# 9-берене. Жер пайдалануучулар тарабынан жер тилкесин пайдалануу мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 9-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-9

---

1. Жер тилкесин пайдалануу мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) болушу мүмкүн.

2. Жер тилкесин мөөнөттүү (убактылуу), анын ичинде ижара келишиминин шарттарында пайдалануу жерди 50 жылга чейинки чектелген мөөнөттө пайдалануу деп таанылат.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер тилкесин пайдалануу мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн.

3. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан айыл чарба багытындагы жерлери, кайрак айдоо жана көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерлерди, үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарба, илимий-изилдөө, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдери үчүн 20 жылга мөөнөткө берилүүчү жерлерди кошпогондо, 5 жылга ижарага берилет.

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер тилкелери субижарага берилиши мүмкүн эмес. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ижарага берилет. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан жер тилкесин пайдалануу мөөнөттөрү келишимдик милдеттенмелер аткарылган жана ижара акысынын суммасы инфляцияны эске алуу менен кайра каралган шартта ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин узартылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-10)
