# Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-июнундагы №5/12 "“Орто-Сырт” калктуу конуштагы китепканачынын штаттык бирдигин жоюу, китепкананын китеп фондун жана материалдык баалуулуктарын тиешелүү мекемеге өткөрүп берүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-июнундагы №5/12 "“Орто-Сырт” калктуу конуштагы китепканачынын штаттык бирдигин жоюу, китепкананын китеп фондун жана материалдык баалуулуктарын тиешелүү мекемеге өткөрүп берүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/12
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029530>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43228/edition/34837/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-июнундагы №5/12 "“Орто-Сырт” калктуу конуштагы китепканачынын штаттык бирдигин жоюу, китепкананын китеп фондун жана материалдык баалуулуктарын тиешелүү мекемеге өткөрүп берүү жөнүндө" Токтому (03.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029530

---

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2025-жылдын 3-июну № 5/12

“Орто-Сырт” калктуу конуштагы китепканачынын штаттык бирдигин жоюу, китепкананын китеп фондун жана материалдык баалуулуктарын тиешелүү мекемеге өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы №757 токтомуна ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Орто-Сырт” калктуу конуштагы китепканачынын штаттык бирдигин жоюуга макулдук берилсин.

2. Китепкананын китеп фондун жана материалдык баалуулуктарын Байгөнчөк айылындагы китепканага өткөрүлүп берилсин.

3. Токтомду аткарууга алуу жана мыйзам чегинде иш алып баруу Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага:

Ч.Азимжанов
