# 8-берене. Чет өлкөлүк жактардын жер тилкесине болгон укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 8-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-8

---

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, жерлерди чет өлкөлүк жактарга менчикке берүүгө жана өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

Айыл чарба багытындагы жер тилкесинин чет өлкөлүк жакка универсалдуу укук мурастоо тартибинде өтүшү ушул Кодекстин 39-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган кесепеттерге алып келет.

2. Калктуу конуштун чегиндеги жер тилкелери чет өлкөлүк жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берилиши жана өткөрүп берилиши (ээликтен ажыратылышы) же менчик укугу пайда болгон учурдан тартып 2 жылдын ичинде жер тилкесин кийин ээликтен ажыратуу милдеттенмеси менен ипотекалык насыя боюнча өндүрүп алуу учурунда күрөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте менчикке өткөрүп берилиши мүмкүн.

3. Чет өлкөлүк жактарга калктуу конуштардан тышкары жер тилкелери, айыл чарба жерлерин жана жер казынасын пайдалануу үчүн берилүүчү жерлерди кошпогондо, Министрлер Кабинети тарабынан мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берилиши мүмкүн. Калган учурларда калктуу конуштардан тышкары жерлер чет өлкөлүк жактарга универсалдуу укук мурастоо тартибинде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет, өткөрүлүп берилет, өтөт.

Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилүүчү улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлор чет өлкөлүк жактар тарабынан ишке ашырылган учурда жер тилкеси чет өлкөлүк жактарга 50 жылга чейинки мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда, талаптагыдай максаттуу пайдаланганда кийин мөөнөтүн узартуу менен берилиши мүмкүн. Чет өлкөлүк жактарга жер казынасын пайдалануу үчүн жерлер жер казынасын пайдалануучулар - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн берилген эле тартипте мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.

4. Кайрылмандарды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин курууну, темир жолду жана анын инфратүзүмүн курууну кошпогондо, чет өлкөлүк жактарга чек арага чектеш аймактарда жайгашкан жер тилкелери мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берилиши мүмкүн эмес.

5. Жер тилкесин өндүрүп алууда чет өлкөлүк банктардын жана адистештирилген финансы-насыялык мекемелеринин менчигине өткөрүлүп берилген айыл чарба багытындагы жерлер менчик укугу пайда болгон учурдан тартып 2 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте аталган субъекттер тарабынан ээликтен ажыратылууга тийиш.

Жер тилкеси менчик ээси (чет өлкөлүк банк же адистештирилген финансы-насыялык мекеме) тарабынан ээликтен ажыратылбаган учурларда, 2 жыл өткөндөн кийин менчик укугу токтотулат жана мамлекеттик менчикке өтөт.

6. Имарат жана/же курулма Кыргыз Республикасынын жеке же юридикалык жактарынан чет өлкөлүк жакка же жарандыгы жок адамга өткөн учурда, жер тилкеси экинчиге (чет өлкөлүк жакка же жарандыгы жок адамга) кийин узартуу менен 50 жылга чейинки мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өтөт. Андан ары имаратка жана/же курулмага болгон менчик укугу чет өлкөлүк жактан же жарандыгы жок адамдан Кыргыз Республикасынын жаранына же Кыргыз Республикасынын юридикалык жагына өткөндө жер тилкесине болгон жеке менчик укугун мамлекеттик каттоо жүзөгө ашырылат.

7. Ушул беренеде чет өлкөлүк жактар үчүн каралган чектөөлөр сервитут белгиленген учурларга жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-9)
