# 62-берене. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 62-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-62

---

1. Мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген долбоорлоо-изилдөө иштерин жүзөгө ашыруучу адам алынган уруксатка ылайык жеңилдетилген типтеги курулмаларды жана курулуштарды курууга, изилдөөлөрдүн муктаждыктары үчүн жер тилкесин пайдаланууга укуктуу.

2. Мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген долбоорлоо-изилдөө иштерин жүзөгө ашыруучу адам өз эсебинен жер тилкелерин мүмкүн болушунча алгачкы абалына келтирүүгө, ал эми мүмкүн болбогон учурда жер тилкесинин менчик ээсине же жерди пайдалануучуга жер тилкесинин наркынын төмөндөшүнөн пайда болгон чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

3. Мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген жер тилкесинин менчик ээсинин же жер пайдалануучунун бул жерлерди пайдалануусун толук же жарым-жартылай чектеген долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзгөн адам ал келтирген зыяндын ордун, анын ичинде алынбай калган пайданы жана жер үчүн акыны толугу менен толтурат.

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-63)
