5-берене
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
1. 1999-жылдын 16-июнуна чейин туруктуу, убактылуу пайдаланууга же өмүр бою мураска алынган ээлик кылууга белгиленген тартипте жер тилкесине болгон укугун алган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жер тилкесине болгон жеке менчик укугу документтерди эч кандай кайра тариздебестен таанылат, атап айтканда:
- жер үлүшүнө болгон укук;
- короо-жай, багбанчылык-дача жер тилкелерине болгон укук;
- турак жана дача үйлөрүнө бекитилип берилген жер тилкелерине болгон укук;
- менчиктештирилген турак үйлөрдүн жер тилкелерине болгон укук.
2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин күчүнө кириши менен системалуу же ыктыярдуу тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн жер тилкелерине болгон укук жеке турак жайды же көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерине болгон укуктар катары катталган укуктун негизинде жарактуу деп таанылат жана бул жер тилкелери калктуу конуштардын жерлери болуп эсептелет.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 24.07.2020 · № 89
- Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 30.07.2019 · № 107
- Жазы айылдык кеңешинин 2026-жылдын 31-марты № 12/69 Кара-Дыйкан айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтомуПостановление · 31.03.2026 · № 12/69
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029580/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>