# 95-берене. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 95-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-95

---

1. Мамлекеттик токой фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жеке жана юридикалык жактарына мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет жана алар тарабынан ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда пайдаланылат.

2. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин байланыш курулмаларын, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин, электр берүү линияларын, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда туристтик индустрияны куруу жана/же орнотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берүүгө жол берилет.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-96)
