Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
73-берене. Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы · 11-глава
1. Айыл чарба багытындагы жерлер жеке жана юридикалык жактар тарабынан үрөнчүлүк, асыл тукум, товардык айыл чарба өндүрүшүн, коргоочу токой өстүрүү, багбанчылык, чарбакчылык, күнөскана же парник өндүрүшү, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн, ошондой эле айыл чарба өндүрүшү менен байланышкан башка максаттар үчүн пайдаланылат.
2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери төмөнкүлөр үчүн пайдаланылат:
1) ачык жана айкын тооруктардын негизинде айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жана чарбакер субъекттерге ижарага берүү үчүн;
2) үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба-селекциялык, эксперименттик чарбалардын жана мамлекеттик сорт сыноочу мекемелердин, ошондой эле айыл чарба кооперативдеринин иштеши үчүн;
3) аларды өнүктүрүүнүн бекитилген башкы пландарына ылайык калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү үчүн;
4) Министрлер Кабинетинин чечими боюнча коомдук жана мамлекеттик муктаждыктарды канааттандыруу үчүн.
3. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин, ошондой эле жайыт жерлерин башкаруу, алардын түрлөрүн аныктоо, жайыт жерлердин абалына баа берүү боюнча саясатты иштеп чыгат.
4. Мамлекеттик жана коомдук (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен байланышкан транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, аянты 5 гектарга чейинки айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү бөлүнбөс болуп саналат.
Мамлекеттик жана коомдук (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен байланышкан транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, аянты 5 гектардан ашкан айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү, 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана өз алдынча жер тилкелерге бөлүнүшү мүмкүн. Мында мамлекеттик жана коомдук (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен байланышкан транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, өз алдынча бөлүнүүчү жер тилкелердин өлчөмдөрү 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029465/st-73" title="73-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>