# 64-берене. Табигый кырсыктын натыйжасында андан ары пайдалануу мүмкүн болбогондо жер тилкесине болгон укуктун токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 64-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-64

---

1. Эгерде табигый кырсыктын же өзгөчө кырдаалдын натыйжасында тынчтык жана согуш мезгилинде турак үйү бар короо-жай тилкесин же берилген короо-жай тилкеси андан ары пайдаланууга мүмкүн болбосо, пайдаланууга жараксыз деп таанылган жер тилкесинин өлчөмүнө карабастан, ошол калктуу конуш үчүн белгиленген ченемдер боюнча башка короо-жай тилкеси акысыз берилет.

2. Табигый кырсыктын натыйжасында андан ары пайдалануу мүмкүн болбогон короо-жай тилкесине болгон укукту токтотуу жөнүндө чечим аны берген орган тарабынан соттон тышкары тартипте кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-65)
