Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 8-июлу № 133
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-августу, № 71) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын: "41. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине же камкорчуларына кирешеси эсепке алынбастан квалификациялуу юридикалык жардам берилет:
1) никени бузуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
2) ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
3) алимент өндүрүү жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
4) балдардын жашаган жерин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
5) бала менен баарлашуу тартибин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
6) өз балдарын материалдык жактан багуу жана турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
7) уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү мектепке чейинки, жалпы билим берүү (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик (башталгыч, орто жана жогорку) билим берүү уюмдарында окуган өз балдарын багуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
8) туруктуу акчалай суммадагы кошумча чыгымдарды өндүрүү жөнүндө доолор боюнча тараптарга.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 51 (3707) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 28-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөЗакон · 10.08.2022 · № 91
Шилтеме берет (1)
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөЗакон · 10.08.2022 · № 91