Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктарды колдонуу жана сымап камтылган буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-июлу № 437
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктарды колдонуу жана сымап камтылган буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө
“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59, 61-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Медициналык калдыктарды колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Сымап камтылган медициналык буюмдар менен иштөө жана колдонуу тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду республикалык бюджеттен каржылануучу саламаттык сактоо уюмдары тарабынан ишке ашыруу тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 719 “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 55 (3711) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Сымап камтылган медициналык буюмдар менен иштөө жана колдонуу тартиби ( 2025-жылдын 22-июлундагы № 437 Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктарды…Порядок · 22.07.2025 · № 437
- Сымап камтылган медициналык буюмдар менен иштөө жана колдонуу тартиби (2025-жылдын 22-июлундагы № 437 Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктарды…Порядок · 22.07.2025 · № 437
- КР Өкмөтүнөн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча маселелер…Постановление · 30.12.2019 · № 719 · Күчүн жоготкон
- Медициналык калдыктар менен иштөө тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30- декабрындагы № 719 токтомуна)Порядок · 30.12.2019 · № 719 · Күчүн жоготкон
- Сымаптуу медициналык буюмдар менен иштөө тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 719 токтомуна)Порядок · 30.12.2019 · № 719 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- КР Өкмөтүнөн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча маселелер…Постановление · 30.12.2019 · № 719 · Күчүн жоготкон