3-берене
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жоболору ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан мамилелерге жайылтылат.
2. "Жайыттар жөнүндө", "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын күчүн жоготту деп таануу алар күчүн жоготту деп таанылганга чейин пайда болгон жер укуктук мамилелери үчүн кандайдыр бир юридикалык кесепеттерге алып келбейт.
Белгиленген тартипте даярдалган, ыйгарым укуктуу органдын кароосунда турган жерге жайгаштыруу иштери боюнча жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечимдер жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата ошол мезгилдеги колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине ылайык кабыл алынат.
3. Жер тилкелери бекитилип берилген имараттар жана курулмалар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзгөн чет өлкөлүк жактар мурда колдонулуп келген укук күбөлөндүрүүчү документтерди кадастрдык планга алмаштыруу менен жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугуна ээ болушат.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 01.06.2017 · № 95
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз…Закон · 06.01.2021 · № 3
- О внесении дополнений в Законы Кыргызской Республики "О транспорте", "О дорожном движении в кыргызской Республике" и Земельный кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 07.02.2005 · № 15
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029580/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>