# 84-берене. Калктуу конуштардын жерлерин зоналарга бөлүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 84-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-84

---

1. Зоналарга бөлүү - калктуу конуштардын жерлеринин аймагын пайдалануунун функциялык жана укуктук режимин белгилөө менен зоналарга бөлүү.

2. Калктуу конуштун аймагын функциялык зоналарга бөлүү аймактарды пайдалануунун келечектүү (негизги) түрлөрүн жана шаар куруу чектөөлөрүн белгилөө үчүн шаар куруу документтеринде көрсөтүлөт.

3. Калктуу конуштун аймагын укуктук зонага бөлүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан административдик аймактын чектеринде жер пайдалануу жана куруу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолу менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-85)
