Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 12-июну № 469-т
Мамлекеттик материалдык резервди өз убагында толуктоо үчүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн 2025-жылдын түшүмүнөн азык-түлүк буудай данын сатып алууну оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 101-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген 2025-жылы сезондук айыл чарба талаа иштерин жүргүзүү боюнча иш-чаралар планында:
18.1, 18.2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
18.1. Республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн 2025-жылдын түшүмүнөн ММРФ тарабынан 10,0 миң тоннага чейин жана "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы тарабынан 10 миң тоннага чейин азык-түлүк буудай данын сатып алуу
Мамлекеттик резерв балансталып толукталды
25-ноябрга чейин
ӨКМ
Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде
18.2. ММРФ үчүн 10,0 миң тоннага чейин жана "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы үчүн 10,0 миң тоннага чейин азык-түлүк буудай данын сатып алууга квотаны иштеп чыгуу жана бекитүү (республиканын райондору боюнча)
Фермерлерге балансталган материалдык колдоо көрсөтүлдү
15-июнь
САЧКӨМ КРП ЫУӨ жана ЖМА менен биргеликте
Талап кылынбайт
".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 101-т (2025-жылы сезондук айыл чарба талаа иштерин жүргүзүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу)…Распоряжение · 21.02.2025 · № 101-р