# 90-берене. Байланыштын жана энергетиканын жерлери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 90-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-90

---

1. Которуусуз (трансформациялоосуз) берилген жерлерди кошпогондо, байланыш жерлерине байланыш, радиоуктуруу, телекөрсөтүү, информатика курулмаларын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жерлер кирет.

Байланыш курулмалары үчүн курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, байланыш линияларын коргоо эрежелеринин жана башка ченемдик техникалык документтердин негизинде коргоо зоналары белгилениши мүмкүн, аларга карата Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү пайдалануунун башка режими колдонулат.

2. Которуусуз (трансформациялоосуз) берилген жерлерди кошпогондо, энергетика жерлерине төмөнкүлөр үчүн бөлүнгөн жер тилкелери кирет:

1) гидроэлектр станцияларын, атомдук станцияларды, жылуулук станцияларын жана башка электр станцияларын, аларды тейлөөчү курулмаларды жана объекттерди, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу;

2) электр берүүчү аба линияларынын таянычтарын, электр берүүчү кабелдик линиялардын жер үстүндөгү курулмаларын, көмөкчү чордондорду, бөлүштүрүүчү пункттарды, энергетиканын башка курулмаларын жана объекттерин жайгаштыруу.

Калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана энергетика объекттерин эксплуатациялоо шарттарын түзүү үчүн электр энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген электр жана жылуулук тармактарынын объекттеринин коргоо зоналарын белгилөө эрежелерине ылайык электр жана жылуулук тармактарынын коргоо зоналары белгиленет.

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-89)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-91)
