# 92-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарынын жерлеринин курамы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 92-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-92

---

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактарынын жерлерине белгиленген категориядагы тиешелүү объекттердин (мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик биосфералык коруктардын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын, ботаникалык бакчалардын, мамлекеттик комплекстүү корукчалардын, мамлекеттик жаратылыш жана археология эстеликтеринин, трансчек аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөрдүн жана кар күрткүлөрүнүн, микрокоруктардын, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, геопарктардын жана биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөктүү зоналарынын) жерлери кирет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлердин курамына экологиялык, жаратылышты коргоочу, илимий, тарыхый-маданий, рекреациялык жана археологиялык жагынан өзгөчө мааниси бар жаратылыш комплекстери жана объекттери бар жер тилкелери кириши мүмкүн.

Белгиленген категорияларды кошпогондо, рекреациялык жана дарылоо-ден соолукту чыңдоо багытындагы объекттер өз алдынча өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары катары уюштурулушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-93)
