1-берене
Күчүндө · 08.07.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 96-статьянын 3-пунктунда:
а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө сот актысы каттоочу орган тарабынан ишти токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.";
б) төртүнчү абзацта "соттун чечими" деген сөздөр "сот актысы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. Уюштуруучулардын (катышуучулардын) бири каза болгон учурда же жок болгон учурда юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) бири юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу. Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) биринин сотко кайрылуу тартиби жана негиздери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 98-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында "эки айдан" деген сөздөр "бир айдан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 08.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029477/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>