# 94-берене. Мамлекеттик токой фондунун жерлери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 94-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-94

---

1. Токой чарбасынын муктаждыктары үчүн берилген, мамлекеттик менчикте турган бардык токойлор жана жерлер мамлекеттик токой фондун түзөт.

Мамлекеттик токой фондунун жерлерине токой чарбасынын муктаждыктары үчүн арналган токойлуу жана токойсуз жерлер кирет.

2. Токойлуу жерлерге токой каптаган жана токой каптабаган жерлер кирет.

Токой каптаган жерлер - жасалма жана табигый өскөн токойлор ээлеген жерлер. Токой каптабаган жерлер - жыш эмес токой өсүмдүктөрү, токой питомниктери, кыйылган, өрт чалган, сейрек дарактуу, ачык, бош жаткан жерлер.

3. Токойсуз жерлерге токойлор менен бирге жаратылыш комплексин түзүүчү айыл чарба жана башка жерлер, ошондой эле чарбалык ишке байланыштуу объекттерди курууда токойлору бузулган жерлер (жолдор, өрткө каршы ажырымдар, электр берүүчү линияларынын трассалары жана түтүк өткөргүчтөр) кирет.

4. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин жер фондунун башка категориядагы жерлеринен бөлүп турган чектери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-95)
