# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 469-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 101-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 469-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 101-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 469-р
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029587>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19538/edition/34923/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029587.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 469-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 101-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (12.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029587

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 12-июну № 469-т

Мамлекеттик материалдык резервди өз убагында толуктоо үчүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн 2025-жылдын түшүмүнөн азык-түлүк буудай данын сатып алууну оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 101-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген 2025-жылы сезондук айыл чарба талаа иштерин жүргүзүү боюнча иш-чаралар планында:

18.1, 18.2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

18.1. Республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн 2025-жылдын түшүмүнөн ММРФ тарабынан 10,0 миң тоннага чейин жана "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы тарабынан 10 миң тоннага чейин азык-түлүк буудай данын сатып алуу

Мамлекеттик резерв балансталып толукталды

25-ноябрга чейин

ӨКМ

Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде

18.2. ММРФ үчүн 10,0 миң тоннага чейин жана "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы үчүн 10,0 миң тоннага чейин азык-түлүк буудай данын сатып алууга квотаны иштеп чыгуу жана бекитүү (республиканын райондору боюнча)

Фермерлерге балансталган материалдык колдоо көрсөтүлдү

15-июнь

САЧКӨМ КРП ЫУӨ жана ЖМА менен биргеликте

Талап кылынбайт

".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А.Касымалиев
