# 77-берене. Айыл чарба багытындагы жерлердин күрөөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 77-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-77

---

1. Айыл чарба багытындагы жер тилкелери күрөө объекти болушу мүмкүн.

Айыл чарба багытындагы жер тилкелерине болгон күрөө укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын алган банктарга жана адистештирилген финансы-насыялык мекемелерге гана берилет. Банктар жана адистештирилген финансы-насыялык мекемелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөө предметине өндүрүүнү жүргүзүү укугуна ээ.

2. Менчик укугу банктарга жана адистештирилген финансы-насыялык мекемелерге өткөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери ушул Кодекстин 76-беренесинде көрсөтүлгөн жактарга ачык тооруктарды өткөрүү жолу менен берилет.

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-78)
