Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын чектерин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июнундагы № 46
Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын чектерин бекитүү жөнүндө
Бишкек шаарынын аймагын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктардын чектеринин схемалык карталары ушул токтомдун 1-32 тиркемелерине ылайык; Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктардын чектеринин баяндамасы ушул токтомдун 33-тиркемесине ылайык.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын.
3. Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан тейленүүчү аймактардын чектерин бекитүү жөнүндө” 2011-жылдын 20-декабрындагы №286 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Б. Усеналиев
Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын «___»________ №___ токтомуна __-тиркеме
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан тейленүүчү аймактардын чек араларынын баяндамасы
1
№101 МАБ
Чек аралар:
1. Киров көчөсүнөн М.Фрунзе көчөсү боюнча, андан ары Дэн Сяопин проспекти боюнча чыгышты көздөй Ю.Фучик көчөсүнө чейин.
2. Фучик көчөсүнөн Рыскулов көчөсү боюнча чыгышты көздөй Жаш Гвардия бульварына чейин.
3. Жаш Гвардия бульварынан Рыскулов көчөсү боюнча түштүктү көздөй темир жолго чейин.
4. Жаш Гвардия бульварынан Темир жолду бойлото батышты көздөй Киров көчөсүнө чейин.
5. Темир жолдон Киров көчөсү боюнча түндүктү көздөй М.Фрунзе көчөсүнө чейин.
2
№102 МАБ
Чек аралар:
1. Кызыл Аскер каналынан Темир жолу боюнча чыгышты көздөй Ала-Арча дарыясына чейин.
2. Темир жолдон Матыев көчөсү боюнча, андан ары Бакаев көчөсү боюнча түштүктү көздөй И.Ахунбаев көчөсүнө чейин.
3. Бакаев көчөсүнөн И. Ахунбаев көчөсү боюнча батышты көздөй Репин көчөсүнө чейин.
4. И. Ахунбаев көчөсүнөн Репин көчөсү боюнча түндүктү көздөй С. Боронбай көчөсүнө чейин.
5. Репин көчөсүнөн С. Боронбай көчөсү боюнча батышты көздөй Көпүрө-Базар көчөсүнө чейин.
6. С. Боронбай көчөсүнөн Көпүрө-Базар көчөсү боюнча түндүктү көздөй Айни көчөсүнө чейин.
7. Айни көчөсүнөн Арча-Бешик-21 көчөсү боюнча батышты көздөй Чортокев көчөсүнө чейин.
8. Арча-Бешик-21 көчөсүнөн Чортеков көчөсү боюнча түндүктү көздөй Айни көчөсүнө чейин.
9. Айни көчөсүнөн Муромск көчөсү боюнча батышты көздөй Марат Казей көчөсүнө чейин.
10. Муромск көчөсүнөн Марат Казей көчөсү боюнча түндүктү көздөй Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин.
11. Марат Казей көчөсүнөн Тимур Фрунзе көчөсү боюнча түндүктү көздөй Долбоорчу-1 көчөсүнө чейин.
12. Тимур Фрунзе көчөсүнөн Долбоорчу-1 көчөсү боюнча батышты көздөй Ак-Чөлмөк көчөсүнө чейин.
13. Долбоорчу-1 көчөсүнөн Ак-Чөлмөк көчөсү боюнча түндүктү көздөй Ак-Бата көчөсүнө чейин.
14. Ак-Чөлмөк көчөсүнөн Ак-Бата көчөсү боюнча түндүктү көздөй Каховская көчөсүнө чейин.
15. Ак-Бата көчөсүнөн Каховская көчөсү боюнча батышты көздөй Лущихин көчөсүнө чейин.
16. Лущихин көчөсүнөн Үркөр көчөсү боюнча түндүктү көздөй Ашар көчөсүнө чейин.
17. Үркөр көчөсүнөн Кызыл Аскер каналы боюнча түндүктү көздөй Темир жол линиясына чейин.
3
№103 МАБ
Чек аралар:
1. Улукман көчөсүнөн темир жол линиясы боюнча чыгышты көздөй Кызыл Аскер каналына чейин.
2. Темир жол линиясынан Кызыл Аскер каналын бойлото түштүктү көздөй Үркөр көчөсүнө чейин.
3. Үркөр көчөсүнөн Лущихин көчөсү боюнча түштүктү көздөй Ашар көчөсүнө чейин.
4. Лущихин көчөсүнөн Үркөр көчөсү боюнча чыгышты көздөй Лущихин көчөсүнө чейин.
5. Лущихин көчөсүнөн Каховская көчөсү боюнча чыгышты көздөй Ак-Бата көчөсүнө чейин.
6. Каховская көчөсүнөн Ак-Бата көчөсү боюнча түштүктү көздөй Ак-Чөлмөк көчөсүнө чейин.
7. Ак-Бата көчөсүнөн Ак-Чөлмөк көчөсү боюнча чыгышты көздөй Кырк-Кыз көчөсүнө чейин.
8. Ак-Чөлмөк көчөсүнөн Кырк-Кыз көчөсү боюнча түштүктү көздөй Өмүр көчөсүнө чейин.
9. Кырк-Кыз көчөсүнөн Өмүр көчөсү боюнча түштүктү көздөй Эгиналиев көчөсүнө чейин.
10. Өмүр көчөсүнөн Эгиналиев көчөсү боюнча түштүктү көздөй Ак-Буура көчөсүнө чейин.
11. Алыкулов көчөсүнөн Көк-Асаба көчөсү боюнча батышты көздөй Көк-Жайык көчөсүнө чейин.
12. Көк-Асаба көчөсүнөн Көк-Жайык көчөсү боюнча түндүктү көздөй Гагарин көчөсүнө чейин.
13. Гагарин көчөсүнөн Улукман көчөсү боюнча темир жол линиясына чейин.
2. Анклавдар:
1. Западный көчөсүнөн Орто-Арык көчөсү боюнча чыгышты көздөй Көк-Арык, Орто-Арык көчөсү, Корсаков көчөлөрүнө чейин.
2. Алай-Кум көчөсүнөн, Киров көчөсү боюнча түштүктү көздөй темир жолго чейин.
3. Киров көчөсүнөн темир жол линиясы боюнча батышты көздөй Западная көчөсүнө чейин.
4.Темир жол линиясынан Западная көчөсү боюнча түндүктү көздөй Орто-Арык көчөсүнө чейин.
4
№104 МАБ
Чек аралар:
1. Ак-Чөлмөк көчөсүнөн Долбоорчу-1 көчөсү, Тимур Фрунзе көчөсү, Марат Казей көчөсү, Муромск көчөсү боюнча чыгышты көздөй Айни көчөсүнө чейин.
2. Айни көчөсүнөн Чортеков көчөсү, Арча-Бешик-21 көчөсү, Марат Казей көчөсү, Көпүрө-Базар көчөсү, С. Боронбай көчөсү боюнча чыгышты көздөй Репин көчөсүнө чейин.
3. Репин көчөсүнөн И.Ахунбаев көчөсү, Курчатов көчөсү боюнча түндүктү көздөй Д.Садырбаев көчөсүнө чейин
4. Курчатов көчөсүнөн Д.Садырбаев көчөсү боюнча түштүктү көздөй Семетей көчөсүнө чейин.
5. Д.Садырбаев көчөсүнөн Семетей көчөсү, Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн чыгыш чекитинен батышты көздөй Аламүдүн районунун чек арасынын батыш чекитине чейин.
6. Семетей көчөсүнөн Сейдибалы көчөсү боюнча түндүктү көздөй Азем көчөсүнө чейин.
7. Азем көчөсүнөн Д. Мотукеев көчөсү, Орок көчөсү боюнча батышты көздөй Күйүков көчөсүнө чейин.
8. Күйүков көчөсүнөн Муромск көчөсү, Кырк-Кыз көчөсү боюнча түндүктү көздөй Ак-Чөлмөк көчөсүнө чейин.
5
№105 МАБ
Чек аралар:
1. Жаш Гвардия бульварынан Жибек Жолу проспекти боюнча чыгышты көздөй Манас проспектиге чейин.
2. Жибек Жолу проспектиден Манас жана Ч.Айтматов проспектилери боюнча түштүктү көздөй И.Ахунбаев көчөсүнө чейин.
3. Ч.Айтматов проспектиден батышты көздөй А. Бакаев көчөсүнө чейин.
4. И.Ахунбаев көчөсүнөн А. Бакаев көчөсү жана Матыев көчөсү боюнча түндүктү көздөй темир жол линиясына чейин.
5. Матыев көчөсүнөн темир жол линиясы боюнча чыгышты көздөй Жаш Гвардия бульварына чейин.
6.Темир жол линиясынан түндүктү көздөй Жибек Жолу проспектиге чейин.
6
№ 106 МАБ
Чек аралар:
1. Түндүк айланма жолунан чыгышты көздөй Ала-Арча дарыясына чейин.
2. Түндүк айланма жолунан Ала-Арча дарыясын бойлото Кустанай көчөсү боюнча түштүктү көздөй Чоң Чүй каналына чейин.
3. Чоң Чүй каналынан Кустанай көчөсү боюнча түштүктү көздөй Дэн Сяопин проспектиге чейин.
4. Кустанай көчөсүнөн М.Фрунзе көчөсү боюнча батышты көздөй Киров көчөсүнө чейин.
5. М.Фрунзе көчөсүнөн Киров көчөсү боюнча чыгышты көздөй Дмитров көчөсүнө чейин.
6. Киров көчөсүнөн Дмитров, Корсаков, Орто-Арык, Көк-Кыя көчөлөрү боюнча Пограничная көчөсүнө чейин.
7. Орто Арык көчөсү боюнча түндүктү көздөй, «Тынчтык» конушуна чейин.
8. «Тынчтык» конушунун батыш чекитинен түндүктү көздөй Түндүк айланма жолуна чейин Сокулук районунун Гавриловка жана Манас айыл аймактарынын чек аралары менен.
7
№107 МАБ
Чек аралар:
1. Көк Асаба көчөсүнөн Ак-Бура көчөсү боюнча түндүктү көздөй Эгиналиев көчөсүнө чейин.
2. Ак-Бура көчөсүнөн Эгиналиев, Өмүр, Кырк-Кыз, Күйүков көчөлөрү боюнча чыгышты көздөй Арча-Бешик көчөсүнө чейин.
3. Күйүков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсү, Д.Мотукеев көчөсү боюнча түштүктү көздөй Сейдибалы көчөсүнө чейин.
4. Сейдибалы көчөсүнөн түштүктү көздөй Семетей көчөсүнө чейин.
5. Түштүк-Батыш көрүстөнүнөн түштүктү көздөй Достук айылына чейин Аламүдүн жана Сокулук райондорунун чек аралары боюнча.
8
№108 МАБ
Чек аралар:
1. Курчатов көчөсүнөн И. Ахунбаев көчөсү боюнча чыгышты көздөй Ч. Айтматов проспектиге чейин.
2. И.Ахунбаев көчөсүнөн Ч. Айтматов проспекти боюнча түштүктү көздөй Семетей көчөсүнө чейин.
3. Семетей көчөсү боюнча чыгышты көздөй Ала-Арча дарыясына чейин.
4. Семетей көчөсүнөн Ала-Арча дарыясын бойлото түштүктү көздөй Аламүдүн районунун чек арасы боюнча С. Чокморов айылына чейин.
5. Чокморов айылынан Аламүдүн районунун чек арасы боюнча батышты көздөй Байтик айылынын аркасына чейин.
6. Байтик айылынын аркасынан түндүктү көздөй Семетей көчөсүнө чейин.
7. Семетей көчөсү боюнча чыгышты көздөй Д.Садырбаев көчөсүнө чейин.
8. Семетей көчөсүнөн түндүктү көздөй Д.Садырбаев көчөсү боюнча Курчатов көчөсүнө чейин.
9. Д.Садырбаев көчөсү боюнча түндүктү көздөй Курчатов көчөсү боюнча И. Ахунбаев көчөсүнө чейин.
9
№109 МАБ
Чек аралар:
1. Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагынын батыш чек арасынан темир жол боюнча чыгышты көздөй Улукман көчөсүнө чейин
2. Темир жолдон Улукман көчөсү боюнча түштүктү көздөй Гагарин көчөсүнө чейин.
3. Гагарин көчөсүнөн Көк-Жайык жана Көк Асаба көчөлөрү боюнча түштүктү көздөй суу сактагычынын батыш тарабы менен Достук айылына чейин.
4. Достук айылынан Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагынын чек арасы боюнча батышты көздөй суу сактагычка чейин.
10
№201 МАБ
Чек аралар:
1. Киев көчөсү боюнча Манас проспектиден Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин.
2. Аймак Киев көчөсүнөн И. Ахунбаев көчөсүнө чейин Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрү менен чектелген.
3. Ахунбаев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектиге чейин.
4. Ч. Айтматов проспекти жана Манас проспекти И. Ахунбаев көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин.
11
№202 МАБ
Чек аралар:
1. Махатма Ганди көчөсүнөн Саадаев көчөсү боюнча чыгышты көздөй Тоголок Молдо көчөсүнө чейин (АКДТ).
2. Тоголок Молдо көчөсүнүн батыш тарабы Саадаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектиге чейин.
3. Жибек-Жолу проспектинин түштүк тарабы Тоголок Молдо көчөсүнөн Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин.
4. Ж. Абдрахманов көчөсүнүн батыш тарабы Жибек-Жолу проспектиден Киев көчөсүнө чейин.
5. Киев көчөсүнүн түндүк тарабы Ж. Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектиге чейин.
6. Манас проспектинин чыгыш тарабы Киев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектиге чейин;
7. Жибек-Жолу проспектинин түндүк тарабы Манас проспектиден Махатма Ганди көчөсүнө чейин;
8. Махатма Ганди көчөсүнүн чыгыш тарабы Жибек-Жолу проспектиден Саадаев көчөсүнө чейин.
12
№203 МАБ
Чек аралар:
1. Жаз көчөсүнөн Жапаров көчөсү боюнча Махатма Ганди көчөсүнө чейин.
2. Жапаров көчөсүнөн Махатма Ганди көчөсү боюнча М. Рыскулов көчөсүнө чейин.
3. Махатма Ганди көчөсүнөн М. Рыскулов көчөсү боюнча Ю. Фучик көчөсүнө чейин.
4. М. Рыскулов көчөсүнөн Ю. Фучик көчөсү боюнча Береговая көчөсүнө чейин.
5. Ю. Фучик көчөсүнөн Береговая көчөсү боюнча Жаз көчөсүнө чейин.
6. Окраинная көчөсүнөн Жаз көчөсү боюнча Ак-Жол көчөсүнө чейин.
13
№204 МАБ
Чек аралар:
1. Аскердик бөлүктүн аймагынан түштүк-чыгышты көздөй ЧЧКга чейин.
2. ЧЧКдан чыгышты көздөй Ю. Фучик көчөсүнө чейин.
3. ЧЧКдан Ю. Фучик көчөсү боюнча түштүктү көздөй Дэн Сяопин проспектиге чейин.
4. Ю. Фучик көчөсүнөн Дэн Сяопин проспекти боюнча батышты көздөй Кустанай көчөсүнө чейин.
5. Дэн Сяопин проспектиден Кустанай көчөсү боюнча түндүктү көздөй ЧЧКнын түндүк-батыш тарабына чейин.
14
№205 МАБ «Ак-Босого» конушу
Чек аралар:
1. Ала-Арча дарыясынан чыгышты көздөй Сары-Челек көчөсүнө чейин.
2. Сары-Челек көчөсүнөн батыш тарабы боюнча түштүктү көздөй Бухара көчөсүнө чейин.
3. Сары-Челек көчөсүнөн Бухара көчөсү боюнча чыгышты көздөй Профессор Зима көчөсүнө чейин.
4. Бухара көчөсүнөн Профессор Зима көчөсү боюнча түштүктү көздөй Южная көчөсүнө чейин.
5. Профессор Зима көчөсүнөн Южная көчөсү боюнча чыгышты көздөй Коллектор көчөсүнө чейин.
6. Южная көчөсүнөн Коллектор көчөсү боюнча түштүктү көздөй Саадаев көчөсүнө чейин.
7. Коллектор көчөсүнөн Саадаев көчөсү боюнча батышты көздөй Чүй-45 көчөсүнө чейин.
8. Саадаев көчөсүнөн Чүй-45 көчөсү боюнча түндүктү көздөй Чүй-41 көчөсүнө чейин.
9. Чүй-41 көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсү боюнча түндүктү көздөй Жерге-Тал көчөсүнө чейин.
10. Түлөбердиев көчөсүнөн Жерге-Тал көчөсү боюнча чыгышты көздөй Чүй-41 көчөсүнө чейин.
11. Жерге-Тал көчөсүнөн Берекет көчөсү боюнча түндүктү көздөй Чүй-6, Чүй-5, Чүй-4, Чүй-2 жана Чүй-1 көчөлөрүнүн чектерин бойлото.
12. Чүй-1 көчөсүнөн Ала-Арча дарыясынын нугу бойлото түндүктү көздөй Ала-Арча дарыясынын өзүнө чейин.
№205 МАБ «Калыс-Ордо» конушу, Түндүк айланма жолу 84 га
Чек аралар:
1. Ала-Арча суу сактагычынын түндүк-чыгыш тарабынан Аламүдүн районун чек арасы боюнча Ала-Арча дарыясынын түндүк-батыш тарабына чейин.
2. Ала-Арча дарыясынын түндүк-батыш тарабынан Ала-Арча дарыясын бойлото түштүктү көздөй Аламүдүн районун чек арасы боюнча Түндүк айланма жолуна чейин.
3. Ала-Арча дарыясынан Түндүк айланма жолу боюнча батышты көздөй Калыс-Ордо-101 көчөсүнө чейин.
4. Калыс-Ордо-101 көчөсүнөн түштүктү көздөй Калыс-Ордо-7, Калыс-Ордо-6, Улут Биримдиги, Калыс-Ордо-9 көчөлөрүнүн чектери менен Совхоз каналына чейин.
5. Калыс-Ордо-115 көчөсүнөн Совхоз каналынын түштүк тарабы боюнча чыгышты көздөй Калыс-Ордо-112 көчөсүнүн чегине чейин.
6. Калыс-Ордо-112 көчөсүнөн Ала-Арча суу сактагычынын батыш тарабы боюнча Калыс-Ордо-20 көчөсүнүн чегине чейин, андан ары түндүктү көздөй Ала-Арча суу сактагычынын чыгыш тарабы боюнча.
№205 МАБ «Мурас-Ордо» конушу
Чек аралар:
1. Мурас-Ордо-5 көчөсүнөн Безымянная көчөсү боюнча Мурас-Ордо-4 көчөсүнө чейин.
Чыгыш тарабы:
2. Безымянная көчөсүнөн Мурас-Ордо-14 көчөсү боюнча Безымянная көчөсүнө чейин, Безымянная көчөсүнөн Мурас-Ордо-15-көчөсү боюнча Школьная көчөсүнө чейин, Школьная көчөсүнөн Мурас-Ордо-12-көчөсү боюнча Безымянная көчөсүнө чейин.
3. Мурас-Ордо-12 көчөсүнөн Безымянная көчөсү боюнча Мурас-Ордо-1 көчөсүнө чейин.
Батыш тарабы:
4. Безымянная көчөсүнөн Мурас-Ордо-1 көчөсү боюнча Школьная көчөсүнө чейин, Школьная көчөсүнөн Мурас-Ордо-3 көчөсү боюнча Безымянная көчөсүнө чейин.
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун «Мурас-Ордо» конушунун башкы планы боюнча.
15
№206 МАБ
Чек аралар:
1. №3 көлмөнүн түндүк-батыш тарабынан — Озерное айылынын №46 контуруна чейин, №46 контурдун түндүк-чыгыш тарабынан — №126 контурга чейин, №126 контурдан Совхоз каналынын түндүк тарабы боюнча №133 контурга чейин, Совхоз каналынан №133 контурдун батыш тарабы боюнча №53 контурдун чыгыш тарабына чейин (Сокулук жана Аламүдүн райондорунун схемалык карталарына ылайык).
2. №53 контурдун чыгыш тарабынан дренаждык тармак боюнча түштүктү көздөй Түндүк айланма жолуна чейин.
3. Түндүк айланма жолунан «Бишкексууканал» МИнин лотогун бойлото Юбилейная көчөсү боюнча, андан ары №26 көчөнүн түштүк тарабын бойлото «Бишкексууканал» МИнин тазалоочу курулмаларынын чыгыш чек арасына чейин, андан кийин Тамырчы көчөсү боюнча («Маевка» МАБ) Мыскал көчөсүнө чейин, Мыскал көчөсүнүн түштүк тарабы боюнча Тамырчы көчөсүнөн Садовая көчөсүнө чейин, Садовая көчөсүнүн батыш тарабы боюнча Мыскал көчөсүнөн ЧЧКнын түндүк тарабына чейин.
4. Садовая көчөсүнөн ЧЧКнын түндүк тарабын бойлото аскер бөлүгүнүн аймагына чейин. Аскер бөлүгүнүн чыгыш тарабынан дарыя жээгин бойлото Түндүк айланма жолуна чейин.
5. Аймак Чокморов айыл аймагы менен чектешет, Түндүк айланма жолун бойлото (түштүк тараптан) Степное айылынын батыш тарабына чейин.
6. Степное айылынын батыш тарабынан №172 контурдун батыш тарабы боюнча — Айланма жолдон №162 контурдун батыш тарабына чейин (Совхоз каналы), № 95 контурдун батыш тарабы боюнча Совхоз каналынан №88 контурдун батыш тарабына чейин, андан ары № 88 контурдун батыш тарабынан №3 көлмөгө («Балык чарба») чейин (Сокулук районунун схемалык картасына ылайык).
16
№ 207 МАБ
Чек аралар:
1. Аймактын чыгыш тарабы Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Аламүдүн районунун Мраморное айыл өкмөтүнүн 122-көчөсүнүн жерлери менен чектешет .
2. 122-көчөдөн Ала-Арча суу сактагычынын батыш тарабын бойлото түштүктү көздөй Совхоз каналына чейин.
3. Совхоз каналынан Совхоз каналын бойлото батышты көздөй Ынтымак-Нуру көчөсүнө чейин.
4. Совхоз каналынан Ынтымак-Нуру көчөсү боюнча түштүктү көздөй Калыс-Ордо-6 жана Калыс-Ордо-4 көчөлөрү аркылуу Түндүк айланма жолуна чейин.
5. Түндүк айланма жолун бойлото Калыс-Ордо-101 көчөсүнөн чыгышты көздөй Ала-Арча дарыясына чейин.
6. «Биримдик» жана «Ак-Босого» конуштары ортосу аркылуу өткөн дренаждык канал боюнча, «Ала-Арча» дарыясын бойлото Түндүк айланма жолунан түштүктү көздөй Чүй-4 көчөсүнө чейин, андан кийин Чүй-4 көчөсүнөн Чүй-1 көчөсүнө чейин.
7. Чүй-1 көчөсүнөн Берекет көчөсү боюнча түштүктү көздөй Жерге-Тал көчөсүнө чейин.
8. Жерге-Тал көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсү боюнча түштүктү көздөй Саадаев көчөсүнө чейин.
9. Түлөбердиев көчөсүнөн Жапаров жана Саадаев көчөлөрү боюнча батышты көздөй Тамырчы көчөсүнө чейин.
10. Тамырчы көчөсү боюнча түндүктү көздөй Үмүт-26 көчөсүнө чейин, андан кийин Үмүт-26 көчөсүнөн түндүктү көздөй «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын тазалоочу курулмаларынын батыш тарабын бойлото, чек ара болуп эсептелген Р-9 каналы боюнча.
11. «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын тазалоочу курулмаларынын батыш тарабынан Р-9 каналы боюнча түндүктү көздөй Совхоз каналына чейин.
12. Совхоз каналынан дренаждык тармак боюнча №53 контурдун чыгыш тарабына чейин.
17
№ 208 МАБ
Чек аралар: Түндүк тарабы:
- Сокулук району менен чек арадан Ат-Башы каналын бойлото Аламүдүн району менен чек арага чейин.
Чыгыш тарабы:
- Аламүдүн районунун Мрамор айыл аймагынын аймагы менен чектешет.
Түштүк тарабы:
- Сокулук району менен чектешет (Ак-Жол май куюучу станциясы).
Батыш тарабы:
- Сокулук району менен чектешет.
№ 208 МАБ Авиагородок
Чек аралар: Түндүк тарабы:
- Школьная көчөсүнөн Заводская көчөсү боюнча Долбоорлонуучу көчөгө чейин.
Чыгыш тарабы:
- Заводская көчөсүнөн Школьная көчөсү боюнча Авиагородок көчөсүнө чейин жана Аламүдүн районунун аймагы менен чектешет.
Түштүк тарабы:
- Сокулук району менен чектешет.
Батыш тарабы:
- Аламүдүн району менен чектешет.
№ 208 МАБ «Бугу-Эне-Багыш» конушу
Чек аралар: Түндүк тарабы:
- Аламүдүн районунун чек арасынан Ат-Башы каналын бойлото.
Чыгыш тарабы:
- Аламүдүн районунун Мрамор айыл аймагынын аймагы менен чектешет, Ат-Башы каналына чейин.
Түштүк тарабы:
- Аламүдүн районунун Мрамор айыл аймагынын аймагы менен чектешет, Ат-Башы каналын бойлото.
Батыш тарабы:
- Аламүдүн районунун чек арасынан Ат-Башы каналын бойлото.
18
№ 301 МАБ
Чек аралары:
1. Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Чүй проспекти боюнча чыгышты көздөй 7-апрель көчөсүнө чейин
2. Чүй проспектиден 7-апрель көчөсү боюнча түштүктү көздөй темир жолго чейин.
3. 7-апрель көчөсүнөн темир жолдун түндүк тарабы боюнча батышты көздөй Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин.
4. Темир жолдон Ж.Абдрахманов көчөсү боюнча түндүктү көздөй Чүй проспектиге чейин.
19
№ 302 МАБ
Чек аралар:
1. Э.Керимов көчөсүнөн Чоң Чүй каналы боюнча чыгышты көздөй Лермонтов көчөсүнө чейин.
2. Чоң Чүй каналынан Лермонтов көчөсү боюнча түштүктү көздөй Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин.
3. Лермонтов көчөсүнөн батышты көздөй Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин жана Чүй проспекти Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин.
4. Чүй проспектиден Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин түндүктү көздөй Жибек-Жолу проспектиге чейин.
5. Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектиге чейин чыгышты көздөй Э. Керимов көчөсүнө чейин
20
№303 МАБ
Чек аралар:
1. Курманалиев Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинен түштүк-чыгышты көздөй Кожовенный көчөсү боюнча шаардык Түндүк көрүстөнүнүн түштүк-чыгыш чегине чейин.
2. Шаардык Түндүк көрүстөнүнүн түштүк-чыгыш чегинен Ибраимов көчөсү боюнча түштүктү көздөй Аул көчөсүнө чейин.
3. Ибраимов көчөсүнөн Дордой-Аул көчөсү боюнча Дордой-3 көчөсүнө чейин.
4. Дордой-3 көчөсүнөн чыгышты көздөй Аламүдүн дарыясына чейин.
5. Дордой-3 көчөсүнөн Аламүдүн дарыясына бойлото түндүктү көздөй ЧЧКга чейин.
6. Аламүдүн дарыясынан Чоң Чүй каналы боюнча батышты көздөй Э. Керимов көчөсүнө чейин.
7. Чоң Чүй каналынан Э. Керимов көчөсү боюнча түштүктү көздөй Жибек-Жолу проспектиге чейин.
8. Э. Керимов көчөсүнөн Жибек-Жолу проспекти боюнча батышты көздөй Т.Молдо көчөсүнө чейин.
9. Жибек-Жолу проспектиден Т.Молдо көчөсү боюнча түндүктү көздөй Саадаев көчөсүнө чейин.
10. Т.Молдо көчөсү боюнча чыгышты көздөй Саадаев көчөсүнө жана дренаждык каналга чейин.
11. Саадаев көчөсү боюнча дренаждык каналды бойлото түндүктү көздөй Арык көчөсүнө чейин.
12. Дренаждан Арык көчөсү боюнча чыгышты көздөй Коллектив көчөсүнө чейин.
13. Арык көчөсү боюнча дренаждык каналды бойлото түндүктү көздөй Элебесов менен Зеленый көчөлөрүнүн кесилишине чейин.
14. Элебесов менен Зеленый көчөлөрүнүн кесилишинен түндүктү көздөй Дордой көлүнүн батыш жээгин бойлото жана Түндүк көрүстөнүнүн чеги менен Курманалиев жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишине чейин.
21
№304 МАБ
Чек аралар:
1. Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтын түндүк жээгинен түштүктү көздөй Түндүк айланма жолуна чейин.
2. Түндүк айланма жолу боюнча чыгышты жана түштүктү көздөй Кыргыз жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишине чейин.
3. Кыргыз көчөсүнөн түндүк-батышты көздөй Курманалиев көчөсүнө чейин.
4. Курманалиев көчөсүнөн түндүктү көздөй Түндүк айланма жолуна чейин.
5. Түндүк айланма жолунан Курманалиев көчөсү боюнча Элебесов көчөсүнө чейин.
6. Элебесов көчөсүнөн Зеленый көчөсүнө чейин.
7. Зеленый көчөсү боюнча Коллектив көчөсүнө чейин.
8. Коллектив көчөсү боюнча Арык көчөсүнө чейин.
9. Арык көчөсү боюнча чыгышты көздөй Колхоз туюк көчөсүнө чейин.
10. Арык көчөсүнөн дренаждын чыгыш тарабы боюнча түштүктү көздөй Саадаев көчөсүнө чейин.
11. Дренаждан Саадаев көчөсү боюнча батышты көздөй Коллектор көчөсүнө чейин.
12. Саадаев көчөсүнөн Коллектор көчөсү боюнча түндүктү көздөй Белинский көчөсүнө чейин.
13. Коллектор көчөсүнөн Белинский жана Бухара көчөлөрү боюнча чыгышты көздөй Сары-Челек көчөсүнө чейин.
14. Сары-Челек көчөсү боюнча Ала-Арча дарыясын бойлото түндүктү көздөй Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычына чейин.
15. Мамлекеттик айыл чарба жер фондусунун жерлери (Рассвет айылы) Аламүдүн районунун чер арасы боюнча.
22
МАБ №305
Чек аралар:
1. Түндүк айланма жолунан түндүктү көздөй Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычына чейин.
2. Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынан чыгышты көздөй «Ак-Жар» конушунун түндүк-чыгыш чек арасына чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
3. «Ак-Жар» конушунун түндүк-чыгыш чек арасынан Түндүк айланма жолуна чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
4. Түндүк айланма жолунан чыгышты жана түндүк-чыгышты көздөй Набережный көчөсүнө чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
5. Набережный көчөсү боюнча Аламүдүн дарыясына чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
6. Аламүдүн дарыясы боюнча С. Райымбек көчөсүнөн түндүктү көздөй Түндүк айланма жолуна чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
7. Түндүк айланма жолунан чыгышты көздөй Култегин көчөсүнө чейин («Эне-Сай» конушу).
8. Түндүк айланма жолунан түштүктү көздөй Күлтегин көчөсү боюнча Гидростроитель көчөсүнө чейин.
9. Гидростроитель көчөсүнөн батышты көздөй Орхон көчөсүнө чейин.
10. Орхон көчөсүнөн түндүктү көздөй Аламүдүн дарыясын бойлото, андан ары түштүктү көздөй Гидростроитель көчөсүнө чейин.
11. Гидростроитель көчөсү боюнча батышты көздөй Дордой-3 көчөсүнө чейин.
12. Гидростроитель көчөсүнөн Дордой-Аул көчөсү боюнча түндүк-чыгышты көздөй Ибраимов көчөсүнө чейин.
13. Аул көчөсүнөн Ибраимов көчөсү боюнча түндүк-батышты көздөй Кожевенный көчөсүнө чейин.
14. Кожевенный көчөсү боюнча шаардык Түндүк көрүстөнүн бойлото Элебесов көчөсүнө чейин.
15. Элебесов көчөсү боюнча түндүктү көздөй Курманалиев көчөсү менен кесилишке чейин жана андан Түндүк айланма жолуна чейин.
16. Түндүк айланма жолунан батышты жана түштүктү көздөй Келечек-5 көчөсүнүн батыш тарабындагы уландысы, Кыргыз көчөсүнө чейин.
17. Келечек-5 көчөсүнүн батыш тарабындагы уландысынан Кыргыз көчөсү боюнча Түндүк айланма жолуна чейин.
23
№ 306 МАБ
Чек аралар:
1. Орхон көчөсүнөн түндүктү көздөй Аламүдүн дарыясын бойлото, андан ары түштүктү көздөй Гидростроитель көчөсүнө чейин.
2. Гидростроитель көчөсү боюнча Култегин көчөсүнө чейин.
3. Култегин көчөсү боюнча Түндүк айланма жолуна чейин.
4. Түндүк айланма жолунан Алма-Ата көчөсүнө чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
5. Алма-Ата көчөсү боюнча Бишкек шаарынын автобекетине чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
6. Алма-Ата көчөсүнүн түштүк тарабынан Гидростроитель көчөсүнө чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
7. Алма-Ата көчөсүнөн чыгышты көздөй Чекиш-Ата көчөсүнө чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
8. Чекиш-Ата көчөсүнөн түндүктү көздөй Панфилов көчөсүнө чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
9. Панфилов көчөсү боюнча чыгышты жана түштүктү көздөй Кичи Чүй каналына чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
10. Кичи Чүй каналынан чыгышты жана түштүктү көздөй Мыкан айылынын түндүк чек арасына чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
11. Мыкан айылынан түштүктү көздөй Суворов-Полевой көчөсүнө чейин (Мыкан айылы толугу менен), Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
12. Суворов-Полевой көчөсү боюнча чыгышты, түштүктү жана батышты көздөй Бишкек ЖЭБинин күл таштандысын бойлото Кошой-ЧЧК көчөсүнө чейин.
13. Кошой-ЧЧК көчөсү боюнча чыгышты көздөй Аламүдүн дарыясына чейин.
14. Аламүдүн дарыясын бойлото түндүктү көздөй Орхон көчөсүнө чейин.
15. Садовый айылы жана 2-көчөсү – ГЭС-3 көчөсү толугу менен, Гидровская жана Новая көчөлөрү жарым жартылай
24
№ 307 МАБ
Чек аралар:
1. Широкий көлүнүн түндүк-чыгыш чек арасынан түндүктү жана чыгышты көздөй Түндүк айланма жолу боюнча «Биримдик-Кут» конушундагы 12-көчөгө чейин.
2. «Биримдик-Кут» конушундагы 12-көчөсү боюнча чыгышты жана түндүк-чыгышты көздөй Чоӊ Чүй каналына чейин.
3. Чоӊ Чүй каналын бойлото түштүктү көздөй Учкун-8 көчөсүнө чейин.
4. Чоӊ Чүй каналынан батышты көздөй Зеленый көчөсүнө чейин.
5. Зеленый көчөсү боюнча түндүк-батышты көздөй “Куруучулар шаарчасы” кварталынын чек арасын бойлото Ауэзов көчөсүнө чейин.
6. Ауэзов көчөсү боюнча түндүктү көздөй Ленин проспектине чейин.
7. Ауэзов көчөсүнөн Ленин проспекти боюнча батышты көздөй М. Сагынбай көчөсүнө чейин.
8. М. Сагынбай көчөсү боюнча түштүктү көздөй Киров көчөсү менен кесилишке чейин.
9. Киров көчөсү боюнча батышты көздөй Лермонтов көчөсүнө чейин.
10. Киров көчөсүнөн Лермонтов көчөсү боюнча түндүктү көздөй Чоӊ Чүй каналынын түндүк тарабына чейин.
11. Лермонтов көчөсүнөн Чоӊ Чүй каналын бойлото батышты көздөй Кошой көчөсүнө чейин («Бакай-Ата» конушу).
12. Чоӊ Чүй каналынан Кошой көчөсү боюнча түндүктү көздөй «Бакай-Ата» конушунун түндүк-чыгыш чек арасына чейин.
13. «Бакай-Ата» конушунун түндүк-чыгыш чек арасынан чыгышты көздөй Ленин көчөсүнө чейин.
14. Чоӊ Чүй каналынан Ленин көчөсү боюнча түндүктү көздөй Восток айлынын батыш чек арасын бойлото Широкий көлүнүн түндүк-батыш чек арасына чейин.
15. Дачный айылы толугу менен.
25
№ 308 МАБ
Чек аралар:
1. Шабдан Баатыр көчөсү боюнча чыгышты көздөй Лермонтов көчөсүнө чейин.
2. Лермонтов көчөсү боюнча түштүктү көздөй Киров көчөсүнө чейин.
3. Киров көчөсү боюнча чыгышты көздөй С. Манасчы көчөсүнө чейин.
4. С. Манасчы көчөсү боюнча түштүктү көздөй Токмок көчөсүнө чейин.
5. Токмок көчөсү боюнча чыгышты көздөй М. Ауэзов көчөсүнө чейин.
6. Токмок көчөсү боюнча андан ары М. Ауэзов көчөсү боюнча.
7. Куруучулар шаарчасы көчөсү боюнча түштүктү көздөй Зеленый көчөсүнө чейин.
8. Зеленый көчөсү боюнча Чоң Чүй каналына чейин.
9. Чоң Чүй каналынан «Учкун» конушун бойлото темир жолду көздөй.
10. Чоң Чүй каналынан темир жол тарапка батышты көздөй 7-Апрель көчөсүнө чейин.
11. 7-Апрель көчөсү боюнча түштүктү көздөй Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин.
26
№ 401 МАБ
Чек аралар:
1. А. Дүйшеев көчөсү боюнча Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Г. Айтиев көчөсүнө чейин.
2. Г. Айтиев көчөсү боюнча Сухэ-Батор көчөсүнөн А. Куттубаев көчөсүнө чейин.
3. А. Куттубаев көчөсү боюнча Г. Айтиев көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин.
4. Каралаев көчөсүнөн Ботаникалык бактын аймагы боюнча 7-апрель көчөсүнө чейин (Күмүшалиева көчөсү менен кесилиши).
5. 7-апрель көчөсү жана Карагул Акмат көчөсү боюнча Күмүшалиев көчөсүнөн Майрам көчөсүнө чейин.
6. Майрам көчөсү боюнча Карагул Акмат көчөсүнөн сол жакты көздөй бирнчи бурулушка чейин.
7. Майрам көчөсү боюнча сол жакты көздөй биринчи бурулуштан Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
8. Жукеев-Пудовкин көчөсү боюнча Аламүдүн районунун чек арасынан А. Дүйшеев көчөсүнө чейин.
27
№ 402 МАБ
Чек аралар:
1. И. Ахунбаев көчөсү боюнча Ч. Айтматов проспектинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин.
2. Жукеев-Пудовкин көчөсү боюнча И. Ахунбаев көчөсүнөн Аламүдүн районунун чек арасына чейин.
3. Аламүдүн районунун Аруун көчөсүнөн жергиликтүү көрүстөндүн батыш тарабына чейин жергиликтүү жол менен, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
4. Жергиликтүү көрүстөндүн батыш тарабындагы жергиликтүү жол боюнча Ормокеев көчөсүнө чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
5. Ормокеев көчөсү боюнча Рысмендеев көчөсүнө чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
6. Рысмендеев көчөсү боюнча Иманалиев көчөсүнө чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
7. Иманалиев көчөсү боюнча батышты көздөй Байтик Баатыр көчөсүнө чейин.
8. Семетей көчөсү боюнча Байтик Баатыр көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектине чейин.
9. Ч. Айтматов проспекти боюнча Семетей көчөсүнөн түндүктү көздөй И. Ахунбаев көчөсүнө чейин.
28
№ 403 МАБ
Чек аралар:
1. Койбагаров көчөсү боюнча Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн С. Каралаев көчөсүнө чейин.
2. С. Каралаев көчөсү боюнча Койбагаров көчөсүнөн И. Ахунбаев көчөсүнө чейин.
3. И. Ахунбаев көчөсү боюнча С. Каралаев көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин.
4. 7-апрель көчөсү боюнча Ахунбаев көчөсүнөн Күмүшалиева көчөсүнө чейин.
5. 7-апрель/Күмүшалиева көчөлөрүнүн кесилишинен Ботаникалык бактын аймагы боюнча Куттубаев көчөсүнө чейин.
6. Куттубаев көчөсү боюнча Каралаев көчөсүнөн Айтиев көчөсүнө чейин.
7. Айтиев, Куттубаев көчөлөрү боюнча Сухэ-Батор көчөсүнө жана А. Дүйшеев көчөсүнө чейин.
8. Сухэ-Батор жана А. Дүйшеев көчөлөрү боюнча Айтиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин.
9. Жукеев-Пудовкин көчөсү боюнча А. Дүйшеев көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейин.
29
№ 404 МАБ
Чек аралар:
1. Темир жол боюнча Байтик Баатыр көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин.
2. 7-апрель көчөсү боюнча темир жолдон И. Ахунбаев көчөсүнө чейин.
3. И. Ахунбаев көчөсү боюнча 7-апрель көчөсүнөн С. Каралаев көчөсүнө чейин.
4. С. Каралаев көчөсү боюнча И. Ахунбаев көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейин.
5. Койбагаров көчөсү боюнча Каралаев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин.
6. Жукеев-Пудовкин көчөсү боюнча Койбагаров көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин.
7. И. Ахунбаев көчөсү боюнча Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин.
8. Байтик Баатыр көчөсү боюнча И. Ахунбаев көчөсүнөн темир жолго чейин.
30
№ 405 МАБ
Чек аралар:
1. Темир жол боюнча 7-апрель көчөсүнөн Ч. Валиханов көчөсүнө чейин.
2. Ч. Валиханов жана Кадырбай Ата көчөлөрү боюнча темир жолдон Кадырбай Ата көчөсүнүн № 1 үйүнө чейин.
3. «Полиция шаарчасы» жана «Алтын-Ордо» конуштарынын түштүк тарабы Кадырбай Ата көчөсүнөн Алтын-Ордо-1 көчөсүнө чейин.
4. Алтын-Ордо-1 көчөсү боюнча «Алтын-Ордо» конушунун түштүк тарабынан Чыгыш Чоӊ Чүй каналына чейин.
5. Чыгыш Чоӊ Чүй каналы боюнча Алтын-Ордо-1 көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин.
6. Достоевский көчөсү боюнча Чыгыш Чоӊ Чүй каналынан Түштүк Чоӊ Чүй каналына чейин.
7. Түштүк Чоӊ Чүй каналы боюнча Достоевский көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин.
8. 7-апрель көчөсү боюнча Түштүк Чоӊ Чүй каналынан темир жолго чейин.
31
№ 406 МАБ
Чек аралар:
1. Темир жол боюнча Ч. Валиханов көчөсүнөн «Учкун-2» конушуна чейин Ысык-Ата районунун чек арасы боюнча.
2. Темир жолдон түштүктү көздөй «Анар-Бак» конушуна чейин, «Анар-Бак» конушунун чек арасы боюнча «Покровский» каналы боюнча Түштүк Чоӊ Чүй каналына чейин, Ысык-Ата районунун чек арасы боюнча.
3. Түштүк Чоӊ Чүй каналы боюнча «Покровский» каналынан Ийгилик көчөсүнө чейин.
4. Ийгилик жана Ауэзов көчөлөрү боюнча Түштүк Чоӊ Чүй каналынан Чыгыш Чоӊ Чүй каналына чейин.
5. Чыгыш Чоӊ Чүй каналы боюнча Ауэзов көчөсүнөн Ч. Валиханов көчөсүнө чейин.
6. Ч. Валиханов көчөсү боюнча Чыгыш Чоӊ Чүй каналынан темир жолго чейин.
32
№ 407 МАБ
Чек аралар:
1. Түштүк Чоӊ Чүй каналы боюнча 7-апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин.
2. Достоевский көчөсү боюнча Түштүк Чоӊ Чүй каналынан Чыгыш Чоӊ Чүй каналына чейин.
3. Чыгыш Чоӊ Чүй каналы боюнча Достоевский көчөсүнөн Алтын-Ордо-1 көчөсүнө чейин.
4. Алтын-Ордо-1 көчөсү боюнча Чыгыш Чоӊ Чүй каналынан «Алтын-Ордо» конушунун түштүк тарабына чейин.
5. «Алтын-Ордо» жана «Полиция шаарчасы» конуштарынын түштүк тарабы Алтын-Ордо-1 көчөсүнөн Кадырбай Ата көчөсүнө чейин.
6. Кадырбай Ата көчөсү боюнча «Полиция шаарчасы» конушунун түштүк тарабынан Чыгыш Чоӊ Чүй каналына чейин.
7. Чыгыш Чоӊ Чүй каналы боюнча Кадырбай Ата көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин.
8. Ауэзов жана Ийгилик көчөлөрү боюнча Чыгыш Чоӊ Чүй каналынан Түштүк Чоӊ Чүй каналына чейин.
9. Түштүк Чоӊ Чүй каналы боюнча Ийгилик көчөсүнөн «Покровский» каналына чейин.
10. «Покровский» каналы боюнча Түштүк Чоӊ Чүй каналынан Полевая көчөсүнө чейин, Ысык-Ата районунун чек арасы боюнча.
11. Полевая көчөсүнөн түштүктү көздөй Тоо-Жели дачасына чейин.
12. Тоо-Жели дачасынан Т. Айдарбеков көчөсүнө чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча.
13. Т. Айдарбеков көчөсү боюнча Маликов көчөсүнө чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча түндүктү көздөй.
14. Маликов көчөсү боюнча Приборист дачасына чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча батышты көздөй.
15. Приборист дачасынан Майрам көчөсүнө чейин, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча түндүктү көздөй.
16. Майрам көчөсү боюнча биринчи бурулуштан Карагул Акмат көчөсүнө чейин.
17. Карагул Акмат жана 7-Апрель көчөлөрү боюнча Майрам көчөсүнөн Түштүк Чоӊ Чүй каналына чейин.
Бишкек шаарынын Ленин
администрациялык районунун башчысы Ж.Т. Шакиев
Бишкек шаарынын Биринчи май
администрациялык районунун башчысы Сарылбек уулу У.
Бишкек шаарынын Свердлов администрациялык районунун башчысы К.А. Адиев
Бишкек шаарынын Октябрь
администрациялык районунун башчысы Ж.А. Орозалиев
«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин райондук архитекторлор бөлүмүнүн № 3 секторунун
башкы адиси (Ленин району) Р.И. Жусубалиев
«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин райондук архитекторлор бөлүмүнүн № 4 секторунун башкы адиси (Биринчи май району) У.Х. Маматов
«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин райондук архитекторлор бөлүмүнүн № 2 секторунун башкы адиси (Свердлов району) Рахатбек уулу Э.
«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин райондук архитекторлор бөлүмүнүн № 1 секторунун башкы адиси (Октябрь району) Мирбек уулу И.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Бишкек шаардык кенешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы №286 "Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан тейленүүчү аймактардын чектерин бекитүү…Постановление · 20.12.2011 · № 286 · Күчүн жоготкон