# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-июлундагы № 437 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктарды колдонуу жана сымап камтылган буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-июлундагы № 437 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктарды колдонуу жана сымап камтылган буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 437
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029548>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43244/edition/34869/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029548.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-июлундагы № 437 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктарды колдонуу жана сымап камтылган буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө" токтому (22.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029548

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 22-июлу № 437

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктарды колдонуу жана сымап камтылган буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө

“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59, 61-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Медициналык калдыктарды колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) Сымап камтылган медициналык буюмдар менен иштөө жана колдонуу тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтомду республикалык бюджеттен каржылануучу саламаттык сактоо уюмдары тарабынан ишке ашыруу тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 719 “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 55 (3711) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев​
