# 58-берене. Мажбурлоо сервитутун белгилөө менен байланышкан зыяндардын ордун толтуруу. Мажбурлоо сервитуту үчүн акы төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-47/edition/34746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029465/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, 58-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-58

---

1. Мажбурлоо сервитутун белгилөө менен жер тилкесинин менчик ээсине же жерди пайдалануучуга келтирилген зыяндын орду кызыкчылыктары үчүн сервитут белгиленип жаткан адам тарабынан толтурулууга тийиш.

2. Чыгашалардын өлчөмү ыйгарым укуктуу орган тарабынан, ал эми жер тилкесинин менчик ээси же жер пайдалануучу макул болбогон учурда - сот органы тарабынан аныкталат.

3. Жер тилкесинин менчик ээси же жер тилкесине болгон мажбурлоо сервитуту белгиленген жер пайдалануучу зыяндардын ордун толтуруунун ордуна кызыкчылыктары үчүн сервитут белгиленген менчик ээсинен же жер пайдалануучудан бирдей акы талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029465/st-59)
