# 81-берене. Узак мөөнөттүү пайдалануудагы жайыт жерлерин бөлүштүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 81-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-81

---

1. Узак мөөнөттүү пайдалануудагы жайыт жерлери жайыттарды башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Министрлер Кабинети аныктаган тартипте бөлүштүрүлөт.

2. Узак мөөнөттүү пайдалануудагы жайыттарды пайдалануу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планга жана жайыт билетинин негизинде жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым ушул жерлерди пайдалануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт. Каражаттар жайыт жерлерин пайдалануу укугун алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетине келип түшөт жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планына ылайык жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн жакшыртууга жана өнүктүрүүгө бөлүштүрүлөт.

4. Узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жер тилкеси эсептик катталган жери боюнча төлөнөт.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-82)
