# 91-берене. Коргоо жана улуттук коопсуздук муктаждыктары үчүн жерлер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 91-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-91

---

1. Коргоо жана улуттук коопсуздук муктаждыктары үчүн жерлер деп аскердик бөлүктөрдү, аскердик полигондорду, ошондой эле белгиленген тыюу салынган зоналардын жана тыюу салынган райондордун чектеринде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлердин жана аскердик түзүмдөрүнүн арсеналдарын, базаларын жана кампаларын жана аларга жанаша жайгашкан аймактарды, Кыргыз Республикасынын аскердик окуу жайларын, атайын (аскердик) окуу жайларын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башка уюмдарын, башка аскерлерди жана аскердик түзүлүштөрдү, коргоо жана улуттук коопсуздук жаатындагы милдеттерди аткаруучу Кыргыз Республикасынын атайын мамлекеттик органдарын, алардын объекттерин жана курулмаларын жайгаштыруу жана туруктуу иштөөсү үчүн берилген жер тилкелери таанылат.

Коргонуу жана улуттук коопсуздук муктаждыктары үчүн жер тилкелерин берүү жана алып коюу коргонуу, коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Коргоо жана улуттук коопсуздук муктаждыктарына байланышкан машыгууларды жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн жерлерди убактылуу пайдалануу зарыл болгондо жер тилкелеринин менчик ээлеринен жана жерди пайдалануучулардан жер тилкелери алынбайт.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну камсыз кылуу максатында инженердик-техникалык курулмаларды жана тосмолорду, чек ара белгилерин, чек ара өтмөктөрүн, коммуникацияларын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын жайгаштыруу жана карап күтүү үчүн жер тилкелери бөлүнөт.

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-92)
