94-берене. Мамлекеттик токой фондунун жерлери
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы · 15-глава
1. Токой чарбасынын муктаждыктары үчүн берилген, мамлекеттик менчикте турган бардык токойлор жана жерлер мамлекеттик токой фондун түзөт.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерине токой чарбасынын муктаждыктары үчүн арналган токойлуу жана токойсуз жерлер кирет.
2. Токойлуу жерлерге токой каптаган жана токой каптабаган жерлер кирет.
Токой каптаган жерлер - жасалма жана табигый өскөн токойлор ээлеген жерлер. Токой каптабаган жерлер - жыш эмес токой өсүмдүктөрү, токой питомниктери, кыйылган, өрт чалган, сейрек дарактуу, ачык, бош жаткан жерлер.
3. Токойсуз жерлерге токойлор менен бирге жаратылыш комплексин түзүүчү айыл чарба жана башка жерлер, ошондой эле чарбалык ишке байланыштуу объекттерди курууда токойлору бузулган жерлер (жолдор, өрткө каршы ажырымдар, электр берүүчү линияларынын трассалары жана түтүк өткөргүчтөр) кирет.
4. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин жер фондунун башка категориядагы жерлеринен бөлүп турган чектери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
94-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029465/st-94" title="94-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>