# 61-берене. Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу үчүн жер тилкелерин пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 61-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-61

---

1. Мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген адам ыйгарым укуктуу органдын уруксатынын жана жер тилкесинин менчик ээси же жерди пайдалануучу менен келишимдин негизинде жер тилкесин алып койбостон геологиялык-чалгындоо, издөө, топографиялык-геодезиялык, кыртыштык, археологиялык, илимий-изилдөө жана башка долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн анын максаттуу багытына карабастан жер тилкесине жетүүгө укуктуу.

2. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү, пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо үчүн жер тилкесин ээлөөгө уруксат ушул Кодекстин 17-24-беренелеринде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу орган тарабынан техникалык долбоордо аныкталган жана лицензиялык макулдашууда белгиленген чектерде жана мөөнөттөрдө берилет.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-62)
