Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
82-берене. Калктуу конуштардын жерлеринин курамы жана аларды пайдалануу
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы · 12-глава
1. Калктуу конуштун (шаардын, айылдын) чегиндеги бардык жерлер калктуу конуштардын жерине кирет.
Калктуу конуштардын жерлеринин аймагында башка тиешелүү категориядагы жерлер бар болушу мүмкүн.
2. Калктуу конуштардын жерлери башкы планга, шаар куруу документтерине, укуктук зоналаштырууга жана жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерине ылайык пайдаланылат.
Калктуу конуштардын башкы пландары өнөр жай, турак жай жана башка курулуш, калк эс алуучу жерлерди жакшыртуу жана жайгаштыруу үчүн калктуу конуштардын жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт. Жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде иштелип чыгат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жер тилкелерин пайдалануунун эрежелерин аныктайт.
3. Калктуу конуштардын чектеринде курулуш куруу үчүн жер тилкелерине болгон укуктарды берүү жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелеринин жана бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде жүргүзүлөт.
Калктуу конуштарда менчикке же пайдаланууга берилүүчү жер тилкелерин тандоону жана тиешелүү документтерди даярдоону архитектура жана курулуш органдары жүзөгө ашырат.
4. Курулуш куруу үчүн убактылуу пайдаланылбаган калктуу конуштардын жерлери жеңилдетилген типтеги объекттерди (чатырларды, күркөлөрдү, жарнамалык курулмаларды жана башка капиталдык эмес объекттерди, автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды) куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.
5. Мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучуда турган, субижарага берилиши мүмкүн болбогон жер тилкелерин кошпогондо, убактылуу пайдаланууга берилген калктуу конуштардын жерлер ушул жерлердин максаттуу багытына ылайык пайдалануу үчүн гана субижарага берилиши мүмкүн. Мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучуда турган объекттерди кошпогондо, жер тилкелеринде жайгашкан жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган объекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарага жана субижарага берилиши мүмкүн.
6. Калктуу конуштардын жерлеринин максаттуу багыты шаар куруу документтеринин негизинде иштелип чыккан архитектуранын жергиликтүү органдарынын шаар куруу корутундусунун негизинде өзгөрүшү мүмкүн.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029465/st-82" title="82-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>