# 10-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029580/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5583/edition/34912/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029580/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 10-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029580/st-10

---

1. Юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана Кыргыз Республикасынын Жер кодекси күчүнө киргенге чейин көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктеги жер тилкелери көп батирлүү үйдү пайдаланууга берген күндөн тартып 5 жылдын ичинде тиешелүү юридикалык жана жеке жактар тарабынан менчикке сатып алынууга тийиш, андан кийин жер тилкесине болгон укуктар көп батирлүү үйдүн жашоочуларынын жалпы үлүштүк менчигине акысыз өткөрүлүп берилет. Юридикалык жана жеке жактар менчикке сатып алууну көп батирлүү үйдү пайдаланууга берүү мөөнөтүн эске алуу менен колдонулуучу Муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин наркын эсептөө методикасына ылайык жер тилкесин түз сатуу жолу менен жүзөгө ашырышат.

Көп батирлүү үйдү пайдаланууга берүү мөөнөтүн эске алуу менен колдонулуучу Муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин наркын эсептөө методикасы тиешелүү шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.

2. Юридикалык жана жеке жактар жер тилкесин сатып алуу боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына күрөө берүүгө милдеттүү. Күрөө сатылып алынуучу жер тилкесинин наркына өлчөмдөш аныкталат жана ар бир жыл ичинде төлөнгөн сатып алуу төлөмдөрүнүн суммасына пропорционалдуу түрдө азайтылышы мүмкүн. Күрөөнүн түрү, берүүнүн шарттары жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркын азайтуу тартиби тиешелүү шаардык кеңеш тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580/st-11)
