошумча чыгымдарды өндүрүү жөнүндө доолор боюнча тараптарга.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029596/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029596/st-2)
