# 99-берене. Суу фондунун жерлерин убактылуу пайдаланууга берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 99-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-99

---

1. Суу фондунун жерлери жеке жана юридикалык жактарга жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен төмөнкүдөй мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн:

1) айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыктары, байланыш курулмаларын капиталдык эмес курууну тейлөө жана рекреациялык иш-чараларды жүргүзүү жана башка максаттар үчүн объекттерди жайгаштыруу үчүн 10 жылга чейин;

2) гидроэлектр станцияларды, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу, электр берүү линияларынын таянычтарын орнотуу үчүн 50 жылга чейин.

2. Суу фондунун жерлерин убактылуу пайдаланууга берүүнүн өзгөчөлүктөрү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Мөңгүлөр менчикке жана пайдаланууга берилбейт.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-100)
