Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин «“Орто-Сырт” калктуу конуштагы китепканачынын штаттык бирдигин жоюу, китепкананын китеп фондун жана материалдык баалуулуктарын тиешелүү мекемеге өткөрүп берүү жөнүндө» Токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 3-июну № 5/12
“Орто-Сырт” калктуу конуштагы китепканачынын штаттык бирдигин жоюу, китепкананын китеп фондун жана материалдык баалуулуктарын тиешелүү мекемеге өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы №757 токтомуна ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Орто-Сырт” калктуу конуштагы китепканачынын штаттык бирдигин жоюуга макулдук берилсин.
2. Китепкананын китеп фондун жана материалдык баалуулуктарын Байгөнчөк айылындагы китепканага өткөрүлүп берилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу жана мыйзам чегинде иш алып баруу Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага:
Ч.Азимжанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.