# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029589>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43263/edition/34927/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029589.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029589

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 20-апрели № 209 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун 1-пунктчасында:

жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- үч жылдан кем эмес кесиптик айдоочулук стажы жана ден соолугунун абалы тууралуу белгиленген үлгүдөгү медициналык маалым кат (жүргүнчүлөрдү ташыган жеке жактар үчүн) болгон учурда кесиптик иш стажын аныктоо үчүн төмөнкүдөй документтердин биринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсү:";

- төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:

"эмгек китепчеси; жүргүнчүлүк транспорт кызматын көрсөтүү боюнча ишкердик ишти аткарууга ыктыярдуу патенти;";

- 16-пунктунун 3-пунктчасы "транспорт каражаттарынын" деген сөздөрдөн мурда "юридикалык жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2020-жылдын 23-апрелинде https://www.gov.kg/ky/npa/s/2403 расмий сайтында жарыяланды

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
