# 97-берене. Суу фондунун жерлерин пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 97-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-97

---

1. Суу фондунун жерлери калктын ичүүчү, турмуш-тиричилик, ден соолукту чыңдоо, транспорттук жана башка керектөөлөрүн канааттандырууну камсыз кылуучу курулмаларды жана рекреация объекттерин куруу жана эксплуатациялоо үчүн, ошондой эле суу чарба, айыл чарба, жаратылышты коргоо, балык чарба, энергетика, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу максаттарында пайдаланылышы мүмкүн.

2. Суу фондунун жерлерине карата санитардык талаптарды сактоо менен байланыш курулмаларын орнотуу үчүн 36 м2 ашпаган өлчөмдөгү жер тилкелерин пайдаланууга жол берилет.

3. Суу фондунун жерлерин пайдалануу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-98)
